Мурас


Суроо: Мурас бөлүштүрүлбөстөн үлүшүн белек кылуу жаизби?

ЖООП: Көлөм жана салмак менен өлчөнгөн орток мал-оокатты өлчөбөстөн белек кылуу пайыз болот. Үй, жер, кездеме, үй буюму сыяктуу нерсе болсо белек кылууга болот.

Суроо: Мурас акчасын 3 бир тууган бөлүшпөстөн карызга берсе жаизби?

ЖООП: Үчөөнүн тең ыраазылыгы менен жаиз.

Суроо: Атамдын пенсия айлыгында эркек бир тууганымдын да акысы барбы?

ЖООП: Мурас болбогондуктан акысы жок.

Суроо: Атам көзү тирүү кезде: «Мына бул жерди бир тууганың Асанга бердим»,  - деген. Асан муну укпады. Бул белеги сахих болобу?

ЖООП: Кабар жетип барганда белек орундалган болот.

Суроо: Досум талаамды акысыз эк айда деди. Айдадым. Досум кайтыш болду. Мурасчылары менден акы талап кылышууда, беришим керекпи?

ЖООП: Ооба, себеби, досуң тирүү кезде буга укугу бар эле. Азыр болсо талаа анын мурасчыларыныкы болгондуктан алар менен келишүү керек.

Суроо: Мураскердин арам мал-оокат экендигин билип туруп мурасты алуусу жаиз болобу?

ЖООП: Ооба, жаиз болот.

Суроо: Төрөлгөндөн кийин дароо өлгөн баланын мурасы кантип орундалат?

ЖООП: Бала өлгөн тууганына мураскер болот. Бала өлгөндө артында калган мал-оокат мураскерлерине бөлүштүрүлөт.

Мусулман эмес баланын акысы

Суроо: Германияда жашайбыз. Бир уулум менен эки кызым бар. Уулум динсиз ыймансыз атеист болуп кетти. Кызым дагы бир нече жыл мурда Христиан бирөөгө турмушка чыкты. Мусулман эмес киши менен үйлөнгөн мусулман кыз динден чыгып муртад боло тургандыгын айтып түшүндүрө албадык. Күйөөм ошондон улам эки баласын тең балалыктан кечкен эле. Азыр болсо күйөөм кайтыш болду. Бул эки баланын динибиз боюнча мурас алуу акылары барбы?

ЖООП: Там Илмихал китебинде мындай делген:

Мусулман баласы болуп туруп адал, арам, парз, мисалы, намазга, гусулга маани бербеген, орозо кармагысы келбеген, күнөө кылганда өкүнбөгөн адам муртад болот, мусулмандан мурас ала албайт. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Мусулман капырга, капыр болсо мусулманга мурасчы боло албайт.» (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи)

Нух алейхиссалам: «Йа, Рабби, менин үй-бүлөмөн болгондорду куткармакчы элең. Уулум сууда чөгүп өлдү», - деди. Аллаху таала: «Эй, Нух, ал уулуң кылган жаман ишинен улам сенин үй-бүлөңөн болуп саналбайт», - деп буюрду. (Худ 46)

Көрүнүп тургандай бир мусулман кишинин динсиз, ыймансыз уулу анын үй-бүлөсүнөн болуп эсептелбейт. Үй-бүлөдөн деп эсептелбегендиктен мурас да ага түшпөйт.

Мал-оокатынын баарын осуят кылуу

Суроо: Бир киши өлүүдөн мурда мал-оокатынын толугун каалаган бирине бере алабы же толугун мурасчыларынын бирине берилүүсүн осуят кыла алабы?

ЖООП: Тирүү кезде мал-оокатынын баарын тең каалаган бирине белек кыла алат, бирок, салих балдарынын арасында бөлүүчүлүк кылбоосу керек. Мал-оокатынын баарын тең мурасчыларынын бирине же башка бирөөнө осуят кылса осуят кылган кишиге үчтө бири гана берилет.

Мурасчысы жок кишинин осуяты

Суроо: Мал-оокатымды осуят кылып калтыра турчу эч бир мурасчым жок. Мал-оокатымдын канчада канчасын осуят кыла алам?

ЖООП: Мурасчысы жок киши мал-оокатынын бардыгын тең осуят кыла алат. Мурасчысы бар болсо үчтө биринен артыгын осуят кыла албайт. Осуят кылса да үчтө биринен артыгын берүүгө болбойт.

Айлык акы жана мурас

Суроо: Өлгөн атамдын пенсиясын апам менен кыз бир тууганым алып жатышат. Мен дагы анын уулу катары мурасчысымын. Бул пенсияны мен дагы бөлүшүүм керек эмеспи?

ЖООП: Пенсиясы мурас мал-оокаты болбогондуктан кимдерге берилип жаткан болсо ошолор гана алат.

Өлгөн кишинин кийим-кечеси

Суроо: «Өлгөн кишинин кийим-кечеси үйдө калбайт» дешет. Өлгөн кишинин кийимдерин кедейлерге бериш керекпи, кээ бирлерин эстелик катары сактап койсо жаиз болбойбу?

ЖООП: Өлгөн кишинин кийимдери мурасчыларыныкы болот. Мурасчылары бөлүшкөндөн кийин каалагандай колдонушат же башка бирөөнө бере алышат. Үй, жер, кийим сыяктуу бөлүнбөй турчу мал-оокаттарды белек кылуу жана адалдашуу аркылуу бөлүшүүгө болот.

Мирий жерлер

Суроо: Илгери ата кайтыш болгондо мирий (мамлекетке тийиштүү) жерлердин актысы балдарга кыз эркек деп айырмаланбастан тең берилчү беле?

ЖООП: Илгери мирий жерлерге тийиштүү актынын балдарга өткөрүлүүсү мурас эмес мамлекеттин ихсаны (берген жакшылыгы) болчу. Мурасчыга мүлк болчу эмес. Ижара менен берилген болчу эле. Актынын ээси өлгөндө жер эркек жана кыз балдарына тең бөлүнүп берилчү. Азыр болсо мирий жер калбагандыктан жана ар кимдин жеке мүлкү болгондуктан мурас өкүмдөрүнө карай бөлүштүрүлөт.

Мурас эсептери

Суроо: Динибизге карата кылынган мурас эсептеринде колубузда бир эсеп өлчөмү болуусу үчүн жөнөкөй бир мисал бере аласызбы?

ЖООП: Сайтыбызда линктер деген бөлүмдө мурас программасы бар. Ошол программа менен жеңил эсептеп алууга болот.

Өлгөн кишинин мурасчылары катары төмөндөгүлөр калса мурас үлүштөрү мындайча болот:

1 кыз 1 уул = Кыз 1/3, эркек 2/3 үлүш алат.

1 кыз 2 уул = Kыз 1/5, эркектердин ар бири 2/5 үлүш алат.

2 кыз 2 уул = Kыздардын ар бири 1/6, эркектердин ар бири 2/6 үлүш алат.

2 кыз 1 уул = Kыздардын ар бири 1/4, эркек болсо 2/4 алат.

3 кыз 1 уул = Kыздардын ар бири 1/5, эркек болсо  2/5 үлүш алат.

1 кыз 3 уул = Kыз 1/7, эркектердин ар бири 2/7 үлүш алат.

3 кыз 3 уул = Кыздардын ар бири 1/9, эркектердин ар бири 2/9 үлүш алат.

Программада башка мурасчылар болгондо кандай болот баары жазылган.

Мурас мал-оокатын жесе

Суроо:Бөлүштүрүлбөстөн мурас мал-оокаттарын мурасчылардын колдонуулары күнөөөбү? Бөлүшпөстөн белек кылып беришишсе жаиз болобу?

ЖООП: Бөлүнүүсү мүмкүн болбогон үй жана үй оокаты сыяктуу мал-оокаттарды белек кылуу менен да бөлүшүүгө болот. Мисалы, мурасчыларынын бардыгынын ыраазылыгы менен мурасчылардан бирине же мурасчы болбогон башка бирөөнө берүүгө болот. Санала турчу, өлчөнө турчу буюмдар жана акчалар бөлүштүрүлө электен мурда белек кылууга болбойт. Мурас бөлүштүрүлбөстөн, өзгөчө бөлүүгө боло турчу мал-оокаттар колдонулбоосу керек же жеп-ичилбөөсү керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш