Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Сенде текебердик бар




Сенде текебердик бар


Абдулваххаб Шарани хазреттеринин устазы Шейх Зекерия Ансари хазреттери болуп саналат. Бул заттын дагы өтө бийик даражалуу устазы бар эле. Бир күнү устазы менен бирге отурганда Хызыр алейхиссалам келет. Сухбаттын акырында Хызыр алейхиссалам бул заттын устазына: «Сенин бул шакиртиңин өтө чоң күнөөсү бар. Мунун мындан ары илгерилөөсү мүмкүн эмес. Мындан тообо кылмайынча кутула албайт», - деп көздөн кайым болот. Шейх Зекерия Ансари хазреттери: «Устаз, өтүнөм, Хызыр алейхиссалмды чакырсаңыз, бул күнөөнүн эмне экендигин билип алайын», - деп жалбарат. Бирок, устазы: «Хызыр алейхиссалам чакыруу менен келбейт. Өзү качан кааласа ошондо келет», - дейт. Бул зат күн сайын тообо кылат, каеринде кемчилиги бар экендигин ойлонуп, таба албайт. Бир күнү дагы устазы менен бирге отурганда Хызыр алейхиссалам келет. Дароо өздөрүн түйшөлткөн бул маселени сурашат. Хызыр алейхиссалам айтат:

«Сенде текебердик бар. Жазган жазууларыңдын алдына «Шейх Зекерия Ансари» деп жазуудасың. Шейхтик ким, сен кимсиң?» - дейт. Ошол замат дароо тообо кылып, мындан кийин жазууларынын алдына «Адамдардын эң төмөнү Зекерия» ж.б. сыпаттар менен бирге атын жаза баштайт. Өзү чындыгында эле Шейх эле.

Шейх Зекерия Ансари мезгилинде ал жашаган жердин Султаны бир чечим чыгарат, бирок, ал чечимдин динге каршы жерлери жана элге зыян берген жактары да бар эле. Муну укканда дароо атына минип түптүз Султан турган чепке карай жөнөйт. Султандын кишилери муну укканда Султанга: «Мырзам, Шейх хазреттери келе жатат», - дешет. Султан: «Чепти жаап, эшиктерин чынжырлагыла», - дейт. Эшиктерди жаап, чынжырларды тагышат. Мубарек зат эшикке келгенде колундагы жазуусу бар дептерин чынжырга каратат. Чынжырлар сынып, эшиктер ачылып, Султандын жанына келет. Султан: «Устаз, эмне кемчилик кылдык? Күнөөбүз эмне?» - деп сурайт. Султанга «Баланча буйругум жаңылыш, туурасы мына бул» деп жаз дейт. Жаздырып кетип жатып: «Эми эшиктерди жапкыла», - дейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш