Ислам дини » Алышуу-беришүү » Камсыздандыруу (Страховка)




Камсыздандыруу (Страховка)


Суроо: Динибизде башкаруу түрлөрүнө карай өзгөргөн өкүмдөр барбы? Мисалы, камсыздандыруу жаизби?

ЖООП

Ибадаттар заманга карай, үрп-адаттарга карай, башкаруу түрүнө карай өзгөрбөйт. Бирок, алышуу-беришүү эрежелеринен заманга карай, үрп-адаттарга карай, башкаруу түрүнө карай өзгөргөндөр болуусу мүмкүн.

Ханафиге карата Исламий системада тыюу салган фасид алыш-бериштер Исламий эмес системада муктаждык абалында жана мусулмандын пайдасына болгон жерлерде жаиз болот. Мусулман пайдалуу чыга турган болсо бул фасид алыш-бериштер кылынса болот. Зыянга учурай турган болсо, кыйынчылык болбосо кылбоосу керек.

Исламий башкаруу болбогон хижраттан мурдагы Мекке доорунда мунун мисалдары бар эле. Мелдешке кирүү харам кезде Расулуллах алейхиссаламдын буйругу менен жүз төөгө мелдешилип, төөлөрдүн мелдешке кирген кишиден алынгандыгын мурдагы жазуубузда (төмөндө) билдирген элек. Камсыздандыруу фасид болгон бир акид болуп саналат. Исламият менен башкарылбаган жерлерде фасид акиддердин жаиз болгондугуна бир канча фыкых китептеринен мисалдарды берген элек.

Камсыздандыруу милдетин кылгандар

Исламий башкарууларда камсыздандырууга муктаждык жок. Исламий системада камсыздандыруунун милдетин орундаган мекемелер бар. Зекет, ушур, вакыфтар, байт-ул-мал булардан бир канчасы.

Исламий системада зекет кедейлердин турмушун, муктаждыктарын коомдун өз мойнуна алуусу, гарантиялоосу дегендик болуп эсептелет. Бир шаардын бир бурчунда бир мусулман ачкалыктан өлсө, шаардагы байлардын биринин аз бир зекет карызы калса ал адамды өлтүргөн киши деп эсептелет.

Зекет мусулмандар арасында камсыздандыруу уюму болуп саналат. Исламият (байт-ул-мал) делген камсыздандырууну адамдардын, ачкөздөрдүн, өз пайдасын ойлогондордун колуна таштаган эмес, мамлекеттин колуна тапшырган. Бул камсыздандыруу башка камсыздандырууларга окшобойт. Кедейлерден акча сурабайт, байлардан алат. Зекет берген байлардын дүнүйөдө мал-оокаты көбөйөт. Акыретте дагы мол сооп берилет. Ислам камсыздандыруусу ар бир кедейге жардам берет. Бир үй-бүлө башчысы өлгөндө кедей үй-бүлөгө айлык жазылып, ар бирин кубантат. Мына Исламият зекет менен ушундай социалдык бир камсыздандыруу курган.

Исламий системада мусулман болсун, мусулман эмес адам болсун бир адам иштей албай турчу жашка келгенде же башына бир иш түшкөндө мамлекет жакындык даражасына карай туугандарын муну кароого мажбурлайт. Баарынан мурда атасы кароого мажбур. Атасы жок болсо же кедей болсо бай болгон жакын туугандары карайт. Эч бир жакын тууганы жок болсо мамлекет муну өз коргоосуна алат. Ага байт-ул-малдан айлык жазат. Кыскасы, бул системада эч ким ортодо, көчөдө калбайт. Ар түркүн шарттарда адам чарасыз, кордукта калбайт.

Бүгүнкү күндө жашоо камсыздандыруулары бир бөлүгүнөн болсо да бул кызматты үстүнө алган. Ден-соолугу жакшы кезде, материалдык абалы мүмкүнчүлүктүү кезде камсыздандырууга кирип камсыздандыруу взносторун төлөгөн адам башына кандайдыр бир иш түшкөндө, жабырлануучу болгондо бул мекемелер ага жардам берүүгө жүгүрүшүүдө.

Азыркы заманда бир мусулмандын, өзгөчө мусулман бир аялдын башына бир иш түшкөндө иш табуусу, тапса дагы бул иштин динине, ишенимине дал келүүсү өтө кыйын. Жашоонун миң бир түрдүү кыйчалыштары болот. Өтмүштө мунун көптөгөн ибреттүү мисалдары бар.

Тадбир жана тобокел

Азыркы заманыбызда да көрүп жатабыз, канчалаган байлар карыганда муктаж абалга тап болушууда. Өз жанын кыйганга да барышууда. Ошондуктан, ар кимдин сөзсүз социалдык камсыздык ишеними болуусу керек. Атүгүл, өз жагдайы мүмкүнчүлүк бергендер бирден көп социалдык жардамдашуу уюмдарына кирүүлөрү келечеги үчүн ишеним, алдын алуу болуп саналат. Бар система мына ушуну талап кылууда. Эч ким өзүн системанын сыртындамын деп кабылдай албайт. Башкача айтканда, «Мен дүнүйөдө эмес космосто жашаймын» дей албайт. Ар системанын эрежелери бир гана ошол системанын ичинде колдонула алат. Бир системада башка бир системанын эрежелерин кылууга кыйнай турган болсо маселе туулат.

Ошондуктан, Исламият өз системасы колдонулбаган жерлердеги мусулмандардын кыйынчылыкка түшпөөлөрү үчүн кээ бир жеңилдиктерди койгон. Мисалы, Исламий системада тыюу салынган кээ бир алыш-бериштер Исламият менен башкарылбаган жерлерде тыюу салынган эмес.

Тадбир алуу (алдын алуу) тобокелге каршы эмес. Себептерге жармашкандан кийин тобокел кылынат. Төөсүн сыртта калтырып тобокел кылгандыгын айткан адамга Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Төөңдү байла, андан кийин Аллахка тобокел кыл», - деп буюрду. (Тирмизи)

Албетте, камсыздандырууга кирүү менен каза тагдыр өзгөрбөйт. Бирок, бир каза тагдырыбызды, башыбызга келе турчу нерселерди билбегендигибиз үчүн биздики болгону алдын тадбир алуу болуп саналат. Тадбир алуу, себептерге жармашуу да динибиздин буйругу. (Радд-ул Мухтар, Дурар, Кудури, Мабсут)

Суроо: Германиядан жазып жатам. Бул жерде лоторея уюштуруу, камсыздандырууну же банкты рекламалоо жаизби?

ЖООП

Жаиз.

Рум сүрөсү нубувваттын 5чи жылы Рим-Перс согушу учурунда түшкөн. Ал кезде ХусравПерс, Геракл болсо Рим өкүмдары эле. Сирия, Палестин, Мысыр жана Анатолия Римдиктердин колунда эле.

Персиялыктар Сирия жана Анатолияга чабуул жасап, Рим императорлугун укмуштуудай жеңилүүгө учуратышып, бүткүл ибадатканаларды кыйратышкан. Перс аскерлери Анатолияны талап-тоноп, Богазичи кысыгына чейин келишкен. Жыйырма миң яхуди, алтымыш миң христиан кылычка чабылган. Чыгыш Рим деген нерсе жок болгон сыяктуу эле.

Римде ички көтөрүлүштөр башталып, аскер күчтөрү ыдырап жана казыналары бошоп калган эле. Перс өкүмдарлары жеңиш мастыгы менен Римдиктерге тынчтык келишим сунушташкан эле.

Рим императору Перстер эмне сурашса баарын бермек. Миң жүк алтын, миң жүк күмүш, миң жүк жибек, миң ат жана миң аял биринчи бериле турчу нерселердин арасында эле.

Геракл намыс жана абырой сындыра турчу бардык бул шаттарды кабыл кылууга мажбур болуп, бул негиздер чегинде келишимге кол кое турчу делегаттарды Хусравга жөнөткөн эле. Бирок, Хусрав буга да алымсынбай: «Жеке Император чынжырлар салынып алдыма келиши керек, отко жана күнгө табынышы керек», - деген эле.

Мушриктер сүйүнүштү

Чыгыш Рим китеп ахли, христиан эле. Перс болсо мажуси, мушрик эле. Согуштун натыйжасы мусулмандарды капа кылган эле, Мекке мушриктерин да өтө кубанткан эле. Мушриктер мусулмандарга: «Бир согуш чыкса силердин да акыбетиңер христиандар сыяктуу болот», - дешкен эле.

Бул окуялар учурунда эч ким согуш күчүн жоготкон Римдин жаңыдан күчтөнө тургандыгына ыктымал дагы бар деп ойлошкон эмес. Рум сүрөсүндө: «Румдар эң жакын бир жерде жеңилүүгө учурашты. Бирок, алар бул жеңилүүдөн кийин бар канча жыл ичинде жеңишке ээ болушат», - деп буюрулду. Бирок, мушриктердин ойлору боюнча бул ишениле турчу нерсе эмес болчу.

Хазрети Абу Бакр сура-и жалиланын түшүүсүнөн кийин мушриктерге: «Кубанбагыла, бир канча жылдан кийин Рим Персти жеңет», - деген эле. Мушриктер: «Бул бир канча жыл дегениң канча жыл?» - деп сурашты. «3 жыл», - деп жооп берди. Убайй ибн Халаф «Жалган» деп он төөгө Хазрети Абу Бакр менен мелдешке кирди.

Хазрети Абу Бакр бул абалды Расул-и акрамга кабар берди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Бир канча жыл – 3-9 жыл арасы дегендик. Төө санын көбөйт жана мөөнөтүн да узарт»,- деп буюрду.

Хазрети Абу Бакр Убаййды издеп тапты. Убайй: «Эмне болду, өкүндүңбү?» - деди. Хазрети Абу Бакр: «Мелдешти көбөйт. Жүз төө жана 9 жыл болсун», - деди. Убайй өзүнүкүнө абдан ишенимдүү эле. Римдин жеңиле тургандыгына ыктымал бербегендиктен: «Жарайт», - деди.

Тогуз жылдан кийин Бадирде мусулмандар мушриктерди Аллаху тааланын жардамы менен жеңген учурда Рим дагы Персти жеңген эле. Хазрети Абу Бакр мелдешти уткан эле.

Убайй Ухудда жараланып, кайтып келаткан жолдо өлгөндүктөн Хазрети Абу Бакр төөлөрдү Убаййдын мурасчыларынан алды.

Бул жагдай мушриктерди абдан ойго салды. Араларынан көптөрү мусулмандыкты кабыл кылышты. Ушундайча Курани каримдин бир мужизасы да ортого чыкты. (Мадарик, Тибйан)

Мекке ал кезде Ислам өлкөсү болбогондугу жана Хазрети Абу Бакрдын утуусу гарантиялуу болгондугу үчүн бул мелдеш жаиз деп көрүлгөн эле. Ошондуктан, Имам азам менен Имам Мухаммедге карай риба жана кумар сыяктуу нерселерге тийиштүү фасид акиддер мусулман менен гайри мусулман арасында жаиз. (Мултака)

Дар-ул-харбда утуу шарты менен мелдешке кирүүнүн жаиз болгондугун көрсөткөн дагы бир мисал берели:

Атактуу бир балбан болгон Рукана койлорунун үчтө бирин мелдешке коюп, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга күрөшүүнү сунуштады. Расулуллах алейхиссалам улам-улам Рукананы жеңип, койлорунун баарын алды. Кийин ихсан кылып баарын кайра кайтарып берди. Рукана мусулман болду. (Мабсут, Мавахиб-и ладуниййа, Шавахид-ун-нубувва)

Камсыздандыруучу менен Дар-ул-харбда келишим кылуу жана бере турчу акчаларды алуу адал болот. (Ибни Абидин)

Фасид акиддер дагы жаиз

Дагы ачык бир түшүндүрүү менен дар-ул-харбда, башкача айтканда, Германия, Англия сыяктуу Исламия менен башкарылбаган жерлерде бир мусулман утуу шарты менен кумар, лоторея, пайыз жана камсыздандыруу жолу менен ал жердеги ар кимдин акчасын, малын ала алат. (Кудури, Жавхара, Викайа, Радд-ул Мухтар, Хиндиййа, Мабсут)

Диянат Энциклопедиясында болсо мындай делген:

Абу Ханифа жана Имам Мухаммедге карай дар-ул-харбда мусулман менен харби арасында пайыз мамилеси жаиз. Ушундай эле Ханафи мазхабына карай фасид кабыл кылынган алыш-бериш жана соода мамилелер мелдешке кирүү жана кумар ойноо да жаиз. Бирок, мусулмандын бул мамиледен утуштуу чыгуусу шарт. (Пайыз маддеси 121-б.)

Бул булактардан да түшүнүлгөндөй пайыз алуу жаиз болгон жерлерде банк рекламасын кылуу да жаиз. Ага кошумча банктар бир гана пайыздуу операцияларды кылбайт, заводдорго, фирмаларга акционер болуу, имарат куруп сатуу, дебитордук карыздарды чогултуу, акча которуу сыяктуу бир канча пайызсыз операцияларды да кылат. Ушундай табышы харам-халал аралаш бирөө берген хадияны алуу, аны менен алыш-бериш жана ижара операцяларын кылуу жаиз болот. (Хадика)

Каско кылдыруу

Суроо: Камсыздандыруу кылдыруу жаиз болгондугу сыяктуу автомобиль үчүн каско камсыздандыруусун жасатуу да жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Камсыздандыруу агенттиги

Суроо: Камсыздандыруу агенттигин кылуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Жеке эмгек пенсия

Суроо:Камсыздандыруулар же банктар кылган жекече пенсия дин жагынан жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Камсыздандыруу агенттиги

Суроо: Германия сыяктуу гайри муслим өлкөлөрдө камсыздандыруу жасатуу жана камсыздандыруу фирмаларынын агенттигин кылуу ылайык болобу?

ЖООП

Мусулмандын пайдасы бар болсо мындай иштердин бардыгы ылайык болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш