Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Ким эмне кылса ошону көрөт




Ким эмне кылса ошону көрөт


Илгери кылам дегенин кылган, каршы тараптын сөзүн укпастан, изилдебестен өкүм берген бир өкүмдар болгон эле. Бул өкүмдар бир күнү аялы менен сарайынын кенен бакчасында эс алып жүргөн эле. Сарайдын багбаны болсо ошол бакчаны карачу. Багбан өкүмдардардын аялы менен бирге өзү тарапка карай келатканын узактан көрүп, аны аялынын жанында ыңгайсыз кылбаш үчүн көздөн жашырынууну каалайт. Бирок, каерге барса да өкүмдардын көзүнө көрүнүп калмак.

Ушул убакта алды жагында турган бактын бутагына чыгуу оюна келет. Бир секирип бактын үстүнө чыгат. Жалбырактардын арасына жашынат. Өкүмдар аялы менен келип ошол бактын түбүнө отуруп алса болобу? Айланада эч ким жок болгондуктан өкүмдардын аялы ээн-эркин сүйлөп жаткан эле.

Бир маалды аялы эс алуу үчүн чалкалап жерге жатат. Өйдө караса жалбырактардын арасында отурган багбанды көрөт. Дароо туруп, ачуу кыйкырат: "Сени менен эч качан жалгыз отуруп сүйлөшө албаймынбы? Сенин кишилериң бизди дайыма эле ээрчип жүрөбү? Бул кандай деген чегин билбестик?”

Өкүмдар таң калат, эмне болуп кеткенин түшүнө албай: "Султаным, эмне болду, эмне деп жатканыңды түшүнө албадым. Бирөө сенин тынчыңды алдыбы?” Колу менен бактын үстүн көрсөтүп: "Көрбөй турасыңбы, адам төбөбүзгө чыгып алып бизди тыңшап отурат?”

Өкүмдар башын көтөрүп багбанды көрөт. Тамагы айрылгыча кыйкырат: "Тез жалатты (жазалоочуну) чакыргыла, келсин!” – деп буйрук кылат. Бул убакта бираз өзүнө келген багбан түзөлүп өйдө турат. Этегине жабышып, себебин айтып, өкүмдардан кечирим сурайт. Бирок, пайда чыкпайт. Өкүмдар адамдарына кайрадан кыйкырат:

- Кайда кетти жаллат, дагы эле келе элекпи, мобул адамдын оозу тынбай дагы эле сүйлөп жатат?

Багбан айтат:

- Өкүмдарым, билип турам, өмүрүмдүн акыры келди. Баары бир мени өлтүрөсүз. Өлүүдөн мурда сизге маанилүү окуяны айтып берүүнү каалап турам. Өтүнөм, мени угуңуз. Мени өлтүрө бериңиз, бирок, сөзүмдү угуп болгондон кийин өлтүрө бериңиз. Мени угуунун зыяны болбойт. Бул окуя мен үчүн маанилүү болгондой эле сиз үчүн дагы ошончолук маанилүү!... Өмүрүңүз менен байланыштуу.

Өкүмдар бираз жумшарып калган эле. Бул маанилүү окуяга кызыгат. Өз өмүрү менен кандай байланышы болушу мүмкүн эле. Баары бир багбан качып кете албайт. "Айта турчу окуясын угайын, андан кийин деле өлтүртөм, чынында эле мага да байланышы болсо керек” деп ойлонот. Багбанга бурулуп:

- Айта бер андай болсо. Бирок, мени алаксытып өлүмдөн кутулууну ойлоп турган болсоң жаңыласың, бекерге аракет кылба! – деп эскертет.

Багбан окуяны айтып баштайт: "Султаным, менин атам дагы бир өкүмдардын бакчасында мен сыяктуу багбан болгон. Гүлдөрдү, бактарды бакчу. Сарайдын бакчасында ар кандай түрдөгү бир жаңгак багы бар эле. Эмне себептен экени белгисиз, бул жаңгак багында ар жылы бир жаңгак өсчү. Бирок, эми бышып үзүп ала турчу маалы келгенде жоголуп кетчү. Өкүмдарга бул жаңгакты жеш насип болбойт. Үч жыл бою бул окуя кайталанганда өкүмдардын сабыры түгөнүп, атамды жанына чакырып мындай буйрук берет:

- Эгер бул жылы дагы жаңгакты карап, бышкан кезде мага алып келбесең башыңды жогото турганыңды билип кой. Сөзсүз!

Бечара атам ошондон тарта күнү-түнү жаңгактын түбүнөн чыкпай кайтарат. Жаңгак багынын түбүнө жатып-турат. Дайыма көзү бир гана жаңгакта болот. Жаңгак бышса үзүп өкүмдарга алып барсам, өлөмбү-каламбы деген азаптан тезирээк кутулсам деп күтөт.

Акыры жаңгакты үзө турчу мезгил келип жетет. Атамдын көзүнө уйку кирбейт. Себеби, башынан ажырап калуу коркунучу бар. Бир күнү караса жаңгактын дал үзүлө турчу убагы болот. Кубануу менен мына үзөйүн деген кезде бир карга келип жаңгакты тиштеп алып учуп жөнөйт.

Атам аркасынан жүгүрөт, кыйкырат, бирок, майнапсыз. Көзүнүн карегиндей караган жаңгактан айрылат. Эми кыла турчу эч нерсеси калбайт. Аркасынан: "Менин өлүмүмө сен себепчи болдуң”, - деп карганы каргайт.

Бир маалда караса калдайган бир бүркүт карганын артына түшкөн экен, тырмагын бир шилтеп каргыны өлтүрөт. Атам алды жактан бүркүткө кыйкырат:

- Эй, бүркүт, эч кимдин кылганы жерде калбайт. Сенин дагы өлүмүң жакын. Кезекке сен да кирдиң!

Дегиче болбой караса асманда каалгып учкан бүркүттү мээлеп жаткан мергенчини көрөт. Окту бүркүттү көздөй атат. Ошол замат ок тийип калдайган бүркүт жерге түшөт. Атам мергенчиге кыйкырат:

- Сенин кылганың эмне, эми кезекке сен да кирдиң!

Мергенчи атамдын сөзүн түшүнбөй калат. Атам мергенчинин жанына жакындап баратканда мен анын аркасынан илгерилеп бараткан элем. Атам күтүлбөгөн жерден мергенчиге кыйкырат:

- Абайла, абайла! Жылан!...

Бирок, мергенчи түшүнө электе эле бутуна оролгон жылан уусун мергенчинин бутуна киргизет. Кийин сойлоп алыстап баштайт. Атам жыландын аркасынан кыйкырат.

- Эй, жылан, кезекке сен да кирдиң! Сенин дагы өлүмүң жакын!

Мен эмне болуп жатканын анча түшүнө алган эмес элем. Менин жаныман өтүп качып бараткан жыланды көргөндө колума алган чоң таяк менен жыландын артына түштүм. Атамдын:

- Кой балам, антпе балам! дегенине карабастан таякты жыландын башына чаап калдым, ошол жерде өлдү.

Муну көргөн атам айласы түгөнүп, кайгырып менин жаныма жакындайт.

- Балам, эми сен дагы кезекке кирдиң. Эмне үчүн мени укпадың? – деп капасын айтат. Бирок, болор иш болгон эле. Кыла турчу эч нерсе калган эмес эле!”

Акыры барып иштин каерге такала турганын кызыгып күтүп турган өкүмдар багбанды өлтүрө турган болсо кезектин өзүнө келе тургандыгын түшүнгөн эле.

Коркконунан:

- Көзүмө көрүнбө, жогол бул жерден! – деп багбанга кыйкырат.

Ушундайча багбан жанын куткарган экен. Албетте, өкүмдар дагы...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш