Ислам дини » Алышуу-беришүү » Жаныбарларды алуу, сатуу




Жаныбарларды алуу, сатуу


Суроо: Үлүлдөрдү кармоо, алуу же сатуу жаизби?

ЖООП: Үлүлдөрдүн эки түрү бар. Жерде жана деңизде жашагандары бар. Жерде жашагандары эч бир мазхабда желбейт. Деңиз үлүлү – мидия, устрица, суу чаяны сыяктуу деңиз курт-кумурскалары тобуна кирип, Ханафи мазхабында желбейт. Калган үч мазхабда деңизде жашаган ар жаныбар желет. Аталган деңиз курт-кумурскалары менен киреше табуучулар зарыл болгондо башка үч мазхабдын бирин таклид кылып алып-сатса болот.  

Суроо: Бөдөнөнү жана кекиликти өстүрүп сатуу жаизби?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Жапайы жүндүү жаныбарларды багып, экспорттоо жаизби?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Тотукуш жана канарейка сыяктуу канаттууларды алып-сатуу жана багуу жаизби?

ЖООП: Капаска көнүп калган жана бошотуп жибергенде айбандар тарабынан өлтүрүлүшү ыктымал болгон канаттууларды салуу, сатуу жана капаста багуу жаиз болот.

Суроо: Өзүнөн-өзү өлгөн же бисмиллах айтылып атылган түлкүнүн терисин ашатпай туруп сатуу жаизби?

ЖООП: Кой, бодо мал сыяктуу эти желген жаныбар өзүнөн-өзү өлсө тарп болот. Тарптын терисин ашатпай туруп сатуу жаиз эмес. Эгер түлкү, суур бисмиллах айтылып өлтүрүлсө терилери таза болот. Ашатпай эле сатуу жаиз. Эгер өзүнөн-өзү өлсө анда ашатпай туруп сатуу жаиз болбойт. Чочко менен жыландын териси ашатылса да таза болбойт. (Халеби)

Суроо: Бүркүт, лейлек, коён, козу сыяктуу жаныбарлардын ичин тазалап, чөпкө толтуруп сатуу жаизби?

ЖООП: Зыйнат, кооздук үчүн сатуу жаиз.

Суроо: Жибек куртун кайнаган суу менен өлтүрүү жаизби?

ЖООП: Жаиз эмес. Бирок, жибек куртун өлтүрүү үчүн косекти күнгө коюу жаиз. Күндө коюп өлтүрбөстөн отко ысытып, кайнаган сууга салып өлтүрүү жаиз эмес. (Барика)

Суроо: Териси жарабай калбасын деп суусарды электр тогу менен өлтүрүү жаизби?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Токойго айдап жиберилген торпоктор убакыттын өтүшү менен жапайы болуп, зыян келтиришет. Ээлери да белгисиз. Булар луката (көчөдөн таап алынган ээси белгисиз нерсе) өкүмүнө жатабы?

ЖООП: Жок. 

Ит алуу-сатуу 

Суроо: Итти алууга жана сатууга болобу?

ЖООП: Ханафи мазхабында ит сатылат, ижарага берилет, эгер өлтүрүлсө төлөнөт, атүгүл, терисинен жайнамаз жасоого да болот. (Радд-ул Мухтар)

Шафииде ит нажасат сыяктуу бирдей нажис болгондуктан сатуу жаиз эмес. Шафии адамга койчу, кароолчу ит сыяктуу ит зарыл болсо, Ханафи мазхабын таклид кылып ит сатып алса болот. 

Бересеге жаныбар сатуу 

Суроо: "Бул тоокту мага бер, үч күндөн кийин сага бир короз берейин же бул кочкорду бер, сага бир жумадан кийин жакшы бир кой берейин” деп айтуу, ушундай алыш-бериш кылуу жаизби?

ЖООП: Жаиз эмес, фасид (туура эмес). Анткени, жаныбарды бересеге сатуу фасид. Алардын бири бересеге болбойт. Эгерде экөө тең накталай болсо жаиз.

Суроо: Иттин, канаттуунун жана башка жаныбарлардын сатылуусунун, сатып алынуусунун диний жактан кандайдыр бир зыян барбы?

ЖООП: Итти жана башка ишке жараган жаныбарларды, канаттууларды сатуу да, сатып алуу да жаиз.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш