Ислам дини » Алышуу-беришүү » Соодада расалык же диний ажырым болбойт




Соодада расалык же диний ажырым болбойт


Суроо: Мен соода менен алектенип, импорт жана экспорт кылуудамын. Кардарлардын арасында бардык улуттагы адамдар бар. Британдыктар жана яхудилер менен соода кылуу туура эмес деп айтылат. Ушундай нерсе барбы?

ЖООП: Андай нерсе жок. Динибизде соодада расалык же диний ажырым жок. Ар улуттун, диндин өкүлдөрү менен соода кылуунун, атүгүл, алардын иштеринде иштөөнүн махзуру (зыяны) жок.

Тарых бою мусулман өлкөлөрүндөгү мусулман эместер мусулман мамлекеттин астында абдан ырахат жашашчу. Алардын динине эч ким кийлигишчү эмес, ибадат кылууларына тоскоолдук кылынчу эмес. Алар өздөрү каалаган өнөр жана соода менен ээн-эркин алектенишчү.

Динибиз илимди, өнөрдү, сооданы жана дыйканчылыкты буюрган. Бир аяти кариманын мааниси:

"Аллах сооданы адал, пайызды харам кылды.” [Бакара, 275]

Дар-ул-харбда бир мусулмандын утуу шарты менен кумар, пайыз жана камсыздандыруу жолу аркылуу акча табуусунун жаиз экени (Кудури, Жавхара, Викайа, Хиндиййа, Мабсут, Дурр-ул-мухтар, Радд-ул-мухтар) сыяктуу ишенимдүү китептерде жазылган. Ушул эле маселе "Мажмаъул-анхур” жана "Дурар” китебинде "Ла риба бейнел муслими вал харбиййа фи дарил харби = Дар-ул-харбда мусулман менен капырдын ортосунда пайыз жок” деген хадиси шариф менен билдирилген. Анткени, алардын мал-мүлкүн ыраазычылыктары менен алуу мубах. Бирок, алардын мал-мүлкүнө кол салуу, күч менен тартып алуу жаиз эмес.

Чиркөөнү оңдоодо иштөө да макрух эмес. Анткени, бул иштин өзү күнөө эмес. (Баззазия)

Ибни Абидин хазреттери айтат:

Акчага капырдын шарабын ташуу, чочко кайтаруу, чиркөөнү оңдоо жана христианга зуннар [поптордун белбоосу] сыяктуу күфүрдүн белгилерин сатуу Имам Азамга ылайык жаиз. (Радд-ул мухтар)

Эски чыныгы диндерде капырдын өлкөлөрүндө иштөөгө жана капырга кызмат кылууга тыюу салынган эмес эле. Динибизде да тыюу салынган эмес. Азыркы мусулмандардын Европага иштегени кеткени сыяктуу, меккелик мусулмандар да Хабашстанга хижрат кылып, ал жерде мусулман эместердин иштеринде иштешкен эле.

Юсуф алейхиссалам пайгамбар болсо дагы, пенделердин кыйын абалда экенин көрүп, мамлекет башчысынын капыр экенине карабастан, ага барып кызмат талап кылган эле. Ошентип, адамдарга кызмат кылды. Андай болсо, пенделерге кызмат кыла турганын билген жана муну өзүнөн башка кыла турган адам жок экенин көргөн адам бул милдетти башка заалым адамга тийүүсүнүн алдын алуу жана мусулмандарга кызмат кылуу үчүн капыр болгон башчыдан кызмат талап кылууга тийиш.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайтыш болгондо бир темир соотунун отуз килограмм арпа үчүн бир яхудиге барымтага койгону белгилүү болду. Хазрети Али кайтыш болгондо артынан дүнүйөлүк мүлк катары Дулдул деп аталган Расулуллах алейхиссаламдан калган качыры менен Зулфикар деп аталган кылычы жана куттуу көйнөгү калган эле. Булар да бир яхудиге мүлк барымтасы катары калтырылган эле.

Капырлар тарабынан жасалган буюмдарды, өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү, кийим-кечелерди колдонуунун же алар менен соода кылуунун зыяны жок. Пайгамбарыбыз алейхиссалам, кутман сахабалар, 14 кылымдан бери аалымдар, олуялар жана бардык мусулмандар капырлар менен соода кылып келишкен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш