Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Жамандык кылган өзүнө кылат




Жамандык кылган өзүнө кылат


Бир зат бир падышага мындай деп айтат:

- Сага жакшылык кылганга андан көбүрөөк жакшылык кыл, жамандык кылганга эч нерсе кылба, анын жамандыгы өзүнө жетет.

Муну көргөн бирөө ал затка көралбастык кылып падышага айтат:

- Бул зат мага келип, сенин оозуң жаман жыттангандыгын айтты.

- Чын айтып жатасыңбы?

- Албетте, чын айтып жатам, жаныңа келгенде оозу-мурдун жаап алса сөзүм туура чыгат.

- Анда муну бир сынап көрөлү.

Бир күнү баягы затты тамакка чакырып тамагына сарымсак кошот.

Анан мындай деп айтат:

- Падышанын тынчын кетирбөө үчүн ага жакын барба!

Ал зат падышанын алдына барып күтүп турганда падыша сынап көрүү үчүн ал затка айтат:

- Мага жакын кел!

Ал зат болсо оозу-мурдун жаап алып падышага жакын барат. Падыша ичинен "баягы киши туура айткан турбайбы" деп, кат жазып, бул заттын колуна карматып айтат:

- Бул катты баланча аскер башчыга алып бар!

Ал зат катты алып сыртка чыкканда өзүнө тамак берген адамга жолугуп калат. Ал адам сурайт:

- Колуңдагы эмне?

Падышанын өз колу менен жазган буйруктары көбүнчө бир сыйлыктын берилүүсү үчүн жазылган буйруктар болгондуктан мындай деп айтат:

- Падыша бираз сыйлык жазып берди, аны алууга баратамын.

- Өтүнөм, аны мага берчи!

-  Макул, мына алыңыз!

Ал киши кагазды алып, аскер башчыга барат. Жазылган нерсе ал ойлогондон башкача болуп чыгат. Падыша кагазда: "Бул кагазды алып келген адамды жазала!” - деп жазган экен. Муну уккан ал киши: "Мунун ээси мен эмесмин, кааласаң мунун чыныгы ээсин алып келейин” дегени менен пайда чыкпайт. Буйрук дароо орундалат. Эртеси күнү ошол зат падышанын алдына дагы барганда падыша айтат:

- Сага кечээ берген катым эмне болду?

Ал зат болуп өткөн окуяны айтып берет. Падыша сурайт:

- Менин оозумду жаман жыттанат деп айтып жүргөн экенсиң, чынбы?

- Жок, андай дегеним жок.

- Андай болсо эмне себептен мага жакын келгенде мурдуңду жаап алдың?

- Ал адам мага сарымсак кошулган тамак жегизген болчу. Жыты сизди жийиркентпесин деп оозумду жаап алдым эле. Ошондуктан, мурдум дагы жабылган болду.

Падыша окуяны түшүнүп мындай дейт:

- Жамандык кылган жамандыгынын жазасын алды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш