Ислам дини » Алышуу-беришүү » Ырыскынын мааниси




Ырыскынын мааниси


Суроо: Ырыскы эмне? Адамдын жеген нерселериби? Жебеген нерселери да ага жатабы? Адамдын ырыскысы убакыттын өтүшү менен артып, көбөйөбү? Эмгектенбестен да ырыскы келеби?

ЖООП: Ырыскынын бир канча маанилери бар:

1 – Ырыскы делгенде жеп-ичиле турган нерселер түшүнүлөт. Көптүк формасы – арзак болуп, ырыскылар дегендик. Адамдар ырыскы делгенде мына ушуну түшүнүшөт.

2 – Ырыскы жалгыз жеп-ичилген жана колдонулган нерселер гана. Жеп-ичилбеген жана колдонулбаган нерсе ырыскы болуп эсептелбейт. Ашыкча киреше мүлктү арттырат, бирок, ырыскыны арттырбайт. Ырыскы мукаддар (тагдырга жазылган). Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Ырыскысын бүтүрбөстөн эч ким өлбөйт.” [Хаким]

"Эч ким насибинен артыкча ырыскыга жете албайт. Ырыскысына жетип, аны жеп бүтүрбөй туруп да өлбөйт. Каалабаса да ырыскысы өзүнө берилет.” [Хаким]

3 – Адамга пайдалуу материалдык жана руханий бардык нерсе ырыскы. Бир аяти кариманын мааниси:

"Дүнүйө жашоосунда алардын тиричиликтерин [материалдык, руханий бардык ырыскыларын] араларында биз бөлүштүрүп койдук.” [Зухруф, 32]

Адамдар Ислам динин таштагандыктары үчүн, тагыраагы, Аллаху тааланын буйруктарына жана тыюуларына амал кылбай койгондуктары үчүн жана Ислам дини көрсөткөн ырахаттык жана бейпилдик жолунан айрылгандыктары үчүн дүнүйөдө береке калбагандай эле, материалдык жана руханий ырыскылар да азайды. Бир аяти кариманын мааниси:

"Эгер мени унута турган болсоңор, [материалдык, руханий] ырыскыңарды кемитемин.” [Таха, 124]

Ошондуктан, ыйман ырыскысы, илим ырыскысы, жүрөктүн ырыскысы, мүлк ырыскысы, мансап ырыскысы, перзент ырыскысы, ден-соолук ырыскысы, азык ырыскысы, адамгерчилик жана ырайымдуулук ырыскысы жана көптөгөн ырыскылар азайды. Ушул ырыскылардын бардыгы дүнүйө жаратыла электе эзелде бөлүштүрүлгөн. Жүрөктүн ырыскысы – диний илим. Намаз – руханий бир ырыскы.

Адамдардын жана жаныбарлардын ажалдары менен демдеринин саны анык болгондой эле, ар бир адамдын денесинин жана рухунун ырыскылары да анык. Ырыскы эч качан өзгөрбөйт, азайбайт жана көбөйбөйт. Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт. Өз ырыскысын жебей эч ким өлбөйт. Ырыскы айлыкка, мүлккө же жумушка көз каранды эмес. Бирок, ырыскы үчүн иштөө дагы динибиздин буйругу.

 

Адамдар бешке бөлүнөт

 

Адамдар ырыскы табуу маселесинде ишеним жагынан бешке бөлүнөт:

1-Ырыскы жалгыз иштөөдөн гана келет деп ишенет. (Капырлар)

2-Ырыскы Аллахтан да, иштөөдөн да келет деп эсептешет. (Мушриктер)

3-Ырыскынын Аллахтан келгенин билет; бирок, ырыскы береби же бербейби деп тынчсызданышат. (Мунафыктар)

4-Ырыскынын Аллаху тааладан келгенине ишенишет, бирок, иштеп жатканда Аллахка каршы чыгышат. (Фасыктар)

5-Ырыскынын Аллахтан экенине жана иштөөнүн себепке жармашуу экенине ишенишет. Иштеп жатканда Аллаху таалага каршы чыгышпайт, арам иш кылышпайт. (Салих момундар)

Аллаху таала мындай деди:

"Эй, Муса, эгер бир адам ага берген нематымды менден деп билип, өзүнөн билбесе, нематтарымдын шүгүрүн орундаган болот. Эгер ырыскыны өзүнүн эмгегинен билип, менден деп билбей турган болсо нематымдын шүгүрүн орундабаган болот.” 

Аллах ырыскыга кепил 

Суроо: Аллах ырыскыга кепилби? Эгер кепил болсо эмне үчүн иштөө керек?

ЖООП: Аллаху таала ар бир адамдын ырыскысына кепил. Бир аяти кариманын мааниси:

"Аллаху таала ырыскы бербеген бир да жандуу жок.” [Худ, 6]

Бир хадиси шарифтин мааниси болсо төмөнкүдөй:

"Ырыскы үчүн кайгырба! Тагдыр кылынган [эзелде бөлүнгөн] ырыскы сени табат.” [Исфахани]

Бир хадиси кудси болсо төмөнкүдөй: 

Халактука ли-нафси, фала талъаб,

Ва такаффалту, би рызкыка фала татъаб. 

Мааниси: Сени өзүм үчүн жараттым, башка нерселерге алаксыба! Өзүм кепил болгон ырыскы үчүн кайгырба!

Аллаху таала ырыскыга кепил. Бирок, эмгектенүүнү да буюрган. Эмгектенүү ырыскынын келүүсүнө себеп. Эмгектенбестен ырыскы күтүү Аллаху тааланын буйругуна каршы. 

Жер астындагы байлыктар 

Суроо: Имам Байхаки накыл кылган "Ырыскыны жердин тереңдиктеринен издегиле!” хадиси кен байлык издөөнү билдирип жатабы?

ЖООП: Биз билбейбиз, бул кен байлык да, мунай же жаратылыш газы да болушу мүмкүн. Айыл чарбасында жердин жакшы иштелүүсү да болушу мүмкүн. Булардын баары да болушу мүмкүн. Биз билбеген дагы бир нерсе болушу да мүмкүн. Мына бул нерсе деп так айтуу жаңылыш болот. 

Адал жана арам ырыскы

Суроо: Ырыскы эмне? Арам нерселер да ырыскыга жатабы?

ЖООП: Жеп-ичилген, колдонулган жана пайдасы көрүлгөн нерселердин бардыгы ырыскы. Эгер жеп-ичилбесе, колднулбаса жана пайдасы көрүлбөсө, биздин мал-мүлкүбүз болсо дагы, ал ырыскыга жатпайт. Эки нан алдык деп айталы. Бирөөсүн жедик, экинчисин жебестен өлдүк. Жегенибиз гана ырыскы. Бир үй сатып алдык. Анда турган жокпуз же батирге берип, акчасын алган жокпуз. Атүгүл, акчасын алсак дагы ошол акчаны сарптап, колдонбогон болсок, ал биздин ырыскыбыз эмес.   

Ырыскы делгенде көбүнесе желе турган нерселер түшүнүлөт. Үй, кийим-кече, биз колдонгон жана пайдаланган бардык мал-мүлк ырыскы. Атүгүл, арамдан табылган болсо дагы ырыскы.

Акылды негиз кылып алган мутазила адашкан тобу "арам нерсе ырыскы эмес” деген болсо да, Ахли сүннөт аалымдары: "Адал да, арам да ырыскы”, - деп билдиришкен. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Албетте, эч бир пенде тагдыр кылынган ырыскысына жетмейинче өлбөйт. Андай болсо, ырыскыңарды издеп жатканда жакшы бир жолду кармангыла, арамдан сактангыла!” [Хаким] 

Ырыскы тууралуу ойлонуу 

Суроо: Аллах ырыскыга кепил экенине ылайык, эмгектенбей ырыскы күтүү жаизби?

ЖООП: Аллаху таала ырыскыга кепил. Бирок, эмгектенүүнү дагы буйрук кылган. Эмгектенүү ырыскынын келүүсүнө себеп. Эмгектенбей ырыскы күтүү Аллаху тааланын буйругуна каршы. Ал ырыскы үчүн эмгектенүүнү себеп кылган. Эмгектенбей ырыскы күткөн адам ачкадан өлүшү мүмкүн. Бул абалга байланыштуу балким "Аллах ырыскыга кепил эмес беле? Ырыскылар эзелде тагдыр кылынган эмес беле?” деген адам кездеши мүмкүн. Аллаху таала бул абалды эзелде билген эле. Бул пенде эмгектенбейт жана ачкадан өлөт деп анын тагдырына жазылган. Эмгектенүү ырыскыны көбөйтпөйт, бирок, ырыскынын келүүсү үчүн эмгектенүүнү себеп кылгандыктан бул буйрукка баш ийүү шарт.

Имам Ахмед хазреттери насаат сураган бирөөгө мындай деди: "Хак таала сенин жана бүткүл ааламдын ырыскысына кепил. Ырыскы үчүн [буйрукка баш ийип эмгектенип, алдын алуу чарасын көргөн соң] ойлонуунун эч кереги жок. Анткени, Аллаху таала тарабынан бардык ырыскылар бөлүштүрүлгөн. Эмгектенип, өзүңө бөлүнгөн ырыскыга жетесиң. Бир садакага он эсе сооп берилгенине ылайык, эмгектенген адамга жообу бериле турганына эч кандай күмөн-шек жок. Тозокто азап бериле турганын билген адам күнөө кылууга кантип батынат? Бардык иштер Аллаху тааланын тагдыры менен. Жакырмын деп, байларга ичи тардык кылуунун, сыгылуунун эч пайдасы болбойт. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Эгер Аллаху таала эмгектенген бир пендесине аз ырыскы берсе, ал пенде болсо каршы чыкпай жакыр абалына сабыр кылса, Аллаху таала ал пендеси менен сыймыктанып, периштелерине: "Күбө болгула, бул пендемдин ар бир кесим азыгына улуу Бейиште бир ак сарай жана бир даража ихсан кылам”, - деп айтат.” [Ислам Ахлагы]” 

Ырыскылар эзелде тагдыр кылынган 

Суроо: Материалдык жана руханий ырыскылар адам дүнүйөгө келе электе тагдыр кылынганбы?

ЖООП: Аллаху таала ар бир адамдын жана жаныбардын ырыскысын эзелде тагдыр кылган, бөлүштүргөн. Адамдардын жана жаныбарлардын ажалдары жана демдеринин саны белгилүү болгондой эле, ар бир адамдын денесинин, рухунун ырыскылары да белгилүү.  

Ырыскы эч качан өзгөрбөйт, азайбайт жана көбөйбөйт. Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт. Өз ырыскысын жебей эч ким өлбөйт. Эгер адам Аллаху таала буйрук кылгандыктан эмгектенсе, ырыскысын адал жол менен издесе, эзелде белгилүү болгон ырыскысына жетет. Бул ырыскы ал үчүн берекелүү болот. Ал ошондой эле эмгеги үчүн сооп алат. Эгер ырыскысын Аллаху таала тыюу салган жерлерден издесе дагы эзелде бөлүнгөн ошол ырыскын табат. Бирок, бул ырыскы ага пайдасыз жана берекесиз болот. Ырыскысына жетүү үчүн жасаган күнөөлөрү да аны балээлерге алып барат.

Биздин убакта доорду ээрчибей жана моданы карманбай болбой жатат деп, балдарын арам жерлерге акча табууга жөнөткөндөр көбөйдү. Ачка калышат деп коркуп, аларга динин үйрөтүшпөйт, Курани каримди окутушпайт, перзенттерин жахилдердин колуна тапшырышат. Перзенттери динсиз, ыймансыз чоңоюшууда. Келечектерин табышсын деп ар-намыстарын, уят-сыйыттын жок кылынуусууна кандай абийир макул болот? Кыйынчылыктарды тартып, эзелде бөлүнгөн ырыскыларын алышууда. "Намаз курсакты тойгузбайт, үй жумуштарын үйрөнүү кыздарга нан алып келбейт. Эгер доорго баш ийбесек, динди кармансак сүйрөлүп жүрө беребиз” деген сыяктуу жапайы сүйлөп жаткандар да бар. Бирок, уулдарына жаш кезинде диндери, ыймандары үйрөтүлүп, Курани карим окутулуп, андан кийин Аллаху тааланын буйруктарына ылайык акча табууга багытталса, дагы ошол эле ырыскыларын оңой жана ырахат табышат. Энелери, аталары жана балдары сооп алышат жана тапкан кирешелеринин үзүрүн көрүшөт. Бул дүнүйөдө жана акыретте бактылуу болушат. Ошондуктан, акылыбызды топтоп, ырыскыларыбызды адал жол менен издешибиз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш