Ислам дини » Алышуу-беришүү » Талаа жана ичиндегилер




Талаа жана ичиндегилер


Суроо: Бир жер тилкеси, бир бакча сатылган кезде ичиндеги бактар же имарат да сатылган болобу?

ЖООП

Бир жер тилкеси сатылганда ичиндеги имараттар, ачкычтар дагы сатылган болот. Бир бакча сатылганда ичиндеги бактар дагы сатылган болот. Талаа сатылганда ичиндеги эгини, бак сатылганда мөмөсү, үй сатылганда буюмдары сатылган болбойт. Сатууга уруксаттуу киши, сатуучу эгинди жана мөмөнү, буюмду жыйнап көчүрүүгө мажбур болот. Эгер эгини менен, мөмөсү менен десе ушундайча сатылган болот. Бир бактын даана белгилүү болгон мөмөсү жей турган абалда болбосо да сатуу жаиз. Кардар дароо топтойт. Бакта калуусун кааласа соода, алыш-бериш фасит болот. Кардар сурабай, бирок, сатуучу уруксат берсе жакшы болот.

Суроо: Бир талаа сатып алдым. Талаанын ичинде эгин жана башка өнүмдөр бар. Буларды мен колдоно аламбы?

ЖООП

Талаа сатылганда ичиндеги эгини дагы сатылган болбойт. Ичиндеги өнүмдөрдү дароо топтоосу керек. Эгер «эгини менен бирге» деп сатыш кылынган болсо, эгини да сатылган болот.

Суроо: Бирөөнү бакчасына аарылар келип бал жасаса, бул бал бакчанын ээсиники болобу?

ЖООП

Бир бакчада куш балапан чыгарса же жумуртка тууса же ээсиз айбан кирсе, булар алгандыкы болуп, бакча ээсиники болбойт. Бакча ээси көрүп, эшикти жапса ошонуку болот. Бир жерде момпосуй же акча ыргытылса кимдин үстүнө түшсө ошонуку болот. Бир бакчага аарылар келип бал жасаса же бак чыкса же суулар кум агызып келип жыйса, бакча ээсиники болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш