Бул дин Иса
алейхиссаламдан көптөгөн кылымдар мурда Индиядан чыккан акыйкат жана илахий дин
болгон. Алар кийин бузулуп, капыр болушту. Бул диндин башында тургандар
"брахман” деп аталат. "Брахма” – "ыйык сөз” деген маанини
билдирет. Анын төрт баласы бар экени айтылат. Төрт уулунун бири оозунан, калган
үчөө колу менен бутунан жаратылган деп айтылат. Ушул төрт баласына байланыштуу
брахмандар адамдарды төрт топко бөлүшөт:
1. Брахмандар.
Алар Брахма ишениминин ыйык дин жетекчилери жана аалымдары. Ыйык Веда китебин
окуу, түшүндүрүп берүү жана башка брахма мүчөлөрүнө жол көрсөтүү – алардынбашкы
милдети. Алардын буйруктарына эч ким каршы чыга албайт. Адамдардын бардыгы
алардан тартынышат.
2. Мухарибдер.
Бул топко бийлөөчүлөр, раджалар, мамлекеттик ишмерлер жана аскер кызматкерлери
кирет. Алар "Кришна” деп дагы аталышат.
3. Соодагерлер жана дыйкандар. Алар
"ваянса” деп аталышат.
4. Айылдыктар,
жумушчулар жана башкалар.
Бул төрт топко
кирбей тургандар "парйа" (адамдан төмөн макулуктар) деп
аталышат. Алардын адамдай жашоого укугу жок. Төрт топко кирген адамдардын
укуктарына ээ боло алышпайт. Брахма ишениминде буттар да кездешет. Бул
буттардын түрү, мааниси, жегенге боло турган жана болбой турган нерселер,
кылмыштар жана жазалар "Манава Дхарина Шастра” деп
аталган ыйык китептеринде жазылган. Ал "Манунун дин китеби” деген маанини
билдирет. Брахмандар бир канча теңирге ишенишет. Эң чоң теңири – жамандыкты
жоюу үчүн адам кейипинде кирген Кришна, экинчи теңири – Вишну. Үчүнчү
теңири – Сива. Алар үчүн Вишну өтө маанилүү. Мааниси –
"адамдын санаасына таасир этүүчү” болгон Вишну кою көк түстүү дене жана
төрт колдуу макулук катары сүрөттөлөт. Ал Гарута деп аталган бүркүткө минген же
лотус гүлүнүн же болбосо бир жыландын үстүндө отурган түрдө сүрөттөлөт. Брахма
ишеними боюнча Вишну азыркыга чейин дүйнөгө тогуз жолу (адам, жаныбар же гүл
көрүнүшүндө) келген. Эми анын онунчу жолу келүүсү күтүлүүдө.
Брахма дининде
өлтүрүүгө согушта гана уруксат берилет. Калган учурларда адамды, жаныбарларды
өлтүрүүгө болбойт. Адам ыйык жаратылыш болуп эсептелет. Реанкарнацияга (Танасух
– рухтун көчүп жүрүшү) ишенишет. Б.а., адам өлгөндөн кийин руху башка көрүнүштө
кайрадан дүйнөгө келет деп эсептелет. Вишнунун да жаныбар кейипинде келиши
мүмкүн деп, бул динде жаныбарларды өлтүрүүгө катуу тыюу салынган. Ошондуктан,
фанат брахмандар эч кандай этти жешпейт.
Ману китеби
боюнча адамдын өмүрү төрткө бөлүнөт:
1) Жалкоолук.
2) Үйлөнүү. 3) Мунзавийлик (жалгыз жашоо). 4) Сооп алуу үчүн кайырчылык
жасоо. Индиядагы Ислам аалымдарынын улууларынын бири жана тасаввуфта чоң
аалым Мазхари Жаны Жанан «рахметуллахи алейх» 14-катын "Инду майрамдары”
тууралуу фарси тилинде жазган. Анда: "Аллаху таала бардык адамдарга
бакыттын жолун көрсөткөндүгү сыяктуу, Индияга Берниха деген периште
аркылуу "Веда” жана"Бид” деп аталган
китептерди жиберген. Бул китеп төрт бөлүмдөн турган. Бул диндин мужтахиддери
алардан алты мазхаб чыгарышкан. Ишеним-акыйда бөлүмүн "Дахрен Шайстер” деп
аташкан. Адамдарды төрт топко бөлүштү. Ибадат бөлүмүн Керм Шайстер деп аташты.
Адамдын өмүрүн төрткө бөлдү. Алардын ар бири "Жук” деп аталган. Бардыгы
Аллаху тааланын бир экендигине, дүйнөнүн фаний (өткүнчү) экендигине, кыямат
күнүнө, эсепке жана азапка ишенишип, дүйнөнүн кызыктарынан баш тартышчу эле.
Кийин келгендер тарабынан бул динге киргизилген жаңылыктары динсиздикке себеп
болгон. Ислам келгенден кийин диндеринин күчүн жойгон. Мусулман болбогондору
ыймансыз деп аталат. Андан мурдагылары тууралуу эч нерсе айта албайбыз”, -
делген.
Брахмандардын
бир бөлүгү болгон "Мажусийлер" отко, уйга, крокодилге
сыйынышат. Алар "Кисра" деп аталган Иран падышасы
Куштусабдын доорунда Зардушт деп аталган жашагандыгы же жашабагандыгы белгилүү
болбогон бир адам тарабынан негизделген динге ишенишет. Алар өлгөн адамды
көмбөйт, мунарага коюп кузгундарга жем кылышат. Дагы башка бир багыты
болгон "Сихтер"де сакал өтө ыйык деп эсептелет. Сакалдарын
алышпайт. Ошондой эле "Хиндуист" деп аталган бир топ да
бар. Алар төмөн, караңгы элдердин бардык ката ишенимдерине ишенишет. Бул
ишенимдин эч кандай баркы калган эмес.
Брахмандар
адамдарга брахман дин башчыларынын буйруктарын тыңдоону, аларга ар дайым моюн
сунууну, Ману китебинин негизинде аракет кылууну, парйалар менен эч кандай
мамиледе болбоону, жандуу нерселерди өлтүрбөөнү үгүттөшөт. Бирок, рух жана дене
тууралуу эч кандай маалымат берилбейт. Адамды ыйык жаратылыш деп эсептешет.
Брахмандар Индиянын Ганга дарыясын ыйык деп эсептешет. Ошол дарыяда жуунуну,
ошол дарыянын суусун ичүүнү, жада калса, өлгөн адамды ошол дарыяга таштоону да
ыйык милдет деп эсептешет. Иса алейхиссаламдын дүйнөгө келүүсүнөн 600 жыл
мурда туулган Будда буттарга сыйына баштаган брахманизмди оңдоонун ордуна,
тескерисинче, толугу менен бузуп салган.