Ислам дини » Алышуу-беришүү » Аял-күйөөнүн мүлкү




Аял-күйөөнүн мүлкү


Суроо: Биз менен бирдей оокаттуу бир аял бар. Үйүбүздө ун, шекер, май сыяктуу азык зат же бир китеп, бир аспап көрсө кайра алып келем деп карызга сурайт. Кайра алып келип берүү деген мүнөзү да жок. Эгер материалдык жактан мүмкүнчүлүгү жок болсо макул, бербесе мейли дейсиң. Бизден төмөн жагы жок. Күйөөм: «Эмне сураса да эч нерсе бербеш керек!» - дейт. Кошуна акысынан корком. Бербесем күнөө болобу? Кошунанын ар көргөнүн суроосу жана алганын кайра алып келбөөсү күнөө эмеспи? Бул кошуна бир гана бизден эмес башкалардан дагы ушинтип сурайт экен.

ЖООП

Күйөөңүз сиздин мүлкүңүздү, сиз дагы күйөөңүздүн мүлкүн уруксатсыз жумшай албайсыз. Уруксатсыз жумшоо (сарптоо), башка бирөөнө берүү күнөө болот. Кошуна келгенде: «Күйөөм ыраазы эмес. Андан уруксатсыз бир нерсе берсем күнөө болот экен», - десеңиз, ал дагы кайрадан бир нерсе сурай албайт. Тигинден-мындан бир нерсе суроо туура эмес.

Хадиси шарифте мындай деп буюруду:

«Адамдардан бир нерсе сурабагыла, атүгүл бир мисвакты бир жолу колдонуу үчүн болсо да.» [Баззар]

Карызга алып, бирок, мүмкүнчүлүгү болуп туруп кайра кайтарып бербөө же карыздарын төлөбөө күнөө.

Хадиси шарифте мындай деп буюрулду:

«Карызын төлөбөгөндөргө Аллаху таала кыяматта: «Мунун акысын силерде калтыра тургандыгымды ойлодуңарбы?» деп буюруп, ал адамдын жакшы амалдарын алып, беркисине берет. Эгер карызын бербегендин жакшы амалы жок болсо карыз берен адамдын жаман амалдарын, күнөөлөрүн карызы барга жүктөйт.» [Табарани]

Бир адамга зыян берүү, көңүлүн оорутуу жаман. Бирок, кошунага зыян берүү, аны таарынтуу андан да жаман. Хадиси шарифте: «Кошунасынын зыянынан ишенимдүү болбогон адам Аллахка ыйман келтирген болуп саналбайт.» [Баззар] [Б.а., бул адам камил момун эмес.]

Кошуна жаман болсо да ага колдон келген жакшылыкты кылууга аракет кылуу керек!

Суроо: Өз күйөөм өз акчамды жумшоого, зекетимди дагы берүүмө ыраазы эмес. Эмне кылышым керек?

ЖООП

Өз акчаңызды шарифт уруксат берген жерлерге каалаганыңыздай жумшай аласыз. Анын акчасын ал каалабаган жерлерге жумшооңуз туура эмес. Эгер уруксат алган болсоңуз каалаган жериңизге бере аласыз, каалаганыңыздай сарптай аласыз. Уруксатсыз сарптооңуз туура болбойт. Билериктериңиздин зекетин сиз бересиз. Өз акчаңыздан берүүңүз керек. Күйөөңүз белек кылган акча бар болсо андан да бере аласыз. Белек катары алган акча сиздики болуп саналат. Зекет берүүгө күйөөңүз ыраазы болбосо да сөзсүз берүүңүз керек. Андан кабарсыз бересиз. Күйөөнүн ыраазылыгы машру (шарият чегиндеги) иштерде болот. Сиз зекет бергендигиңиз үчүн сизден ыраазы болбосо анын эч бир мааниси жок.

Суроо: Кыз бир тууганыма зекет берсем болобу? Күйөө жана аялдын эсептери өзүнчөбү?

ЖООП

Зекет жана фытраңызды бай эмес болсо кыз бир тууганыңызга же балдарына берүүңүздүн зыяны жок. Динибизге карай эркек менен аялдын мүлкү өзүнчө. Бири-бирине кошулбайт. Сиз бай болуп, күйөөңүз кедей болушу мүмкүн сиз кедей, күйөөңүз бай болушу мүмкүн.

Күйөөңүзгө эмес өзүңүзгө тийиштүү карызыңыз бар болсо колуңузда бар болгон акчаңыздан чыгарасыз. Алтындарыңызды тартып, аласаларыңыз менен бирге кошуп эсептейсиз. Баарынын кыркта бирин алтын менен жээндериңизге бересиз. Үй, дүкөн, машине сыяктуу нерселер зекет нисабына кошулбайт. Башкача айтканда, булардын зекеттери берилбейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш