Нух пайгамбардын үчүнчү уулу Яфес урпактары менен
Азиянын орто аймактарына отурукташты. Ошол жерде көбөйүшүп, Чыгыш Азияга жана
ошол доордо бар болгон кургактык жолдору аркылуу Океания аралдарына тарашты.
Яфес кайтыш болгондон кийин көп жылдар өтүп адамдар көөп-кутуруп, Нух
алейхиссалам менен Яфестин динин, үгүттөрүн унутушуп, айбан сыяктуу жашай
башташты. Жылдыздарга, айга, күнгө, буттарга, жиндерге сыйына башташты, ар
түрдүү жолдорго бөлүнүштү.
Ушундай ойдон
чыгарылган ишенимдердин бири – Шаманизм. Европалыктар
тарабынан "Chamanisme" деп аталган бул ишеним качандыр бир кездерде
Чыгыш Азия элдеринин ойлоп тапкан дини болчу. Азыркы учурда Сибирь жана Тынч
океанындагы аралдарда жапайы адамдар арасында кеңири тараган. Алар күндүн
ичинде жашай тургандыгына ишенишкен кудайга жана жиндер менен периштелерге
сыйынышат. Эң чоңун "шайтан" (демон) деп аташат. "Шаман"
деп аталган дин башчылары аттын куйругун тагынып алат. Жинди кууп жиберүү үчүн
моюндарына добулбас асып алышат. Кээде добулбас уруп жиндерди куушат.
Сыйкырчылык аларда керемет болуп эсептелет. Бул дин да Брахман жана
Будда диндери сыяктуу бир замандарда пайгамбарлар тарабынан алып келинген
чыныгы диндин кылымдар бою жахилдердин булмалап өзгөртүүлөрү натыйжасында
калыпташкан.