Ислам дини » Алышуу-беришүү » Ижарага берүү




Ижарага берүү


Ижара келишими

 

Суроо: Эгер кимдир бирөө менен "Сен менин үйүмдө ижара акысыз жаша. Мен боло сенин талааңды акысыз иштетейин” деп бир келишми түзүлсө туура болобу?

ЖООП: Туура болбойт. Үйдү ижара акысы үчүн талааны ижарага берүү жаиз. Үйүмдүн ижара акысы үчүн сенин талааңды ижарага алып жатам деп айтылат. Мындай келишимди түзүү жаиз. Кээ бирлер болсо чоң суммада карызга акча берип, "үйүңдө акысыз жашайын” деп айтууда. Башкача айтканда, "Акча пайызсыз, үй ижарасыз” деп айтылууда. Бирок, акчанын пайызынын ордуна үйдө жашалууда. Бул жаиз эмес.

Суроо: Эгер ууру эшикти сындырып, үйгө кирсе, эшиктин зыянын ижарага алган төлөйбү? Жер титирөөдөн үй бузулса ким төлөйт?

ЖООП: Жер титирөөдөн жана уурудан келтирилген зыянды ижарага алган адам төлөбөйт. Ижарага алган адам өзүнүн шалаакылыгы болгон иштердеги зыянды төлөйт.

Суроо: Үй ээси биздин келишим бүткөндөн кийин колдонумдагы баадан жогору ижара акысын сурап жатат. Мен колдонумдагы баадан ашык бербесем күнөө болобу?

ЖООП: Ооба, күнөө болот.

Суроо: Ачык калган суу түтүгү кошунасына зыян келтирди. Келтирилген зыянды төлөө керекпи?

ЖООП: Ооба. (Мажалла)

Суроо: Көп кабаттуу үйдүн чатырынын жана бакчанын ремонтунун акчасын ким төлөйт?

ЖООП: Бул макулдашууга ылайык болот.

Суроо: Бирөө: "Жашап жаткан үйүңөн чыгып кет. Сага башка үй таптым”, - деди. "Үйдү да сырда”, - дедим. Ушул шарт менен үйдү берүү жаизби?

ЖООП: Келишим ремонттон кийин болот. Келишимде шарт айтылбайт.

Суроо: Келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин ижарада отурган адамды үйдөн чыгарууга болобу?

ЖООП: Жок.

Суроо: Мен үйдү бир жылга ижарага алдым. Бираздан кийин ээси каза болду. Уулу жыл аягына чейин үйдөн чыгара алабы, ижара акысын көтөрө алабы?

ЖООП: Келишимдин мөөнөтү бүтмөйүнчө чыгара албайт же көтөрө албайт.

Суроо: Мен 5 өнөктөш дүкөндүн ижарачысымын. Эгер өнөктөштөрдүн бири менин дүкөндө туруумду каалабаса чыгышым керекпи?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Мен ижарага алган талаа эч кандай түшүм берген жок. (Ижара акысын) төлөшүм керекпи?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Менин айылда кичине үлүш жерим бар. Бир досум: "Талааны мен айдап иштетейин”, - деди. Ал эмгек акы жөнүндө эч нерсе айткан жок. Мен жакын болгонубуз үчүн эч нерсе айткан жокмун. Мен эч кандай акы сурабасам, ал эмне берсе алсам, бербей турган болсо албасам зыяны жокпу?

ЖООП: Эгер акы ала турган болсоңуз аны менен соодалашыңыз! Жагдайы жакшы адамдын үйүнөн ижара акысы, талаасынан акы албоосунун өтө жакшы боло турганын "Дин боордошуна талаасын ижарага берүүнүн ордуна акы албастан колдонууга берүү өтө сооп” хадиси шарифи ачык билдирүүдө. (Несаи)

Суроо: Эгер ижарачы эски мончонун казанын сатып, ордуна жаңысын сатып алса үй ээсине кабар бериши керекпи?

ЖООП: Кабар берип койсо жакшы болот.

Суроо: Мен үйүмдү ижарага берерде алдын ала бир жылдык ижара акысын сурасам болобу?

ЖООП: Болот. Бирок, жакырларга кам көрүп колдоо абдан сооптуу. Жалпысынан алганда, ижарачы жакыр киши болот. Адамдарга мээримдүүлүк кылып, төлөм маселесинде жеңилдик көрсөтүш керек. Мусулмандын кажетин аткарып, кыйынчылыктан куткаруу керек. Хадиси шарифтерде мындай делет:

"Ким мусулман боордошунун муктаждыгын канааттандырса Аллаху таала анын да муктаждыгын канааттандырат. Ким бир мусулмандын кайгысын жеңилдетсе Аллаху таала кыямат күнү аны бир кыйынчылыктан куткарат.” [Бухари]

"Аллаху тааланын кулдарына пайдалуу болуулары үчүн өзүлөрүнө жеке нематтарды ихсан кылган кээ бир адамдар бар. Ошол нематтарды башка адамдарга тараткан сайын Аллаху таала аларды ошол нематтарга ээ кылат. Эгер таратуудан баш тартып, кача турган болушса ошол нематтарды алардан алат, башкаларга берет.” [Табарани]

"Бир пенде дин боордошуна жардам берген сайын Аллаху таала дагы анын жардамчысы болот.” [Муслим]

Мусулман бай ынсаптуу болууга тийиш, үйү үчүн жогору ижара акысын талап кылбоого тийиш.

 

Банкка же арак сатуучуга ижарага берүү

 

Суроо: Жумуш ордун банкка же ичкилик дагы саткан бир адамга ижарага берүү жаизби?

ЖООП: Банкка ижарага берүү жаиз болсо да, ичкилик саткан адамга берүү жаиз эмес.

 

Китепти ижарага алуу

 

Суроо: Китепти окуу үчүн ижарага берүү жаизби?

ЖООП: Китепти окуу үчүн ижарага берүү жаиз эмес. (Хуласа)

Зарыл болгон учурда, мүчөлүк акысын төлөп китепканаларга, ассоциацияларга мүчөлүккө кирилет. Эгер китеп алып жатканда айрыкча акча төлөнбөсө анда окууга китеп алуу жаиз болот.

 

Базар баасы

 

Суроо: Мен дүкөндү 5 жылга ижарага бердим, бирок, азыр акчанын наркы төмөндөдү. Меникиндей болгон дүкөн 2-3 эсе жогору баада ижарага берилүүдө. Учурдагы базар баасын сураса болобу?

ЖООП: Суроо жаиз болот. Бирок, кыйноо, берүүгө мажбурсуң деп айтуу жаиз эмес. Анткени, келишимди бир тараптуу бузуу укугу жок. Эгер ал макул болсо ижара акысы базарга ылайык көтөрүлөт.

 

Суроо: Бир үйдү ижара акысы үчүн бир талааны ижарага алуу жана намаз окуу үчүн жайды ижарага алуу динибиз жагынан орундуубу?

Жооп: Кандайдыр бир пайданы башка түрдөгү бир пайда үчүн ижарага берүү жаиз. Үйдүн ижара акысы үчүн талааны ижарага алуу жаиз. Бирок, кийимди ижарага берип, ижарага башка кийим алуу жаиз болбойт. Бир жерди намаз окуу үчүн ижарага берүү жаиз эмес. Анын ижара акысын алуу арам. Ал жерди кандайдыр бир иш кылуу үчүн ижарага берүү керек жана намаз да окуу керек. 

 

Суроо: Ижарага берилген үй, машина сыяктуу нерселер бар. Буларга кандайдыр бир зыян тийгенде келтирилген зыянды ижарачы төлөйбү же мүлктүн ээсиби?

Жооп: Ижарага берилген мүлк ижарачыга тапшырылганда аманат болуп, ижарачынын колунда атайын эмес талкаланган учурда, зыян тийгенде ал зыянда төлөбөйт. Ижарага берилген мүлктү адаттан тыш колдонуу атайын болуп эсептелет. Эгер ижарачы атайылап зыян келтирген болсо, анда ал келтирилген зыянды төлөп берет.

 

Суроо: Ижарага берилген үйдү же дүкөндү сатып алган адам үйдөгү же дүкөндөгү ижарачыны дароо чыгара алабы?

Жооп: Ижарага берилген мүлктү сатып алган башка бир адам келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин ижарачыны чыгара албайт. Кардар келишимдин бүтүшүн күтөт же соттун чечими менен ижара келишимин жокко чыгартат.

 

Суроо: Талааны ижарага алып жатканда эмне айдала тургандыгы келишим түзүлөрдө көрсөтүлүшү керекпи жана бак отургузуу үчүн дагы талааны ижарага алса болобу?

Жооп: Талааны ижарага берип жатканда эмне айдала тургандыгы көршөтүлүш керек же бардык нерсе айдалышы мүмкүн деп айтуу керек. Талааны;  имарат куруу жана бак отургузуу максатында дагы ижарага алууга болот. Мөөнөт бүткөндө аларды алып салыш керек же талаанын ээси аларды сатып алышы керек. Беде дагы бак сыяктуу.

 

Суроо: Үй, дүкөн, талаа сыяктуу жаныбарды, машинаны жана кийимди дагы ижарага алууга болобу?

Жооп: Жаныбарды минүүгө, жүк ташууга жана кийимди кийүүгө ижарага алынат. Эгер шартка баш ийбестен жаныбарга, үйгө жана кийимге зыян келтирилсе ижарачы компенсация төлөп берет. Эгерде зыяны жок нерселерди шарт кылып белгилесе анда аны аткаруу зарыл эмес. Мисалы, бул үйдө эки адам жашайт деп айтылса, үйгө үч же беш адам да жашай алат.

 

Суроо: Үйдү жана талааны ижарага алууда эгер жылдык ижара акысы айтылып, мөөнөт көрсөтүлбөгөн болсо, анда анын мөөнөтү канча болот  жана мөөнөтү качан башталат?

Жооп: Эгер үйдүн жана талаанын жылдык ижара акысы аталып, мөөнөтү аталбаса мөөнөтү бир жыл болот. Мөөнөт келишим түзүлгөн күнү башталат. Акы болсо мал-мүлк алынган күндөн башталат.

 

Суроо: Буудай айдоо үчүн талаа ижарага алган киши  буудайлар быша электе ижара мөөнөтү бүтсө эмне кылат?

Жооп: Эгер ижара мөөнөтү буудай быша электе бүтсө анда буудай бышканга чейин ижара мөөнөтү узартылат.

 

Суроо: Үйдү же талааны кат, электрондук кат жазып, ушундай жазышуу аркылуу дагы ижарага алса болобу?

Жооп: Кат жазышуу аркылуу ижарага алуу дагы жаиз. Ижарага алууда жооп бербөө макул болуу дегенди билдирет.

 

Суроо: Эгер буудай айдоо үчүн ижарага алынган жерге беде айдалса талаанын ижара акысы өзгөрөбү?

Жооп: Эгер ижарачы талаага буудай айдайм деп беде айдай турган талаанын ээси ижара акысын жогорулатышы мүмкүн.

Суроо: Жүк ташуу үчүн жаныбарды же жүк ташуучу машинаны ижарага алган адам аларга каалаган жүктү жүктөй алабы?

Жооп: Жаныбарга, жүк ташуучу машинага жүктөлө турган нерсенин түрү эмес, салмагы шарт кылынат. Бирок, зыяндуу нерсе жүктөлбөйт. Жаныбарды тартып же сабап майып кылса төлөйт.

 

Суроо: Жүк ташыгычка тапшырылган же жүк ташуучу машинага жүктөлгөн жүккө зыян келсе, зыянды жүк ташыгыч төлөйбү же ким төлөйт?

Жооп: Эгерде жүк ташыгыч же жүк ташуучу машина шарт кылып белгиленген маршрут боюнча жүрбөй, жүк талкаланса, жүргөн жол кыймылдуу эмес болсо же бузук болсо, жүк ташуучу машинанын ээси жана жүк ташыгыч анын беделин төлөйт. Андай болбосо төлөбөйт.

 

Суроо: Дүкөнүнө же үйүндө ижара акысын көбүрөөк бере турган адам болгон кезде мөөнөтүнөн мурда ижарачыны чыгарып салууга болобу?

Жооп: Мүлк ээси көбүрөөк ижара акысын бере турган адам тапканда келишимди мөөнөтү бүтө электе жокко чыгара албайт.

 

Суроо: Эгер ижарага алынган имарат жана нерселер бузулганда анын ремонту ижарачыга таандыкпы же үй ээсинеби?

Жооп: Ижарага берилген имараттын жана нерселердин ремонту жана убакыттын өтүшү менен бүтөлүп калган түтүктөрдүн ремонту үй ээсине таандык. Эгер үй ээси ремонттобосо ижарачы үйдөн кете алат. Бирок, ижарачы үй ээсин оңдоп-түзөөгө мажбурлай албайт, кыйнай албайт. Эгер ижарачы үй ээсинин уруксаты менен муну өзү жасаса, ал үй ээсинен акчасын кармап кала алат. Эгер ижарачы муну өзү жасаса кармап кала албайт. Колдонуу зарыл болгон нерселердин ремонт акчасын да ижара акысынан кармап кала албайт.

 

Суроо: Эгер бир дүкөндү ижарага алган адам ал дүкөнгө бир нече ай көчө албаса ал дагы эле ижара акысын төлөөгө мажбурбу?

Жооп: Эгер бир дүкөндү ижарага алып, өзүнө тапшырылган адам бираз иштебесе жана дүкөн жабык болсо анда ал ижара акысын толугу менен төлөшү керек. Бир жыл үчүн ай сайын баланча сомго жаиз болгондой эле, жылдык жалпы айтуу да жаиз. Эгер ижарачы кесибин өзгөртсө, банкротко учураса же башка шаарга көчүп кетсе ижара жокко чыгарылат.

 

Суроо: Бир үйдү же дүкөндү ижарага алган адам ошол үйдү жана дүкөндү каалагандай колдоно алабы?

Жооп: Эгер үй жана дүкөн ижарага берилип жатканда ичинде эмне кыла тургандыгы айтылбаса имаратка зыян келтирбей турган ар кандай ишти жасоого болот.

 

Суроо: Мактануу үчүн машинаны, жыттоо үчүн гүлдү жана окуу үчүн китепти ижарага берүүгө болобу?

Жооп: Дурр-ул-мухтар менен Радд-ул-мухтарда мындай делет:

"Кандайдыр бир мүлк диний жана акыл жагынан кайда колдоно ала турган болсо, ошол максатта колдонуу үчүн ижарага берүүгө болот. Кездемени, тиричилик жана ашкана буюмдарын мактануу катары сактоо үчүн, үйдү жашабастан, алтын менен күмүштү жана унааны колдонбостон башкаларга көрсөтүп коюу үчүн ижарага алуу фасит болот. Ижара акысын төлөшү керек эмес. Анткени, ошол мал-мүлктөр талап кылынган, керектүү жерде колдонуу үчүн ижарага берилген эмес. Булар туура эмес колдонулган күндө да, ижара акысын берүү зарыл эмес. Гүлдү жытташ үчүн жана китепти окуу үчүн ижарага берүү жаиз эмес. Ошондой эле анын баасын жана убактысын айтып насыяга берүү менен дагы ижарага берилген болот. Бирок, баасын айтпастан ижарага берүү - бул карыз эмес, фасит ижара болот.”

 

Суроо: Динибизде уйду же койду сүтү үчүн, даракты мөмөсү үчүн ижарага берүүгө болобу?

Жооп: Дурр-ул-мухтар жана Радд-ул-мухтарда мындай делет:

"Ижара мөөнөтү ичинде бузулуп талкаланчу же колдонулуп жатканда өлүп калчу нерселерди ижарага берүү жаиз эмес. Мисалы, акчаны ижарага берүүгө болбойт. Анткени, аны колдонгондо колдон кетет. Сүтү үчүн малды, мөмөсү үчүн бакты же жүзүмдү, кой жаюу үчүн талааны, жүнү үчүн жаныбарды ижарага берүү жаиз эмес, фасит.”

 

Узак мөөнөткө ижарага берүү

 

Суроо: Аталары каза болгон жетимдердин талаасын бир жылдан узак мөөнөткө ижарага алуу орундуубу?

Жооп: Темага байланыштуу Дурр-ул-мухтар жана Радд-ул-мухтарда мындай делет:

"Ижаранын, тагыраагы, ижарага алуунун сахих болушу үчүн ижара акысын жана пайданын билдирилүүсү шарт. Бир жердин жана талаанын пайдасы убакытты көрсөтүү менен аныкталат. Кесип ээлеринин пайданы, убакытты жана жумушту бирге айтуу менен, транспорт каражаттарында болсо бул эки шарттын каалаган бирин айтуу менен аныкталат. Фонддун, жетимдин жана Байт-ул-малдын менчиги болгон талааны үч жылдан ашык, үй менен дүкөндү бир жылдан ашык ижарага берүүгө болбойт. Аларды узак мөөнөткө ижарага берүү үчүн Ханбали мазхабын таклид кылуу керек. Бирок, ижара шарттарынын баары Ханбали мазхабына ылайык келиши керек болот. Алтындан жана күмүштөн жасалган зергер буюмдарды жасануу үчүн жана кийимди кездемени кийүүгө ижарага берилет.”

 

Ибадат кылуу үчүн адам жалдоо!..

 

Суроо: Динибизде өзү же башка бирөөнүн ордуна ибадат кылуусу үчүн, мисалы, намаз окуусу, Куран окуусу үчүн бирөөнү жалдоо, бирөөнү дайындоо орундуу болобу?

Жооп: Ибадат кылуу үчүн адам жалдоо жана намаз окуу үчүн үйдү ижарага алуу Ханафи жана Ханбали мазхабдарында сахих эмес. Мисалы, акчага азан айттыруу, ажыга жиберүү, имам жалдоо, Курани карим үйрөтүү, диний сабактарды берүү жаиз эмес. Шафии жана Малики мазхабдарында мүрзөнүн башында жана ээсинин жанында Куран каримди акы төлөп окутуу жаиз. Бирок, бул мазхабдарда дене менен жасалган ибадаттардын соопторун башкалардын рухуна багыштоого болбойт. Кийин келген дин аалымдары Курани карим, диний сабактарды үйрөтүү жана азан, имамдык үчүн акчага адам жалдоо жаиз болот дешкен. Аларга макулдашылган эмгек акы төлөнүшү керек. Бул саптарды түшүндүрүп жатып Ибн Абидин мындай дейт:

"Негизи акчага ибадат кылдыруу жаиз эмес. Анткени, хадиси шарифте:

"Курани каримди окугула. Бирок, аны тиричилик каражаты кылбагыла!”- деп айтылган. Бир хадиси шарифте:

"Азан окугула. Азан үчүн акча албагыла!” – деп буюрулган. Акыркы убактарда динде кайдыгерлик башталгандан бери Курани каримдин жана диний илимдердин унутулуп калбоосу, имамдык менен азанчылыктын аткарыла алуусу үчүн акы менен аткартылуусу зарыл болуп калды. Бирок, бул фатва бардык ибадаттарды акы менен кылса болорун көрсөтпөйт. Биз санап өткөн нерселер гана зарылчылык жана мазхабдын негизинин сыртында калтырылууда. Хафыздарга Куран каримди акы төлөп окутуу зарыл болбогондуктан сөзсүз жаиз эмес. Таж-уш-шариъа Хидаянын шархында мындай дейт:

"Акчага окулган Курани каримден өлгөндөргө да, окуганга да сооп пайда болбойт.” Ошол эле Хидаянын шархында мындай дейт:

"Хафыздар акча, мал-мүлк үчүн окубоого тийиш. Хафыз да, акча берген адам да күнөөгө кирет.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш