Ислам дини » Сахабалар » Эң акыркы кайтыш болгон сахабалар




Эң акыркы кайтыш болгон сахабалар


Абдуллах бин Абу Авфа хижраттын 86-жылы Куфа шаарында, Абдуллах бин Йаср 88-жылы Шамда, Сахл бин Саад 91-жылы жүз жашында Мединада, Анас бин Малик 93-жылы Басрада, Абуттуфайл Амр бин Васила 100-жылы Меккеде кайтыш болгон. Сахабалардын эң акыркы кайтыш болгону ошол эле.

Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам өзүнөн кийин кимдин халифа боло тургандыгы тууралуу эч кимге эч нерсе айткан эмес эле. Өзүнөн кийин Абу Бакр Сыддыктын халифа боло тургандыгын ишарат кылган эле. Мисалы, Медина шаарына көчкөн кезде Мединада мечит салдырды. Ушул мечитти салдырарда пайдубалынын биринчи ташын өзү койгон. Өзү койгон таштын жанына алгач Абу Бакрдын, кийин Умар Фаруктун бир таш коюусун жана анын жанына Осман Зиннурейндин бир таш коюусун буюрду. "Менден кийин халифаларым ушулар”, - деп буюрду.

Сахабалардан Анас бин Малик (радиаллаху анх) мындай дейт: "Бани Мусталак кабиласы (уруусу, эли) мени Расулуллахка жиберди. "Сенден кийин зекетти кимге беребиз деп сура”, -деп айтышты. Барып сурадым. Пайгамбарыбыз: "Абу Бакрга бергиле”, - деп жооп берди. Мени кайра жиберишти. Барып Абу Бакрдан кийин кимге берүүнү сурадым. "Омарга”, - деп айтты. Андан кийин Османга бериле тургандыгын айтты. Расулуллах эң акыркы жолу ооруганда өзүнүн ордуна Абу Бакрди имам кылып дайындаган эле”.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш