Ислам дини » Ажылык » Ажылыктын маанилүүлүгү




Ажылыктын маанилүүлүгү


Күчү жеткен, чамасы бар адамдын өмүрүндө бир жолу ыйык Каабага барып ажылыкка тийиштүү болгон ибадаттарды аткаруусу фарз болуп эсептелет. Андан кийинки орундала турчу ажылыктар нафил болот. Фарз болгон ажылыкка барууга аракет кылуу керек. Бир жолу фарз болгон ажылыкты орундоо жыйырма жолу Аллах жолунда жихад кылуудан да сооптуу болуп саналат.

Хадиси шарифте мындай деп буюрулган:

"Ажылык – суунун кирди тазалаганындай күнөөлөрдү тазалайт.” (Таберани)

Кабыл болгон ажылык намаз, орозо жана зекет фарздарынын кечирилүүсүнө себеп болбойт. Буларды кечиктиргендиктин күнөөсүнүн кечирилүүсүнө себеп болот. Кул акылары берилбесе же халалдашпаса өтөлгөн болбойт. Кул жана Хак карыздарынан башка күнөөлөр кечирилет. Хадиси шарифте: "Арафатта вакфага турса дагы күнөөлөрүнүн кечирилбегендигин ойлогон адам чоң күнөөгө кирген болот”, - деп буюрулду. (Дайлами)

Ажылык сахих болуусу үчүн маалында орундалуусу керек. Кабыл болуусу үчүн ажылыктын сахих болуусу, ал адамдын итикадынын (ишениминин) туура болуусу, бидат ээси болбоосу сыяктуу шарттары бар. Хадиси шарифте: "Бидат кылган адамдын орозосу, ажылыгы, жихады кабыл болбойт”, - деп буюрулду. (Дайлами)

Ажылыктын кабыл болуусу үчүн ажылыктын фарздарын, важибдерин жана сүннөттөрүн кемчиликсиз аткарууга аракет кылып, ниетти оңдоп, рия аралаштырбай, ихлас менен адал акча менен баруусу керек.

Сооданы, дүнүйөлүк иштерди ажылык иштерине аралаштырбоо керек. Карыздары бар болсо төлөп, акы ээлери менен халалдашып, күнөөлөрүнө тообо кылуусу керек. Буларга көңүл буруу менен орундалган ажылык кабыл болот. Хадиси шарифтерде: "Муктаж болбоо үчүн ажылык кылгыла. Ден-соолукка жетүү үчүн сапарга чыккыла” жана "Ажылык байлыкка, зина кедейликке себеп болот”, - деп буюрулду. (Таберани - Шира)

Ажыга бара жатканда ал жакта өлүүдөн коркпоо керек. Жада калса ажылык жолунда өлүүнү табылга деп билүү керек. Хадиси шарифте буюрулду:

"Ажыга бара жатканда же келе жатканда кайтыш болгон адамдын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Ал адам эсепке тартылбастан, азап көрбөстөн Жаннатка барат.” [Исфехани]

Ажыга барган адам башкаларга кыйынчылык кылбоо менен бирге алар тараптан келе турчу кыйынчылыктарга да чыдап, жумшак мамиледе болуусу керек. Хадиси шарифте: "Жумшак мамиле кылбаган адам жакшылык кылбаган болот”, - деп буюрулду. Адамдарга катуу тийип алуудан да сактануу керек. Хадиси шарифте: "Катуулуктан жана жаман нерседен сактангыла. Жумшактык адамды кооздоп, жамандыкты кетирет”, - деп буюрулду. (Муслим)

Ажыга барып келген адамдын эмес ажылыгы кабыл болгон адамдын күнөөсү кечирилет. Хадиси шарифтерде буюрулгандай:

"Кабыл болгон бир ажылык өткөн күнөөлөрдү жок кылат.” [Байхаки]

"Ажылык кылып, жаман сөз сүйлөбөгөн жана тууралыктан айрылбаган адам энесинен туулган күнкү сыяктуу күнөөсүз болот.” [Бухари]

"Ажыга баратканда жолдо өлгөн адамга кыяматка чейин ажылык, жихадка баратып өлгөн адамга да кыяматка чейин жихад сообу жазылат.” [Эбу Йала]

Ажылык жолунда сарпталган акчанын да артыкчылыгы көп. Хадиси шарифтерде:

"Ажылык үчүн сарпталган мүлккө Аллах жолунда сарпталган мүлккө берилгендей жети жүз эсе сооп берилет.” [Байхаки]

"Ажы кедей болбойт.” [Беззар]

"Ажылык кылган адам байыйт.” [Хаким]

Суроо: Ажылыгы кабыл болгон адамдын намаз, орозо, зекет сыяктуу каза карыздары кечирилбегендиги сыяктуу, кечиктирүү, б.а., убактысынан кийинкиге таштоо күнөөлөрү да кечирилбейби?

ЖООП

Кечиктирүү күнөөлөрү кечирилет.

Хажж-ы акбар деген эмне?

Суроо: «Арафа күнү Жума күнүнө дал келген фарз ажылык хажж-ы акбар деп аталат» деген сөз туурабы?

ЖООП

Фарз болгон ажылык хажж-ы акбар, умра болсо хажж-ы асгар деп аталат. Арафа күнү Жумага дал келсе 70 ажылык сообу болот. Эл арасыда бул хажж-ы акбар деп айтылганы менен бул сөз туура эмес. (С.Абадиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш