Ислам дини » Алышуу-беришүү » Карызды тануу




Карызды тануу


 Суроо: Азык-түлүк саткан дүкөнчүгө карызым бар эле. Мен төлөдүм. Дүкөнчү бир аз убакыттан кийин карызыңды төлө деди. "Эгер төлөгөнүңдө карызыңды өчүрмөкмүн”, - деди. Мен бердим деп ант бердим. Ал болсо берген жоксуң деп ант берди. Кимдин берген антына каралат?

ЖООП: Эки күбөнүн жанында төлөшүңүз керек эле. Же бар болсо, карызды төлөгөндүгүңүз тууралуу квитанцияны алышыңыз керек эле. Же карызыңызды сиздин көзүңүзчө өчүртүшүңүз керек эле. Булардын эч бирин кылбаганыңыз үчүн карызыңызды кайра төлөөгө тийишсиз. Сатуучунун анты жарактуу болот. (Хидайа)

Хадиси шарифте айтылат:

"Сатып алуучу менен сатуучу талашып калганда, эгер күбө жок болсо, сатуучунун сөзүнө каралат.” [Абу Давуд]

"Күбө доогерге, ант танган адамга талап кылынат.” [Даракутни]



Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш