Ислам дини » Ажылык » Ажылыктын парздары




Ажылыктын парздары


Ажылыктын парздары үчөө. Бирөө орундалбаса ажылык сахих болбойт.

1- Ажылыкты ихрам менен орундоо.

Ихрам ниет менен бирге зикир, башкач айтканда, талбиядан турат, бул кээ бир нерселерди өзүнө тыюу салуу болуп саналат. Намазда ифтитах такбири сыяктуу. Белгиси – паштамал сыяктуу эки ак кездеме болуп, бири белден төмөн оролот, экинчиси далыларга оролот. Жип менен байланбайт, түймөлөнбөйт. Ошондуктан, ороло турчу бул эки кездеме ихрам деп аталды. Тавафты баштоодо ихрамдын ортосун оң колтуктун астынан өткөрүп, эки учун сол далынын үстүнө келтирүү сүннөт.

2- Вакфага туруу.

Арафа, б.а., Зилхижжа айынын тогузунчу күнү Арафаттын Вади-йи Урана делген жеринен башка кайсыдыр бир жеринде бешим жана асыр намаздарынын кийин Вакфага туруу. Ар ким ахил болгон имамга карата өйдө туруп, өйдө тура албаса отуруп имамдын дубасын күтөт. Кийин отура алат, жата алат. Ажылыкка кеч барган адам түз Арафатка барат жана Таваф-ы кудум кылуусу керек болбойт. Зилхижжанын тогузунчу, б.а., Арафа күнү Арафатта болбогон же Арафаттан өтпөгөн адам ажы болбойт.

3- Кааба-и Муаззаманы Таваф Зыярат кылуу.

Тафав Масжид Харам ичинде, Кааба-и Муаззаманын тегерегинде айлануу болуп саналат. Төртү парз, үчү важиб болуп, жалпы жети жолу айланат. Замзам кудугунун жана Макам Ибрахимдин тышында айланып дагы таваф кылуу жаиз. Аялдар таваф кылып жатканда Каабага жакындабоолорунун абзал экендиги Ашбах китебинде жазылган. Даараттын бузулуу ыктымалы көп болсо Шафиилердин Ханафи же Маликини таклид кылуулары керек болот. Тавафтын мечиттин тышынан кылуу жаиз эмес. Тавафка ниет кылуу айрыкча парз. Таваф зыяратын Арафаттан кийин кылуу да парз. Таваф кылып жатканда жана са’й кылып жатканда (б.а., усулу менен басууда) азан окулса, булар калтырылып намаздан кийин толукталат.  

Ажылыктын парз болуусунун шарттары

Суроо: Бир адамга ажылыктын парз болуусу үчүн ал адамда кандай шарттардын болуусу керек?

ЖООП: Бир адамга ажылыктын парз болуусу үчүн ажылыктын вужуб шарттары деп билдирилген шарттардын ал адамда болуусу керек, булар болсо сегизөө:

1- Мусулман болуу.

2- Капыр мамлекетте болгондун да парз болгондугун угуусу керек.

3- Акылдуу болуу.

4- Балагат чагында болуу.

5- Эркин болуу, кул же түрмөдө болбоо.

6- Тиричилигинен артыкча ажылыкка алып барып кайра алып келе тургудай жана артында калгандарга жете тургудай адал акчасынын болуусу. Арам мал-мүлкү болгонго ажыга баруу эмес буларды ээлерине өтөөсү парз. Арам мал менен ажылыкка барган адам ажылык кылбоо азабынан кутулганы менен ажылык сообуна жете албайт. Бул тартылып алынган жерде намаз окууга окшойт. Мындай адамдардын ибадаттарына кедерги болбоо керек. Себеби, күнөөлөр ибадаттарга кедерги эмес. Акчасынын адал экендигинен шектенген адам сооп табуу үчүн Яхия Мырза фатвасында жазылгандай бир адамдан карызга акча алып, ошол акча менен ажыга баруусу керек. Карызын шектүү акчасы менен өтөөсү керек.

7- Ажылык убагы келген болуусу керек. Ажылык убагы Арафа жана майрам күндөрү болуп беш күн. Жолдо өткөн убакыт да эске алынып, вужуб шарттары бул убакыттын башында пайда болгон адамдын өмүрүндө бир жолу ажылыкка баруусу парз болот.

8- Ажылыкка бара албай турганчалык сокур, оорулуу, өтө кары жана жарадар борбоо.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш