Исламдын бешинчи шарты - ажылык. Б.а., күчү жеткен
адамдын өмүрүндө бир жолу Каба-и Муаззамага барып ал жерге тийиштүү ибадаттарды
аткаруусу фарз. Экинчи жана андан кийинки орундалган ажылык нафил болот. Ажылык
– сөздүктө белгилүү бир жерди, белгилүү нерселерди жасап зыярат кылуу дегенди
билдирет. Бул белгилүү жерлер Менасик деп аталат.
Менасиктин ар бири нусук деп аталат. Нусук – бул ибадат
дегенди билдирет.