Ислам дини » Ажылык » Карызы бар адам ажыга бара алабы?




Карызы бар адам ажыга бара алабы?


Суроо: Биз карызы бар үй-бүлөбүз. Карыздарыбызды төлөбөй туруп умрага же ажыга барганыбыз туурабы?

ЖООП: Карыздарыңызды төлөбөй туруп ажыга, умрага жана башка жерлерге баруу туура болбойт. Ушуга карабастан баргандар пайдаланамын деп жатып зыянга учурашат. Башкача айтканда, артык кыламын деп тыртык кылышат да, сезишпейт. Себеби, динибизде билдирилген нерсени эмес напсинин каалоосун ээрчиген болуп, напсинин жана шайтандын купуя куулугуна алданышууда. Кул акысы Аллах акысынан мурда турат. Аллаху таала ушундай такдыр кылган. Кул акылары, кул карыздары ээсине төлөнмөйүнчө Бейишке кирилбейт. Сырат көпүрөсүндөгү жетинчи жана акыркы суроо кул акысынан болот. Бардыгы масум жана күнөөсүз болгон пайгамбарлар дагы корккон маселеде биздин батымдуулугубуздун себеби эмне? Ошондуктан, ажылык жана башка үчүн жыйналган акча алгач карыздарды төлөө үчүн колдонулууга тийиш. Ырайымга, пейизге жетүүнү жана пайдаланууну каалаган адам диндин буйругуна моюн сунууга тийиш.

Хадиси шарифте: "Силердин эң жакшыңар карызын мүмкүн болушунча эртерээк төлөгөнүңөр”, - деп билдирилди. Бир адам мал-мүлкү болуп туруп карызын төлөөнү бир саатка кечиктирсе заалым жана күнөөкөр болот. Намаз окуп жатканда да, орозо кармап жатканда да, уйкуда да, башкача айтканда, ар мүнөттө каргыштын астында болот. Карыз төлөбөө ушундай бир күнөө; уйкуда да токтоосуз жазылат. Мал-мүлкү болуу дегени акчасы бар болуу дегендик эмес. Сата алуусу мүмкүн болгон бир нерсеси болуп туруп сатпаса күнөө кылган болот. Аалымдар дагы: "Карызы бар адамдын карызын төлөп бүтүрмөйүнчө майлуу жана сиркелүү тамак жебеши керек”, - деп айтышкан. Тактап айтканда, карыздын күнөөсү жана кайгысынан улам оозунун даамын дагы ойлобостон, жеп-ичүүдөн дагы үнөмдөп, мүмкүн болушунча эртерээк карызды төлөө керек. Ошондуктан, ар нерсеге акчасын туш келди  корото берүү орундуу эмес! (С. Абадиййа)

Хадиси шарифтерде айтылат:

"Бир адам мүмкүнчүлүгү болуп туруп карызын төлөбөй кечиктирсе, (карызын төлөгөнгө чейин) күндө амал дептерине зулумдук кылуу күнөөсү жазылат.” (Табарани)

"Байдын (төлөөгө мүмкүнчүлүгү болуп туруп) карызын төлөбөстөн кечиктирүүсү зулумдук.” (Бухари)

"Карзы болуп туруп берилген садака кабыл болбойт.” (Бухари)

"Кыйынчылыкка кабылган бир адамды куткарган же ушундай бир адамдын карызын төлөгөн адамды Аллаху таала кыямат күнүнүн коркунучтары жана кыйынчылыктарынан куткарат.” (Муслим)

"Аллаху тааланын даргейинде эң баалуу амал – момундун кайгысын кетирүү, карызын төлөө аркылуу аны кубантуу.” (Табарани, Байхаки)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш