Ислам дини » Ажылык » Замзам ичүү




Замзам ичүү


Хадиси шарифтерде айтылат:

"Замзам тойгузат жана ооруга шыпаа болот.” (Баззар)

"Замзамды балээ-кырсыктардан коргонуу ниети менен ичкен адамды Аллаху таала коргойт.” (Хаким)

Абдуллах ибни Мубарак хазреттери: "Расулуллах: "Замзам ичилгенде ниетке жараша пайдалуу болот”, - деп айткандыгы үчүн мен кыяматта суусуздуктан кутулуу үчүн замзамды ичип жатамын”, - деп айтчу. (Ибни Мажа)

Ибни Аббас хазреттери да замзамды ичип жатканда: "О, Раббим! Сенден пайдалуу илим жана мол ырыскы жана ар түрдүү илдеттерге каршы шыпаа тилеймин”, - деп дуба кылчу.

Замзам суусуна байланыштуу сүннөттөр:

1 – Вэда тавафын орундагандан жана таваф намазын окуп бүткөндөн кийин мол-мол замзам суусун ичүү.

2 – Замзамды Каабаны карап өйдө туруп жана Байтуллахты карап үчүү.

Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери айтат:

1 – Замзамды ар жолу ичкенде кабырга сөөктөр шишигенче ичүү керек.

Суулуу замзам

Суроо: Замзам азайган сайын суу кошуп көбөйтүү орундуубу?

ЖООП

Ал кезде суулуу замзам болот. Суу көп аралаштырылган болсо замзамдуу суу болот. Замзам касиети азаят. Суу кошпостон ичүү керек.

Замзам уютулса

Суроо: Бир литр замзам чоң бир битондогу сууга кошулса, уютулуп тонналаган сууну замзамга айлантат имиш. Бул туура болушу мүмкүнбү? Эгер туура болсо эмнеге битондордо ажыдан суу алып келип жатышат? Бир литр алып келинсе, уютулгандыгы үчүн бүткөн кезде суу аралаштырылса өмүр бою жетет. Же Акдеңизге, Карадеңизге же океандарга төгүлөт. Уюла тургандыктан дүнүйөдөгү бардык суулар замзам болот. Же болбосо бул кабарды фанатиктер ойдон чыгарышканбы?

ЖООП

Замзамдын уютулуп-уютулбай тургандыгын билбейбиз. Уютула турган болсо уюткан суулардын сыпаттарын канчалык өзгөртүүдө, аны да билбейбиз. Суунун кээ бир өзгөчөлүктөрү замзамга окшосо да замзам аралаштырылган сууларга да замзам деп айтуу жаңылыш болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш