Келишим


Суроо: Кылынган бир келишим билинбеген бир себеп менен бизге каршы болуп калса, ал келишимди бир тараптуу кылып бузуубузда бир кооп барбы?

ЖООП

Эч ким бир тараптуу түрдө келишимди буза албайт. «Мага каршы болду, ошон үчүн буздум» деп айтуу өтпөйт. Курани каримде мындай мааниде билдирилген:

«Эй, ыйман келтиргендер, келишимдериңерге баш ийгиле!» [Маида 1]

«Аллах келишимдерди бузуудан сактангандарды сүйөт.» [Тооба 7]

Намысын сактагандар, аманаттарына жана келишимдерине бекем болгондор, туура күбөлүк кылгандар, намаздарын окугандар – Жаннатта сый көрө турчулар. (Маариж 29-35) Хадиси шарифте мындай делди: «Сөзүндө турбоо - мунафыктыктын белгиси». [Ибни Нажжар]

Суроо: Сыр-боёкчулук менен алектенем. Бир кардарым: «Уулум дагы дал ушул боёктон менден кабарсыз башка бирөөнөн алып келиптир», - деп, саткан боёкторумду кайра алып келиптир. Буларды кайра алууга мажбурмунбу?

ЖООП

Саткан мал-мүлкүңүздү кайра кайтарып алууга мажбур эмессиз. Бирок, жакшылык кылып кайра алуу өтө жакшы болот. Курани каримде: «Ихсан [жакшылык] кылгандарга рахматым албетте өтө жакын», - делген. (Араф 56)

Имам Газали хазреттери мындай деп буюрган: «Кардар өкүнсө кылынган сатышты бузуу жакшы болот. Себеби, Расулуллах: «Кардар өкүнсө, сатуучу болсо кабыл кылып келишимди бузса, Аллаху таала анын күнөөлөрүн кечирет», - деген.» (К.Саадат)

Суроо: Подрядчик менен үч жылдан кийин үйдү тапшыруусу үчүн келишим кылдык. Кечиккен ар бир күн үчүн белгилүү өлчөмдө кечигүү компенсациясын алууга келишим кылуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Келишимдерде күбөнүн болуусу

Суроо: Диний нике актыларында, карыз алууда, бирөөнү өкүл кылууда жана ушуга окшош келишимдерде күбөнүн болуусу керекпи?

ЖООП

Бул тууралуу Ибни Абидинде нике күбөлөрү жөнүндө түшүндүрүлүп жатып мындай делген: «Бардык актыларда келишимдерде болгондой эле нике үчүн бирөөнү өкүл кылып жатканда да эки күбө болуусу керек эмес. Бирок, ар актыда эки күбөнүн болуусу мустахаб. Нике кылып жатканда болсо шарт, керек. Карыз берүүдө дагы эки күбө важиб делди. Соода, өкүлдүк жана бардык актыларда сенет жазуу шарт эмес болсо да, карыз берүүдө керек, никеде болсо мустахаб. Өкүл кылууда жана никеде күбөлөрдүн жана өкүл кылына турчу кишинин аялды таануулары керек. Жанында болушса жүзүн көрүүлөрү жакшы болот. Башка бөлмөдөн үнүн угушса, аял бөлмөдө жалгыз болсо жаиз болот. Нике кыйылып жатканда вали же өкүл күбөлөр билген аялдын бир гана атын айтат. Күбөлөр тааныбаган аялдын атасынын жана чоң атасынын атын дагы айтуусу керек. Таануу – бул кимдин кызы жана кайсы кызы экендигин билүү дегендик. Жеке өзүн, келбетин билүү дегендик эмес.

Кичине кыздын атасы кызынын никесин кыюу үчүн бир кишиге буюрат. Ал өкүл болгон киши болсо башка бирөөнүн жанында нике кылса, атасы да ошол жерде турган болсо жаиз болот. Себеби, өкүлдүн нике кылуусу атанын ордуна болот. Өз күбө ордуна толтурат. Ата болбосо жаиз болбойт. Чоң, балагатка келген кызын атасы же башка бир өкүлү бир адамдын жанында кызды нике кылса, кыз да бар болсо жаиз болот. Себеби, валинин жана өкүлдүн сөзүн кыз айткан сыяктуу. Вали же өкүл күбө ордуна өтөт. Бир адам бир адамга: «Кызыңды мага аял кылып бердиңби?» - десе, ал болсо: «Ооба» же «Аял кылып бердим», - десе нике болбойт. Биринчи адамдын кайра: «Кабыл кылдым», - деп айтуусу керек. Себеби, биринчи сураган эле. Суроо менен, собол менен өкүл кылынбайт. Эгер «Кызыңды мага аял кылып бер!» дегенде болот эле. Себеби, эмир (буйрук) менен өкүл кылган болот. Бул өкүлдүн жообу эки тараптын атынан айтылган болуп, эки күбө дагы бар болсо нике толук болот. Өкүл кыздын атасынын атын жаңылыш айтса нике сахих болбойт.

Бир адам бир канча адамды бир кызды алуу үчүн жиберсе, араларынан бирөө кыздын атасына айтып, атасы же валиси берсе сахих болот. Себеби, араларынан айткан адам өкүл болуп, калгандары күбө болушкан болот.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш