Суроо: Пайыз түрлөрү көп делүүдө. Пайыз тууралуу бир нече
мисал бересизби?
ЖООП
Пайыз – чоң күнөө. Бир аяти кариманын мааниси:
«Аллах алыш-беришти халал, пайызды харам
кылды.» [Бакара 275]
Бир хадиси шарифтин мааниси:
«Пайыз жети чоң күнөөдөн бири.» [Бухари]
Пайыз тууралуу бир канча мисал берели:
1- 5 грам алтын менен 6 грам алтынды алмашуу пайыз
болот. 5 грам алтын 5 грам башка алтын менен алмашылса, бирөө карызга болсо анда
да пайыз болот. Карызга болбосо дароо берилип-алынса пайыз болбойт.
2- Коңшудан карызга 1 кило туз алсак, берип
жатканда эки кило же жарым кило берсек пайыз болот. Башкача айтканда, бираз аз
же бираз көп болбоосу керек.
3- Алты өлчөм сапатсыз буудай берип 5 өлчөк
сапатсыз үрөндүк буудай алынса пайыз болот. 5 өлчөк буудайдын жанында башка түр
бир мал-оокат, мисалы, бир калем же бир китеп коюлуп бирге сатылса жаиз болот.
4- Орток бир мал-оокатты өлчөбөстөн же тартпастан
көз өлчөмү менен бөлүшүү пайыз болот. Мисалы, мурас бөлүштүрүлүп жатканда буудай,
зейтун, зейтун майы сыяктуу өлчөлүп же тартылган орток малдарды өлчөбөстөн же
тартпастан хадия кылуу пайыз болот. Үй жана үй буюмдарын хадис кылуу жаиз
болот.
5- Эки кишинин ижарада бир үйү болсо, ижара акысын
бир ай бири, бир айын экинчиси алса жаиз болбойт. Ар ай алынган акчаны экиге
бөлүү керек. Алтын күнү, доллар күнү, Сом күнү же башка бир мал-оокат күнү
кылып, ар жолкусунда бирине алтын, Доллар, Сом же башка мал берүү жаиз болбойт.
6- Эки киши машинелерин ар бири колдонуу үчүн
белгилүү бир убакка алмашышса пайыз болот.
7- Бир адам лн миң сом карыз берсе, алган адам
болсо сен менин үйүмдө ижара акысыз жаша десе, тагыраагы, үй ижара акысыз акча
пайызсыз десе пайыз болот. Акчанын пайызы менен үйдө жашоодо. Бир хадиси шариф:«Пайда алып келген карыз - пайыз», - деп буюрулган.
8- Бир алтын карыз алган адам бир алтын өтөйт. Наркы
өзгөрдү деп мурунку же кийинки наркы кагаз сом бере албайт. Кагыз акча ордуна
алтын да бере албайт. Аласалуу кабыл кылса жаиз болот.
9- Үй, жаныбар, кийим сыяктуу теңи болбогон
нерселер карыз берилбейт. Арият, башкача айтканда, колдонулууга берилет.
10- Дүкөнчүгө 100 сом карыз берип, товар алган
сайын кемитемин десе жаиз болбойт.
Пайыз менен аралаштырылбоосу үчүн жаиз болгондорго
да бир нече мисал берели:
1- Бир чанач сапаттуу буудайды бир чанач сапатсыз
буудай менен алмашуу жаиз.
2- 5 грам алтында 5 грам башка алтын менен пешин түрдө
алмашуу жаиз болот, пайыз болбойт.
3- Алтынды кагаз акча же башка мал каршылыгында
карызга кымбатка болсо да сатуу жаиз, пайыз болбойт.
4- Эски машине менен жаңы машинени же сапаттуу бир
сумка менен сапатсыз сумканы алмашуу, сатуу жаиз. Бири үстүнө акча алса ал да
жаиз.
5- Карыз берилген кагаз сомдун убакыт өтүүсү енен
наркы түшсө, колуна берген убактагы наркында алтын менен өтөйт. Өлчөлүп
тартылган ар нерсенин нарктарынын өзгөрүүлөрү да ушундай. Мисалы, килосу он сом
болгон фундуктан 100 кило фундук карыз берилсе, алты айдан кийин фундуктун
баасы 5 сомго түшсө, же дал ошол фундуктун өзүнөн берет же колуна тапшырган
убактагы наркынан алтын берүүсү керек. Терси дагы ушундай. Башкача айтканда,
фундуктун килосу 15 сомго чыкса, же фундуктун өзүн берет же колуна тапшырган замандагы
баасынан алтын берүүсү керек. Аласалуу ыраазы болсо башка мал да бере алат.