Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Апа, апа, Аллах бизди көрүүдө




Апа, апа, Аллах бизди көрүүдө


Хазрети Омар халифа болуп турганда бир түнү коопсуздукту текшерүү үчүн Медина көчөлөрүн кыдырып жүргөн эле. Караңгы түндө бир үйдүн жанынан өтүп бара жатып бийик добуш келип жатканын угат. Бир эне өз кызына мындай деп жаткан эле:

- Кызым, эртең сатыла турчу сүткө суу аралаштыр!

- Апа, Халифабыз сүткө суу аралаштырууга тыюу салбадыбы?

- Кызым, түндүн бул оокумунда Халифанын кайдан кабары болмок эле, ал азыр төшөгүндө жатат.

- Апа, апа! Халифа уктап жатат, кабары болбойт дейсиң! Ар нерсени билген, көргөн жана бардык нерсеге эгедер болгон Аллаху таала бизди көрүүдө, кандай абалда турганыбызды билет! Куулугубузду адамдардан жашыра алуубуз мүмкүн, бирок, бардык нерсени билген жана көргөн Аллахтан кантип жашырасың?

Хазрети Омар бул кыздын көркөм ахлагына айран таң калат. Бул окуяны жубайына айтып берет. Кийин ал кызды уулу Асым менен үйлөндүрөт. Асымдын бул аялдан бир кызы дүнүйөгө келет. Бул кыздан болсо адилеттүү халифа болгон Омар бин Абдулазиз хазреттери дүнүйөгө келет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш