Ислам дини » Алышуу-беришүү » Соода терминдери




Соода терминдери


Суроо: Төмөндөгү соода терминдеринин маанилерин жазсаңыз ыраазы болмокмун.

ЖООП:

Бей = сатуу

Шира = сатып алуу

Бей менен Шира = алыш-бериш

Ижаб-Кабул = сатып алуучу менен сатуучудан макул экенин кайсынысы биринчи айтса бул ижаб, экинчисинин сөзү кабул деп аталат.

Байы = сатуучу

Семен = бедел, сумма, сатылган товардын эквиваленти, наркы, баасы.

Меби = сатылган товар

Селем сатуу = баасы накталай болуп, товар бересеге болгон сатуу.   

Айн = өзүндө бар болгон товар (же даяр, бар болон товар)

Дейн = өзүндө жок болгон товар (же даяр эмес товар)

Мутакаввим товар= баалуу товар.

Баалуу товар – бул колдонуу мубах жана мүмкүн болгон товар.

Мусулмандар үчүн шарап, чочко жана Бисмиллахсыз союлган жаныбар же тарп, деңиздеги балык (баалуу товар) эмес. Бир буудай даны баалуу болгону менен, ал товар эмес.

Алыш-бериштин сахих болуусу үчүн семендин да, мебинин да мутакаввим болушу шарт.

Батыл алыш-бериш = негизи да, сыпаты да Ислам динине туура келбеген сатуу.

Фасид алыш-бериш = негизи Ислам динине туура келген, бирок, сыпаты туура келбейт.

Сахих алыш-бериш = негизи жана сыпаты Ислам динине туура келген сатуу.

Макрух алыш-бериш = негизи жана сыпаты Ислам динине туура келген, бирок, ага Ислам тарабынан тыюу салынган бир нерсе аралаштырылган сатуу.

Мавкуф алыш-бериш = негизи жана сыпаты сахих болсо дагы, башкасынын акысы аралашкан сатуу.

Вефа менен сатуу = алуучу менен сатуучу сатуудан баш тартуу укугуна ээ болгон сатуу.

Карз-ы хасен = карыз берүү.

Алыш-бериште мухаййардык = сатуучу же кардардын алыш-бериштен баш тарта алуу укугу.

Мисли мал = базарда бирдей сыпатта окшошу болгон, баалары бирдей болгон товар.

Кыйами мал = базарда окшошу жок болгон, болсо да баалары башка болгон товар.

Габен-и фахиш = көп алдануу

Габен-и йесир = аз алдануу

Луката = жерден табылган жана ээси белгисиз товар   


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш