Ислам дини » Башка диндер » Диндердеги түрдүүчө өкүмдөр




Диндердеги түрдүүчө өкүмдөр


Суроо: Куран Аллахтын сөзү болгондуктан өзгөрбөдү. Анда Инжил, Тоорат жана башка китептер эмне себептен өзгөрдү?

Жооп

Аллаху таала Курани каримди коргой турганын убада кылган. Ал эми башка китептер үчүн мындай убадасы болгон эмес. Аллаху таала сактасын, Ал суракка тартыла турган бир даражада эмес. Эч кимдин: "Куранды коргоду да, а эмнеге башка китептерди коргогон жок?" - деп сурак суроого акысы жок.

Пайгамбарыбыз алейхиссаламды душмандары өлтүрө алган жок, бирок, Хазрети Закария менен Хазрети Яхйаны жана башка пайгамбарларды душмандары өлтүрдү. Яхудилер миңге жакын пайгамбарды шейит кылышкан. Булар дагы Аллахтын пайгамбарлары болчу. "Эмнеге аларды коргогон жок", - деп айтууга болбойт. Аллах иштеринде эч кимге эсеп бербейт жана суракка тартуу мүмкүн эмес. "Куранды коргоду да башка китептерди эмнеге коргогон жок, ар кыл Инжилдер эмнеге чыкты? Акыр заман пайгамбарын коргоду да, а башка айрым пайгамбарларды өлүмдөн эмнеге коргогон жок?" – деген сыяктуу сөздөрдү айтууга эч кимдин акысы жок.

Курани каримдин коргонуусунун, башка китептер сыяктуу бузулбоосунун бир себеби Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын соңку пайгамбар, динибиздин болсо соңку дин экендиги. Коргобосо чыныгы дин калбайт. Исламдын өкүмдөрү Кыяматка чейин күчүндө калат.

Эски китептердин корголбой калганынын бир себеби да өкүмдөрдүн убакыт өтүп өзгөрүүсү. Өзгөрүп, амал кылынбаган өкүмдөрдү коргоо керек эмес. Өзгөргөн өкүмдөргө бир нече мисал келтирели:

1 – Эски коомдордо жолболбоочулукбар болчу. Мусулманчылыкта бул жоюлду. Үч хадиси шарифтин мааниси:

"Мусулманчылыкта жол болбоочулук [бир нерсени жаманга жоруу] жок." [М. Раббани]

"Жол болбоочулук деп керектүү бир ишти кылбай койгон адам Аллахка ширк кошкон болуп саналат." [И. Ахмед]

"Күндөр Аллахтын күндөрү. Кулдар дагы Аллахтын кулдары." [М. Раббани]

2 – Эски үммөттөр көңүлдөрүнөн өткөн ойлор үчүн дагы жоопкер болушкан. Бир күнөө кылууга ниеттенген адамга ал күнөөнү кылбаса дагы күнөө жазылчу. Исламиятта жакшы бир ишти кылууга ниеттенип, бирок, кыла албаса да сооп берилет. Ал эми, кылынбаган жаман иштер үчүн күнөө жазылбайт. Хадиси шарифте: "Көңүлгө келген жаман нерсе айтылмайынча жана аны кылмайынча кечирилет." (Берика)

3 – Мурдагы диндерде адамдын сүрөтүн тартуу жана айкелин жасоо күнөө эмес эле. Ошондуктан, Идрис алейхиссалам асманга чыгарылганда сүйгөндөрү анын сүрөттөрүн, айкелдерин жасап, бийик жерлерге коюшчу. Астында ийилип, сажда кылышчу. Исламият андай нерселерге тыюу салды.

4 – Хазрети Адамдын балдары бир эркек бири кыз болуп дайым эгиз туулчу. Эгиздер бири-бири менен үйлөнө алчу эмес. Башкалары менен үйлөнүшчү. Кийинчерээккыз бир тууган мененүйлөнүүгө тыюу салынды.

5 – Башка диндер ал аймактын шарттарына ылайык, белгилүү бир аймакка, белгилүү бир коомго жиберилчү. Ал эмиИсламият болсо бүткүл дүйнөгө жиберилди. Башка диндерди жойду. Курани каримде мындай деген мааниде билдирилет:

"Аллахтын алдында хак дин – бул Ислам." [Аали Имран сүрөсү, 19]

"Исламдан башка дин издеген билсин, ал дин эч качан кабыл кылынбайт." [Аали Имран сүрөсү, 85]

Аллаху таала сактасын, эч кимдин: "Эмнеге Исламияттан башка динди кабыл албайсың?” – деп Аллаху тааладан сурак суроого акысы жок. Кыяматка чейин башка дин жиберилбейт. Мындай жалпы жер жүзүн камтыган диндин китебинин өзгөрүүсү албетте туура болбойт. Ошондуктан, Аллаху таала Курани каримди коргоду жана коргогону тууралуу да кабар берди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш