Көздү харамдан сактоо


Суроо: Деңизде, көлдө, мончодо, ысык суу булагында «Баарыбыз эркекпиз же баарыбыз аялбыз» деп, эркек эркектердин жанында, аял аялдардын жанында ачык жүрүшөт. Бул күнөө эмеспи? Нур сүрөсүнүн «Эй, Расулум, момундарга айт, харамды карашпасын жана аврат жерлерин харамдан коргошсун»деген маанидеги 31.чи аятында билдирилген аврат жерлер эмнелер?

ЖООП

Каралуусу харам болгон жер аврат жер деп аталат. Ханафи жана Шафииде эркектин аврат жери киндик менен тизе арасы. Аялдардын бири-бирлерине аврат жери эркектин эркекке аврат жери сыяктуу. Мусулман аялдын мусулман эмес жана фасык аялдар менен динсиз ага (атасынын эркек бир тууганы) жана таекенин жанында жабынуусу үч мазхабда тең парз, Ханбали мазхабында жаиз. Ханбали мазхабынын айырмалуу жөнү мындай:

Эркектин эркекке аврат жери тизе менен киндик арасы эмес бир гана саватайн, тагыраагы, эки одоно уят жерлери болуп саналат. Аялдын аялга аврат жери калган мазхабдар сыяктуу тизе менен киндик арасы. Бирок, калган мазхабдардан айырмаланып мусулман эмес аялдарга да киндик менен тизе арасынан сырткары калган жерлерин көрсөтүүсү жаиз. Калган үч мазхабда болсо жаиз эмес. Зарылдык болгондо Ханбали мазхабы таклид кылынып, оронгон аял ачык аялдардын жанында башын, колдорун ача алат.

Аврат жерин ачуу же башкасынын аврат жерин кароо чоң күнөө. Мончого, ысык сууга, көлгө түшүүгө барган киши тизе менен киндик арасын жана тизелерин да кошо жабуусу парз. Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулган:

«Эркектин киндик менен тизелеринин арасы аврат.» [Абу Давуд]

«Сан – аврат жер.» [Бухари, Абу Давуд, Тирмизи]

«Үйлөрдүн эң жаманы мончо. Ал жерде үндөр көтөрүлөт, авраттар ачылат. Эмделүү же кирден тазалануу үчүн бара турчу адам жамынып кирсин.» [Табарани]

«Аллаху таалага жана акыретке ишенген адам мончого пештамал менен оронуп кирсин!» [Насаи]

«Эркек эркектин, аял аялдын аврат жерин кароосу адал болбойт.» [Муслим]

«Аврат жериин ачканга жана башка биринин аврат жерин караганга Аллах лаанат кылсын!» [Байхаки]

«Дин боордошунун аврат жерин атайылап карагандын кырк түндүк намазы кабыл болбойт.» [И.Асакир]

Үйдө эч ким жок болсо да жылаңач туруу күнөө. Хадиси шарифтерде мындайча буюрулган:

«Жалгыз кезде да аврат жериңерди ачпагыла! Себеби, жаныңардан эч ажырабагандар [коргоочу периштелер] бар. Алардан уялгыла жана аларга урмат кылгыла.» [Ашиат-ул-лемаат]

«Аврат жерлериңерди жапкыла! Жалгыз кезде да Аллаху тааладан уялгыла!» [Тирмизи]

«Аллаху таала уяттуулукту жана жабынууну сүйөт. Андай болсо, жуунуп жаткандаа аврат жериңерди жапкыла.» [Абу Давуд]

«Түнү гусул алып жатканда аврат жерин ачуудан сактангыла. Эгер сактанбаган адам чыгып, анда жиндилик белгиси көрүлө өзүнөн башкасын күнөөлөбөсүн.» [Хаким]

Оронгон болсо дагы аялды шахват (кумар) менен кароо күнөө. Аялдын эркекти кароосу да күнөө. Умм-и Салама энебиз айтат: «Расулуллахтын жанында болгонубузда эки көзү тең көрбөгөн Ибни Умми Мактум уруксат сурап ичке кирди. Расулуллах бизге: «Ичкери киргиле»,- деп буюрду. «Анын көзү азиз эмеспи, бизди көрбөйт», - дедим. «Ал силерди көрбөсө да силер аны көрүп жаткан жоксуңарбы?» - деди.» (Тирмизи, Абу Давуд)

Суроо: Аял аялга болгондо оронууга жана аврат жерлерин жабууга көңүл бөлүнбөйт. Кээ бирлери мунун күнөө болбогондугун ойлойт. Булар күнөө эмеспи? Бир аял башка бир аялдын эмнелерин карай албайт?

ЖООП

Имам Раббани хазреттери салиха бир аялга жазган катта мындай деп буюрууда:

Калб (көңүл) көзгө таби. Көздөр харамдан сактанбаса көңүлдү сактоо кыйын болот. Андай болсо ыйманы барлардын харам иш кылбоолору керек. Эркектердин тең жынысчыл болуулары харам болгондой эле, аялдардын да тең жынысчыл болуулары харам. Аялдын да кайсыдыр аялды шахват менен кармоосу жана кароосу харам. Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулган:

«Аялдын аялга жакындоосу [лезбияндык, сафизм] - зина.» [Табарани]

«Эркектин эркекке, аялдын аялга жакындоосу – зина.» [Байхаки]

«Акыр заманда тең жынысчыл үч бөлүккө бөлүнөт: Бир бөлүгү сүйлөшүү жана кароо менен, экинчиси кол алышуу жана кучакташуу менен жетинет. Бир бөлүгү болсо бул ишти аракет менен жасайт. Аллах буларга лаанат кылсын! Тообо кылгандын тообосун Аллаху таала кабыл кылат!» [Дайлами]

Аял аялды шахват менен карай албайт жана кармай албайт; күйөөсүнөн башкасына, эркек жана аял ким болсо болсун бөтөн бирөөгө жасана албайт. Хадиси шарифте мындайча буюрулган:

«Бир аял сүрүнгөн жытты билдирүү үчүн жамияттын жанынан өтсө ал дагы, аны караган дагы [бир түр] зина кылган болот.» [Насаи]

Эркек менен аял башка жыныстан болгондуктары үчүн бир жерге жыйналуулары кыйын. Аялдын аялга жакындашуусу болсо андан жеңил. Ошондуктан, аялдын аялга кароосу жана кармоосу эркектин аялга жана аялдын эркекке кароосунан да жаман болуусу мүмкүн. Эркектин эркек үчүн жана аялдын аял үчүн аврат жери – тизе менен киндик арасы. Бир аял башка бир аялдын киндик менен тизе арасын карай албайт. Зарылдыксыз караса харам иш кылган болот. Аялдын бөтөн бир эркек үчүн аврат жери - колу (алакан бөлүгү) жана жүзүнөн башка бүткүл денеси. Башка биринин аврат жерин зарыл болмоюн шахватсыз кароо дагы харам. Хадиси шарифтерде мындай делген:

«Эркек эркектин, аял аялдын аврат жерин карай албайт, адал эмес.» [Абдурраззак]

«Эркектин аялга, аялдын болсо эркекке [шахват менен] кароосу харам.» [Табарани]

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш