Суроо: Ажылык сапарга бара жатып, ооруп кайтыш болгон
кедей адам ажы болобу?
Жооп
Ажылыкты орундабаган адам ажы боло албайт. Бирок,
ниетине карай көп сооп алат. Себеби, ажылык ибадатты орундоо ниети менен жолго
чыккан. Хадиси шарифте: "Жакшылык кылууга аракет кылып, бирок,
кыла албаган адам ошол жакшылыкты кылган сыяктуу сооп алат”, - деп
билдирилген. Оору же башка себептерден улам жихадга бара албай Мединада калган
сахабалар тууралуу Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Мединада калган
ушундай адамдар бар, бул жихадда ала турган сыйлыгыбызда алар бизге орток”,
- деп айтты. Анткени, алардын ниеттери жихадга баруу, мал-мүлкүн жана
жанын Аллах жолуна жумшоо болчу. Бирок, алардын ал жихадга баруусуна тоскоол
болгон нерсе денелерине келген оору болчу.
Суроо: Вужуб жана ада шарттарын өзүндө тапкан, б.а.,
ажыга баруусу фарз болгон адам ажылык жолунда кайтыш болсо, ордуна өкүл жөнөтүш
керекпи?
Жооп
Өзүнө ал жылы ажылык фарз болгон болсо ордуна өкүл
жөнөтүү керек эмес. Анткени, ажылыгы сакыт болот (б.а., ажылык милдети мойнунан
алынат). Ажылык фарз болгон жылы барбай кийинки жылдарда ажылык жолунда же
үйүндө ооруп калып же абакта же майып болуп калса, ордуна башкасын жөнөтүүсү же
муну осуят (керез) кылуусу керек. Ордуна бирөөнү жибергенден кийин айыкса
өзүнүн да баруусу керек болот. Кийинки жылдарда ажыга бара турган болсо, тахир
(кечиктирүү, казага калтыруу) күнөөсү кечирилет.
Ажылык жолунда өлүү нимат. Хадиси шарифтерде
айтылды:
"Ажылыкка бара жатып жолдо өлгөн
адамга Кыяматка чейин ажылык, жихадга бара жатып өлгөн адамга Кыяматка чейин
жихад сообу жазылат.” [Абу Йа’ла]
"Меккеге бара жатып же ал жерден
кайтып жатып өлгөн адамга акыретте тараза курулбайт, суракка тартылбай жана
күнөөлөрү кечирилет.” [Исфахани]