Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Нил дайрасына кат




Нил дайрасына кат


Хазрети Омар (радыйаллаху анх) Амр ибни Асты (радыйаллаху анх) Мысырга аким кылып дайындаган эле.

Бир нече ай өттү.

Мысыр калкы жыйналып, Амр бин Аска келип:

«Бул Нил дайрасынын бир адаты бар, эгер ал орундалбай турган болсо суусу соолуйт», - деп арыздарын айтышты.

Амр бин Ас сурайт:

«Ал адаты эмне?»

Жообунда:

«Ар айдын он экисинде бир кыз наристени табабыз. Эне-атасын мал-оокат менен ыраазы кылабыз. Ал кызды өзгөчө кийимдер менен кооздоп Нил дарыясына таштайбыз», - дешти.

Амр бин Ас буга өтө таң калды.

Келген элге:

«Исламда мындай нерсе жок. Ислам бардык жаман адаттарды жойгон», - деди.

Ошол белгилүү болгон күн келип жетти.

Нилдин суусу соолуду.

Эл көчө баштады.

Хазрети Амр (радыйаллаху анх) бул абалды Хазрети Омарга (радыйаллаху анх) кат менен кабарлады.

Хазрети Омар катты алды.

Окуп, маселени түшүндү.

Ал дагы өтө таң калды.

Ошентип, катка жооп катары:

«Андай нерсе болбойт. Каттын ичине бир тилим кагаз салдым. Аны Нил дайрасына ташта!» - деп жазды.

Кат акимге келди.

Анда мындай деп жазылган эле:

«Омар-ибнул Хаттабдан Нил дарыясына. Мурда өзүң агып жаткан болсоң акпа. Эгер Аллаху тааланын буйругу менен агып жаткан болсоң Ал сени албетте агызат.»

Амр бин Ас кагазды алды да, Нил дайрасына таштады. Нилдин суусу он алты чыканак көтөрүлдү. Бир дагы соолубады...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш