Суроо: Кээ бир адамдар: «Соода – бул үчкө алган
нерсени бешке сатуу. Бул динге да анча туура келбейт», - дешет. Соода менен
шугулдануу, соодагер болуу жакшы эмеспи?
	
ЖООП
	
Динибизде соода дагы, чынчыл соодагер дагы
макталган. Бир нече хадиси шарифтин мааниси мындай:
	
«Береке соодада». [Абу Давуд]
	
«Ырыскынын тогузу соодада, бирөө болсо
малчылыкта.» [Ибни
Саад]
		
«Жаннатта соода болгондо
мануфактурачылыкты буйрук кылмакмын, себеби, Абу Бакр мануфактурачы эле.» [Дайлами]
		
«Эң жакшы табыш – кол эмгеги менен
табылган табыш. Соода дагы жактырылган.» [Хаким]
		
«Чынчыл соодагер Пайгамбарлар, сыддыктар
жана шейиттер менен бирге.» [Тирмизи]
		
«Чынчыл соодагер Кыямат күнү Арштын
көлөкөсүндө болот.» [Дайлами]
		
«Чынчыл соодагер Жаннаттын эч бир эшигинде
күттүрүлбөйт.» [И.Нажжар]
		
«Эң ылайык табыш мына ушул соодагердики –
соодада жалган сүйлөбөйт, сөзүнөн кайтпайт, сатып жатканда товарын мактабайт,
алып жатканда да [арзанга
алыш үчүн] жамандабайт.» [Дайлами]
	
«Коркок соодагер куру калат, өткүр
соодагер ырыскыга жетет.» [Кудаи]
	
«Бул үч адам башка бир коргоо болбогон
Кыямат күнү Аллахтын коргоосунда болот:
	
1-Ишеничтүү соодагер,
	
2-Адилеттүү башкаруучу,
	
3-Намаз окуу үчүн убакыттын кирүүсүн
калтыроо менен күткөн адам.» [Хаким, Дайлами]