Умра


Умра ажылык заманы болгон беш күндөн башка жылдын ар күнү ихрам менен орундалган, таваф жана сай кылуу жана чач кырдыруу же кесүү болуп саналат. Умранын парзы эки. Ихрам жана таваф. Ихрам умранын шарты, таваф болсо рукну. Сай жана чач алдыруу болсо важиб.

Умра өмүрдө бир жолу Ханафи жана Маликиде сүннөт, Шафии жана Ханбалиде парз.

Ихрамга кирүү жерлери:

Меккеге микат чегинин тышындагы жерлерден келгендер жолундагы микаттардын биринде ихрамга киришет. Меккеде болгон кезде умра кылууну кааласа Меккеликтер сыяктуу Харам аянтынын тышына чыгып ихрамга кирет.

Умра кантип орундалат?

1- Микат чектеринин биринде ихрамга кирилет жана ниет кылынат.

2- Талбия, такбир, тахлил салавати шарифа окулуп Харам шарифке кирилет. Ниет кылынып умра тавафы кылынат. Таваф маалында изтиба жана алгачкы үч шавтта ремел дагы кылынат.

3- Таваф намазынан кийин Месайга барып умранын сайы кылынат.

4- Чач алынып ихрамдан чыгат. Ушундайча умра толукталган болот. Умрада Арафат, Мина, Муздалифадагы менасик, кудум жана вада тавафы жок.

Окула турчу дубалар: Бул жерге жазган жокпуз. Сөзсүз ал дубаларды окуу да шарт эмес, ар ким билген дубаларын окуса болот.

Терминдер:

Ихрам – Ажылык же Умра ниети менен барган мусулмандардын Микат делген аймакта ниет кылып, пештемал сыяктуу тигүүсү жок эки бөлүк жамынуучу кездемени  кийүү менен, мурда өзүнө мубах (эркин) болгон кээ бир нерселерди өзүнө харам кылуусу, б.а., буларды кылуудан сактануусу. Ихрам кийимин кийген киши мухрим деп аталат. Ихрам кийиминин белден төмөн оролгон бөлүгү изар, ийиндерге ташталган бөлүгү болсо рида деп аталат. Аялдар ихрам кийбестен мастура (жабылган) абалда ажылык жана умра ибадатын орундашат.

Сай кылуу – Ажылык жана Умра ибадаты үчүн Мекке-и мукаррамага барган адамдын Масжид-и Харам (Кааба жана короосу) жакынындагы Сафа жана Марва чокулары арасында усулуна карай Сафадан баштап Марвага жана Марвадан Сафага жети жолу барып келүү. Сай – төрт барыш жана үч келиштен турган ибадат.

Микат – Ажылык жана Умра үчүн келгендердин ихрам кийимин кийе турчу белгилүү бир жер. Микаттар мына булар: Зулхулайфа, Зат-ы ирк, Жухфа, Карн (Карен) жана Йаламлам. Мединалыктар Зулхулайфадан, Багдат-Басранын эли Зат-ы ирктен, Шамдын эли Жухфадан жана Нажид эли Каренден, Йемен эли Йаламламдан ихрамга киришет.  (М.Зихни Мырза)

Бир киши ихрамсыз микатты өткөндөн кийин ихрамга кирсе тыюу болгон нерсени кылгандыгы үчүн бир курмандык керек болот. (М.Мавкуфати)

Изтиба – Ажылык жана Умра ибадатында эркектер кийген (эки пештемалдан турган кийим, бири белден төмөн оролот, экинчиси ийиндерге алынган) ихрамды оң колтугунун астына алып, учун болсо сол ийин үстүнө таштоолору.

Изтиба эркекке сүннөт. (М.Зихни Мырза)

Шавт – Ажылык учурунда сай кылып жатканда Сафадан Марвага жана Марвадан Сафага ар бир келиш жана таваф кылып жатканда Каабанын Хажар-ул асвад бурчунан башталган жана башталган жерге келгенде аяктаган ар бир айлануу.

Шавт аяктап Хажар-ул асвад ташына келгенде мына бул дуба окулат: Аллахым! Рахматың менен мени магфират кыл. Карыздан, жокчулуктан, кыйынчылыктан жана кабыр азабынан бул таштын Раббине сыйынамын. (Имам Газали)

Таваф жети шавттан турат. Сай дагы жети шавт. Сафадан Марвага ар барыш бир шавт болгондой эле Марвадан Сафага ар келиш дагы бир шавт. Ушундайча төрт барыш жана үч келиш болот. (М.Зихни Мырза)

Ремел – Ажылык ибадаты орундалып жатканда тавафтын (Кааба тегерегинде айлануунун) алгачкы үчүндө эркектердин кыска кадамдар менен, ийиндерди силкүү менен чалымдуу (бой көтөрүп) басуулары. Калган төртүн кадимкидей басуу менен орундайт.

Иш жана Умра

Суроо: Бир иш үчүн Сауд Аравияга барган киши Меккеге барып ихрамга кирип умра кыла алабы?

ЖООП

Сауд Аравиянын кайсы жерине барганыңызды жазбаган экенсиз. Эгер микат делген жердин ичинде болсоңуз тышына чыгып, ихрам кийип ошондой абалда Меккеге барууңуз керек. Микатта ихрамга кирүү керек. Андан мурда да кийсе болот. Себеби Саадати Абадиййада мындай делген: «Ажылык үчүн, умра үчүн, соода үчүн же кандайдыр бир нерсе үчүн алыстан келгендердин микат делген жерлерди ихрамсыз өтүп, Мекке-и мукаррама Харемине баруулары харам. Өткөн киши кайра микатка келип ихрамга кирүүсү керек. Ихрамга кирбесе курмадык союусу керек болот.»

Микат делген жерлер менен Мекке Хареминин арасы Хил деп аталат. Микаттан өтүп баратканда бир иш үчүн Хилде калууга ниет кылгандардын жана Хилде жашагандардын ажылыктан башка ниет менен ихрамсыз Харемге кирүүлөрү жаиз. Микат жерлерин өтүп баратканда ниет кылып жана талбия кылып усулу менен ихрамга кирилет. Микат жеринен мурда, жада калса, өз мамлекетинде дагы кийүү жаиз жана дагы да жакшы.

Умра жана парз

Суроо: Карызы бар кишинин же барып келүүдө кээ бир күнөөлөрдү кылуу жагдайы болгон же парз сообун орундоо мүмкүндүгү бар болгондун муну кылбастан умрага баруусу жаизби?

ЖООП

Имам Раббани хазреттери мындай деген: «Умрага баруу парз жана важиб эмес, нафил ибадат. Нафил ибадатты кылуу бир парздын ташталуусуна же бир харам иш кылууга себеп болсо ибадат болуудан чыгат, күнөө кылуу болот.» (1\124)

Умра сүннөтпү?

Суроо: Умра сүннөтпү?

ЖООП

Умра Ханафи жана Малики мазхабында муаккад сүннөт. Шафииде өмүрдө бир жолу умра кылуу парз, бирок, дароо орундалуусу керек эмес. Ханбалиде болсо биринчи мүмкүнчүлүктө орундалуусу керек болгон парз. (Мизан-ул кубра)

Умрага баруунун маанилүүлүгү

Суроо: Макамат-ы Мазхариянын 26. Мектубунда жана Имам Раббани хазреттеринин 29, 123 жана 124 мектубдарында умрага жана нафил ажылыкка барууга уруксат берилбегендиги билдирилүүдө. Умра жана нафил ажылык сооптуу эмес.

ЖООП

«Сооп эмес» делген жок. Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрууда: Умрага баруу - парз жана важиб эмес, нафил ибадат. Нафил ибадатты кылуу бир парздын ташталуусуна же бир харам кылууга себеп болсо ибадат болуудан чыгат, күнөө кылуу болот.» (1\124)

«Нафил сооп табам деп харам кылбоо керек», - делүүдө. Динибизде мындай бир эреже бар: Сүннөт же нафил менен макрух кагылышып калса макрух кылбоо үчүн сүннөт же нафил ташталат. Өзгөчө харам кылына турчу болсо ал иш такыр кылынбайт. Айрыкча, аялдардын эркектердин арасына кирүүлөрү, үндөрүн намахрам чоочундарга угузуулары тыюу салынгандыгы үчүн умрага же нафил ажылыкка баруулары эч туура болбойт.

Умрага баруу өтө сооптуу. Садага берүү дагы өтө сооптуу. Парз болгон зекет карызы бар болсо садага берилбейт. «Садага бербегиле, умрага барбагыла» делип жаткан жок, «эки иштен маанилүүрөөгү, сооптуу болгонун тандагыла», - деп буюрулууда.

Парз ибадаттын жанында нафил ибадаттардын эч баасы жок. Деңиздин жанында тамчы да эмес. Шайтан алдап, казаларды кылдырбайт, нафил кылууну, (нафил ажыга жана умрага барууну), зекет бердирбестен нафил кайрымдуулуктарды кылууну көзгө жакшы кылып көрсөтөт. Мечит, Курани карим курсу жана буга окшогон Исламга пайдасы болгон нерселерди кылуу нафил ажылыктан жана умрадан да сооптуу. Нафил ажылык жана умра кылып жатканда сарпталган акчалар мусулмандардын муктаждарына, өзгөчө динге кызмат үчүн берилип жаткан болсо нафил ажылык жана умра кылуу өз мекенинде садага берүүдөн да абзал болот. Себеби, мал менен да, дене менен да ибадат кылынууда. Макамат-ы Мазхарияда 26. мектубда: «Ажылыкта парзды же важибди өзүрсүз таштабоо керек же харам, макрух кылбоо керек. Болбосо, нафил ажылык жана умра кылуу сооп эмес күнөө болот.» «Саадати Абадиййа»

Нафил ибадаттын сообу парз ибадаттын сообунун жанында бир дарыянын жанындагы бир тамчы суудан аз. Ислам аалымдары Меккеге алыс мамлекеттерде болгондордун кайрадан ажылыкка барууларына уруксат беришкен эмес. Сеййид Абдуллах Дехлеви хазреттери 63 мектубда: «Ажылык жолунда көбүнчө ибадаттар толук кылынбайт. Ошондуктан, Имам Раббани 123 жана 124 мектубдарында умрага жана нафил ажылыкка баруудан ыраазы болбогондугун билдирди», - деп буюрууда. Бир парздын орундалуусуна, мисалы, аялдардын оронууларына кедерги болгон нафил ажылык харам болот. Мындай нафил ажылыкка баруу сооп эмес күнөө болот. Умрага баруу дагы ушундай. (Ислам Ахлагы)

Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрууда:

«Бир нафил ажылык кылуу үчүн бир канча тыюулар, харамдар кылынууда. Жакшы ойлонууңар керек! Акылдуу кишиге бир белги жетет. Умра - парз жана важиб эмес нафил ибадат. Нафил ибадатты кылуу бир парздын ташталып кетүүүсүнө же бир харам кылууга себеп болсо ибадат болуудан чыгат. Күнөө кылуу болот.» (1\123)

Парз ибадаттын жанында нафил ибадаттардын эч баасы жок. Бир парзды маалында орундоо [убактысы өткөн болсо дароо казасын орундоо] миң жыл нафил ибадат кылуудан да пайдалуу. Кайсы нафил болсо болсун, канчалык калыс ниет менен кылынса кылынсын, намаз болсун, орозо болсун, зикир, пикир болсун, дагы башка нафилдер болсун баары тең ушундай. Атүгүл, парздарды кылып жатканда бул парздын сүннөттөрүнөн бир сүннөттү жана адептеринен бир адебин сактоо дагы ушундай өтө пайдалуу. Тахрими болгон макрухтан сактануунун пайдасын эми ойлонуу керек. Ооба, бул нафил иштер парздарды сактоо менен жана харамдардан, макрухтардан сактануу менен биргеликте кылынса албетте өтө жакшы болот, бирок, мындай болбосо өтө зыяндуу болот. Мисалы, зекет катары бир тыйынды бир мусулман кедейге берүү нафил катары тоолордой алтын садага берүүдөн жана кайрымдуулук кылуудан эсе-эсе жакшы, эсе-эсе сооп. Бул бир данк зекетти берүүдө бир адепти сактоо, мисалы, туугандардан бир кедейге берүү дагы нафил жакшылыктардан эсе-эсе пайдалуу. (1\29)

Хадиси шарифте: «Дин боордошун кыйындыктан куткарганга (нафил) ажылык жана умра сообу берилет», - деп буюрулду. Хазрети Хасан Сабит Бананиден бир муктаждыгын орундоону суранды. «Мечитте итикаф кылуудамын, башка бир убак кыламын», - дегенде: «Дин боордошунун муктаждыгын камсыздоо үчүн баруунун (нафил) ажылык сообунан да кайырлуу экендигин билбейсиңби?» - деди. Мансап ээлеринин муктаждарга жана мугалимдердин шакирттерине мансаптары жана мал-мүлктөрү менен жардам кылууларынын көп сооп болуусу бул хадиси шарифке таянууда. (Ислам Ахлагы)

Дагы ушул Ислам Ахлагы китебиндеги хадиси шарифте: «Эне-атага жакшылык кылуу нафил катары орундалган намаз, орозо, ажылык (жана умрадан) да пазилеттүү», - деп буюрулган. Даанышман заттар дагы: «Бирөөнө туура жазылган бир дин китебин берүү миң жолу умрага баруудан да сооп», - деп буюрушкан.

Андай болсо, мусулман адам пайдалуу болгон бир ишти тандоосу керек. Деңизди таштап бир тамчынын артынан жүгүрбөө керек.

Суроо: Индустанга, Бухарага жана Парижге туристтик саякатка чыгууну ойлоп жаткан элем, буларга баргандан көрө умрага барып, көп сооп табам деп чечим чыгардым. Кийин Ислам Ахлагы китебиндеги Имам Раббани хазреттери 29,123 жана 124 мектубдарында жана Макамат-ы Мазхария 26 мектубунда нафил ажылыкка жана умрага барууга уруксат беришкен эмес деген жазууну окуганда умрадан дагы баш тарттым. Умрага барууга эмнеге уруксат берилген эмес?

ЖООП

Умрага баруу өтө сооптуу. Умрага уруксат берилбей койчу беле? Садага берүү да өтө сооптуу. Парз болгон зекет карызы бар болуп туруп садага берилбейт. «Садага бербегиле, умрага барбагыла» делген жок, «Эки иштен маанилүүрөөгү, сооптуу болгонун тандагыла» деп буюрулууда. Кандайдыр бир ишкана тарабынан акчасы берилип жөнөтүлүп жаткан болсо же Меккеге жолу чыгып калган болсо анда умра кылуунун зыяны жок, умра кылуу өтө сооптуу болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш