Ислам дини » Алышуу-беришүү » Шарапчыга жүзүм сатуу




Шарапчыга жүзүм сатуу


Суроо: Гайримуслимдердин шарап заводуна жүзүм сатуу, жүзүм ташуу же чиркөөлөрүн оңдоо жаизби?

ЖООП

Жүзүм ширесин шарап кылгандыгы билинген бирөөнө сатуу жаиз, себеби, күнөө ширенин өзүндө эмес. (Ширеден сироп дагы, уксус дагы жасалат.) Шире (шарап жасалып) өзгөртүлгөндөн кийин алып сатылуусу күнөө болот.(Дурр-ул-мухтар)

Ибни Абидин хазреттери мындай деп буюрууда:

«Фитна кылгандарга, көтөрүлүш жасагандарга курал сатуу тахриман макрух, бирок, курал жасоого жараган нерсени, мисалы, темир сатуу макрух эмес. Башкача айтканда, күнөө иш кылууда колдонулган нерсенин өзүн сатуу тахриман макрух болот. Бул нерсени даярдоого жараган заттарды сатуу болсо танзихан макрух болот. Черткич аспаптарды сатуу да такриман макрух болуп, черткич аспап жасалган тактайды черткиччиге сатуу танзихан макрух болот. [Мехтер деп аталган Ислам аскер маршында чертилген музыкалык аспаптарды сатуу болсо жаиз.] Уруш короозун фасыктарга сатуу танзихан макрух. Шарап жасаган кишиге жүзүм сатуу да танзихан макрух, себеби, өздөрү харам иш кылууда колдонулбайт. Харам болгон нерсенин даярдалуусунда колдонулат. Буларды адал болгон жерге сата албаган адамдын танзихан макрух болгон жерге сатуусу жаиз.» (Радд-ул-мухтар)

Имам Газали хазреттери мындай деп буюрууда:

«Шарап жасаган мусулманга жүзүм сатуу жаиз.» (К.Саадат)

Мусулман өлкөсүндө жаиз болсо, гайримуслим өлкөсүндө жаиз болгонунжа эч күмөн калбайт. Шарап заводуна жүзүм, пиво заводуна арпа ташуу дагы ушул сыяктуу жаиз.

Чиркөө оңдоо ишинде иштөө макрух эмес, себеби, бул иштин өзү күнөө эмес. (Баззазиййа)

Дагы Ибни Абидин хазреттери мындай деп буюрууда:

«Акысына капырдын шарабын ташуу, чиркөө оңдоо жана христианга зуннар сыяктуу күфүр белгилерин сатуу Имам Азамга карата жаиз.» (Радд-ул-мухтар 5/251)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш