Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Хатим Таиден да өткөн жоомарт кедей




Хатим Таиден да өткөн жоомарт кедей


Жоомарттыгы менен тилдерге дастан болгон Хатим Таи айтат:

- Өзүңөн да өткөн жоомарт кишини көрдүң беле?

- Ооба көргөм.

- Ал ким?

- Жетим бир жаш жигиттин үйүндө конокто болдум эле. Бир кой союп, мени конок кылды. Койдун бир жери абдан жагып калды. Ант берип: "Койдун бул жери абдан даамдуу экен”, - дедим. Жаш жигит сыртка чыкты. Он кою болгон экен. Бирин мурдараак сойгон экен. Тогузун да жаңы союп, мен жактырган жерлерин бышырып, алдыма койду. Мен аны билген эмес болчумун. Кетип жатып эшиктин алдындагы кандарды көрүп, бираз нааразы болгонсуп сурадым:

- Он койдун баарын сойуунун кереги бар беле?

- Субханаллах, мында таң калыштуу эмне бар? Бир нерсе сизге жагыптыр. Муну кылууга да алым жетип турган. Муну кылбай, сизден кызгансам туура болмок беле?

Муну угуп турган достору кайра сурашат:

- Жетим жаш жигиттин жакшылыгына жооп катары сен дагы ага бир нерсе бердиң беле?

Хатим Таи мындай дейт:

- Бердим, бирок, маанилүү эмес.

- Эмне бердиң эле?

- Үч жүз төө менен беш жүз кой.

- Андай болсо сен андан да жоомартсың.

- Жок, ал жаш жигит менден да жоомарт. Анткени, ал колундагынын баарын берди. Мен болсом малымдын бир аз бөлүгүн бердим. Бир кедейдин жарым нанынын баарын конокко бергени маанилүүбү же бир байдын короосунан бир төөнү конокко бергениби?


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш