Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Жаш бойдон калуунун сыры




Жаш бойдон калуунун сыры


70, 80 жана 90 жаштагы үч бир тууган болгон экен. Үчөө тең сыртынан 60 жаштагы үч эгиздер сыяктуу көрүнүшчү экен. 70 жаштагысынан жаштыкты сактоонун сырын сурашат. Ал болсо: "80 жаштагы агаман сурагыла, менден он жаш улуу болсо да мен сыяктуу 60 жаштагы адамдай жаш болуп турат”, - дейт. 80 жаштагы агасына барышат. Ал болсо 90 жаштагы агасын көрсөтүп: "Менден улуу болсо да 60 жаштагыдай жаш болуп турат, ошондон сурагыла”, - дейт. 90 жаштагы жигит аксакалга барышат. "Анда эмесе келгиле силерге түшүндүрүп берейин. Алгач бир нерсе жеп алалы, андан кийин айтып берем”, - дейт.

Тамактан кийин өзүнө окшогон тың кемпирине дасторконго дарбыз алып келүүсүн өтүнөт. Кемпири кампадан бир дарбыз тандап келет. Жигит аксакал дарбызды чертип көрүп жактырбай, мындан да жакшыраагын алып кел дейт. Кемпири барып кайра дарбыз алып келет. Биздин жигит аксакал аны да жактырбайт, кайра башка дарбыз алып кел дейт. Кемпири дагы бир дарбыз алып келет, бирок, аны да жактырбайт.

Конокторго: "Кемпирдин тандагандарынан жакшысы чыкпады, келгиле, бирге барып жакшысын тандайлы”, - дейт. Кампага барып карашса бир эле дарбыз турат. Кемпирдин бир эле дарбызды алып келип, кайра алып кетип жаткандыгын түшүнүшөт.

Жигит аксакал конокторуна: "Мына эми, жаш бойдон калуунун сырын түшүндүңөрбү?” – деп сурайт. Алар да түшүнгөн жокпуз дешет. Аксакал: "Кампада дарбыз бирөө эле эмес беле? Кемпирим мени силердин алдыңарда уялтпаш үчүн ар келген сайын башка-башка дарбыз алып келип жаткансып көрүндү. "Кампада башка дарбыз бар беле, болгону бирөө калыптыр” деген жок. Ал мени эч капалантпады, мен дагы аны эч капалантпадым. Үй-бүлө ичиндеги эч бир нерсени сыртка, б.а., өз эне-атабызга да, башкаларга да эч качан билдирген жокпуз. Бири-бирибизди башка бирөөлөрдүн алдында жаман ахвалда калтырган жокпуз, уялткан жокпуз. Ушундайча, экөөбүз тең жаштыгыбызды сактадык”, - деп жаштыктын сырын түшүндүргөн экен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш