Ажылык


Исламдын беш шартынын бешинчиси - колунда бар күчү жеткен адамдын өмүрүндө бир жолу ажылыкка баруусу. Жаны коопсуз болсо, өзү Меккеге барып келгенге чейин үйдө калган бала-чакасын жете тургудай акча менен камсыз кылат. Мындан ашкан акча менен Мекке-и мукаррамага барып келүү мүмкүнчүлүгү бар болгон, ден соолугу чың адам өмүрүндө бир жолу ихрам  кийип, Каабаи муаззаманы таваф кылуусу жана Арафат майданында туруусу фарз. (Ихрам - ажылыкта кийиле турган ак кездемеден кийим.)

Жогоруда саналып өткөн Исламдын беш шартынын эң жогоркусу Шахадат калимасын келтирүү, анын маанисине ынануу жана андан соң намаз окуу. Үчүнчүсү орозо кармоо, андан кийин ажыга баруу. Эң акыркысы зекет берүү. Калимаи шахадаттын эң жогоркусу экендиги бир добуштан билдирилгендиги белгилүү. Калган төртөөнүн артыкчылык кезеги тууралуу аалымдардын көпчүлүгүнүн сөзү жогоруда белгиленип өткөндөй. Калимаи шахадат Ислам дининде биринчи болуп фарз кылынган. Беш маал намаз бисеттин (Мухаммед алейхиссаламга пайгамбарлыгы билдирилген жыл) он экинчи жылы,  хижраттан бир жыл жана бир нече ай мурун Мираж түнүндө фарз кылынган. Орозо хижраттын экинчи жылы, Шаабан айында фарз кылынды. Зекет берүү орозо фарз кылынган жылы Рамазан айы ичинде фарз болду. Ал эми ажылык хижраттын тогузунчу жылы фарз кылынды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш