Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Расулуллахтын сага саламы бар




Расулуллахтын сага саламы бар


Карызын төлөй албай жүргөн бир кедей киши Равза-и Мутаххарага барып: "Йа, Расулаллах! Шапаат кылыңыз, карызым бар, төлөй албай жатам!” – деп арыз-муңун айтат. Бираздан кийин уктап калат. Түшүндө Расулуллах алейхиссаламды көрөт.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Баланча жерге бар, ал жерде бир бай киши бар, ага менден салам айт, карызың канча болсо, ошончо акча сура. Туура айтып жатканыңа далил сураса ар күнү мага 100 салават айтпастан жатчу эмес, кечээ аны унутуп койду... Ошону эстет, бүгүн кечинде айтып жатсын”, - деп айтат.

Чоочуп ойгонуп кеткен кедей түшүндө Пайгамбарыбыз айткан бай адамды издеп табат. Байдын үйүнө барганда анын саман элеп жатканын көрөт. Саманга беш тыйын акчасын түшүрүп алып, аны табуу үчүн самандын баарын электен өткөрүп жаткан эле. Анын бул абалын көргөн кедей таң калып, бирок, эмне болсо дагы мен милдетимди аткарайын деп, Расулуллахтын саламын ага айтат:

"Расулуллахтын сага саламы бар. Салават айтууну кечээ унутуп койгон турбайсыңбы, бүгүн кечинде окуп жатсын деди. Мен болсо карызы бар адаммын, 300 дирхам карызымды төлөөгө жардам берүүң үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам мени сага жиберди”, – дейт.

Пайгамбарыбыздан салам келиши ал адамды абдан кубантат. "Эмне деди, эмне деди", - деп кедей кишиге үч жолу айттырат. "Мени мазактап жатасыңбы", - деп бурулуп артка кетип баратканда бай адам дароо анын жолун тосуп: "Мен сенин оозуңан Расулуллах алейхиссаламдын саламын көбүрөөк тыңдайын деп үч жолу айттырдым. Ар бир айтканыңа 300 дирхам беремин. Эгер андан да көп айтканыңда ар бири үчүн 300 дирхам бермекмин”, – деп, кедей кишиге 900 дирхам берет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш