Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Сага Аллахтын азабы келет




Сага Аллахтын азабы келет


Бир киши өзү жалгыз жолчулукта жүргөндө шайтан адам келбетинде жанына келип, ага жолдош болот. Ал киши бешим намазын, асыр намазын, шам намазын жана куптан намазын окубады. Шайтан аябай таң калып турду. Ар жолу: "Балким убактысынын аягында окуса керек, унутуп койсо керек”, - деп күттү. Бирок, андай болгон жок.

Кеч болот. Баягы киши жатып уктайт. Таң атат, багымдат намазын дагы окубай тургандыгы белгилүү болуп калганда шайтан ал кишинин жанынан кетүүнү каалайт. Ал киши: "Кандай сонун жолдош элек, же сени таарынтып койдумбу? Бир нерсе кылган болсом айт”, - дейт. Шайтан жооп бербеди. Ал киши: "Айтпасаң болбойт”, - деп туруп алат.

Шайтан: "Сен менин ким экенимди билесиңби?”, - деп сурайт. Ал киши: "Сен баланча кишимин деп айтпадың беле?” - дейт. Шайтан: "Жок, мен шайтанмын. Эки жүз миң жыл толугу менен ибадат кылдым. Ал убакыттын ичинде бир жолу Аллахка күнөөкөр болдум жана ошондуктан куулдум. Сен болсо бир күндө беш жолу Аллахка каршы чыктың. Балким азыр сага Аллахтын азабы келип калаар. Сенин жаныңда жүрүп мен дагы азапка учуроодон коркуп турам”, - деп, ал жерден кетип калат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш