Ислам дини » Алышуу-беришүү » Ишчилердин абалы




Ишчилердин абалы


Суроо: Башчым: «Куулук жасабасаң жумуштан чыгасың», - деп жатат. Куулук кылуум жаизби?

ЖООП

Куулук кылуу жаиз болбойт.

Суроо: Айлыкка чайчы болуп иштейм. Коногума акысыз чай бере аламбы?

ЖООП

Башчыңыз уруксат берген болсо жаиз.

Суроо: Кургак жемиш саткан соодагердин колунда иштейм. Кожоюн «Каалашыңча жесең болот» деген. Каалашымча жесем акысы өтөбү? Же болбосо жебестен, үйгө кетерде жей турганчалык алсам зыяны барбы?

ЖООП

Дүкөндө жумуш маалында каалашынча жесеңиз зыяны жок. Бирок, үйгө келе жатканда аз болсо да алып кетүүңүз жаиз болбойт.

Суроо: Жумушчуну түнү таң атканча иштетүүдөбүз. Күндүз балким намазын окубоодо. Биз күнөөгө киребизби?

ЖООП

Жок.

Суроо: Соода түйүнүндө иштейм. Товарым болбогон кезде башчыман кабарсыз кошунадан дүң баасына сатып алып, чекене сатып пайдасын алуум харамбы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Чабан байкабай койлорду карышкырга алдырса төлөйбү?

ЖООП

Төлөбөйт.

Акысыз иш

Суроо: Бир адам бир ишти ала алуу үчүн иш берген адамга бекер иштөөсү жаизби?

ЖООП

Өз ыраазылыгы менен иштесе жаиз. Иш берүүчү мажбурлап иштетсе зулумдук болот, жаиз болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш