Ислам дини » Башка диндер » Ла илаха иллаллах деген адам Бейишке киреби?




Ла илаха иллаллах деген адам Бейишке киреби?


Суроо: Ихлас менен бир жолу Ла илаха иллаллах деп ыйман менен кайтыш болгон ар бир адамдын Бейишке кире турганына, Расулуллахтын шапаатына ээ боло турганына байланыштуу хадис жокпу? Дагы бир хадисте: "Ихлас менен "Ла илаха иллаллах " деген адам Бейишке кирет”, - деп айтылат эмеспи? Бир да ибадат кылбасак да, бир да арамдан сактанбасак да, Расулуллахтын бул сөздөрүнө ылайык Бейишке кире албайбызбы? Кудай сактасын, Расулуллах калп айтабы? Ла илаха илаллах деген исави жана мусави мусулмандар да Бейишке кире албайбы?

ЖООП: Сиз жазган хадиси шарифтер туура. Бирок, алардын түшүндүрмөсү бар. Имам Раббани хазреттери: "Шартсыз билдирилген бир өкүм шарттуу түшүнүлөт”, - дейт. Мисалы, кой этин жеш жаиз. Өкүм шартсыз билдирилген. Кой эти жаиз деп тирүү койдун бир бутун кесип жей албайбыз. Ахли китептен башка мусулман эместер тарабынан союлса же өздүгүнөн өлүп калса тарп болот, аны жегенге болбойт. Бисмиллахсыз союлса дагы жегенге болбойт. Бул түшүнүлгөндө Бейишке кандай шарттарда кириле тургандыгы белгилүү болот.

Мисалы, Расулуллах алейхиссалам: "Ихлас менен Ла илаха иллаллах деген Бейишке кирет”, - дегенде, "Ихлас менен деген эмне?” – деп сурашты. Жооп катары: "Айтканды арамдардан тыюусу”, - деди. (Табарани) 

Бейишке кире алуу үчүн бир нече шарттар бар:

1-Биринчиси, калима-и таухидди ихлас менен айтуу керек. Ихлас болсо ибадаттарды кылуу менен арамдардан сактануу. Намаз окубаган, орозо кармабаган, зекет бербеген, ажылыкка барбаган адам да арам иш кылган болот. Арак, зина, кумар ойноо, жалган, гыйбат, уурулук, кул акысына кирүү да ансыз да арам.

2-Бир гана Ла илаха иллаллах деп айтуу жетишсиз. Пайгамбарыбыз алейхиссаламга да ыйман келтирүү, Анын акыркы пайгамбар экенине күбөлүк берүү шарт. Башкача айтканда, Мухаммадун Расулуллах деп айтуу да керек.

Бир нече хадиси шарифтердин мааниси төмөнкүчө:

"Ихлас менен Ашхаду ан ла илаха илаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулуху деген адам Бейишке кирет.” [Табарани, Дайлами]

"Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деген адамга тозок оту арам.” [Муслим]

"Аллахтан башка кудайдын жок экенине, Аллахтын бир, шеригинин жок экенине жана Мухаммеддин Анын кулу жана расулу экенине, ошондой эле, Бейиш менен тозоктун акыйкат экенине күбөлүк берсе, Аллаху таала аны Бейишке киргизет.” [Бухари, Муслим, Тирмизи]

"Рабби катары Аллахты, дин катары Исламды, Расул катары Мухаммедди тандаган, башкача айтканда, кабыл алып жактырган адамга Бейиш важиб болот.” [Абу Давуд]

"Ахли китап бир коомго [исави жана мусвилерге] милдет менен барганда алгач Ла илаха иллаллах Мухаммадун Расууллах деп айтууга чакыр. Эгер муну кабыл алышса, күнүнө беш убак намаздын парз экенин билдир. Эгер муну да кабыл алышса, Аллахтын мусулмандардын байларынан алып, кедейлерине бериле турган зекетти парз кылганын айт.” [Бухари, Муслим, Абу Давуд]

"Силерге беш нерсени буюрам. Биринчиси - Аллахка ыйман. Аллахка ыйман эмне, билесиңерби? Аллахтан башка кудайдын жок экенине жана менин акыркы пайгамбар экениме күбөлүк берүү.” [Бухари, Муслим, Тирмизи, Насаи, Абу Давуд, Ибн Хиббан, Табарани]

Натыйжа:

Мусулман болгон адам Аллахка ишенет. Аллаху таала Курани каримде мындай мааниде айтат:

"Аллахтын алдында хак дин - бир гана Ислам.” [Али Имран, 19]

"Силер үчүн дин катары Исламды жактырдым.” [Маида, 3]

"Исламдан башка дин издеген адам билип койсун, ал дин эч качан кабыл болбойт.” [Али Имран, 85]

"Аллахка моюн сунгула, Пайгамбарга моюн сунгула. Амалдарыңарды текке кетирбегиле.” [Мухаммед, 33]

Калима-и таухиддин пазилети

Суроо: Ислам Ахлагы китебинде калима-и таухиддин сообунун бардык күнөөлөрдөн оор экени айтылып, "Махшар күнү бир киши келет, 99 амал дептери болуп, ар бир дептердин барагы көз көрө алгандай кең. Алардын эч биринде жакшылыгы жок болуп, болгону бир бармактай ал адамдын дүнүйөдө айткан бир калима-и таухиди болот. Ал 99 дептер таразанын бир табагына, бир калима-и таухид экинчи табагына коюлат. Калима-и таухид табагы оор басат”, - маанисиндеги хадис билдирилген. Андай болсо, бир калима-и таухидди айткандан кийин күнөөлөрдөн сактануунун жана ибадат кылуунун кереги барбы?

ЖООП: Акыл-логика жүгүртүү менен дин болбойт. Бизге окшогондордун хадиси шарифтерден маани чыгарышы туура эмес. Кудай сактасын, күнөөдөн сактанбай, ибадаттарды керексиз көрүп калышыбыз мүмкүн.

Эгер динибизде бир нерсе шартсыз билдирилсе, анын көптөгөн шарттары бар экени түшүнүлөт. Ла илаха иллаллах деген адамдын Бейишке кире алуусу үчүн көптөгөн шарттар бар. Бир нечесин кабарлай кетели:

1-Калима-и таухидди ишенип айтуу шарт. Ишенбей туруп айтылса пайдасы болбойт. Мусулман катары айтуу керек. Капырдыкты таштабай туруп мусулман эмес бирөө айтса, анын эч кандай баасы жок.

2-Амантудагы алты негизге ишенүүсү жана жактыруусу шарт. Ишенбей туруп Ла илаха иллаллах деп айтуунун эч кандай мааниси жок. Ишенип, бирок жактырбаса, баары бир пайдасы жок. Ушул алты негиздин бирине ишенбесе, баары бир пайдасы жок. Мисалы, Мухаммадун Расулуллах деп айтпаса, баары бир түбөлүк тозоктук болот.

3-Акыйдасынын туура болушу шарт. Акыйдасы бидат болгондор сөзсүз тозокко кетишет.

4-Арамдардан сактануусу керек. Намаз, орозо сыяктуу ибадаттарды кылбоо арам. "Арамдардан сактанып, ихлас менен ла илаха иллаллах деген адам Бейишке кирет” хадиси шарифтеги "ихлас менен” сөзү тууралуу Расулуллах алейхиссалам: "Айткан адамды арамдардан тыюусу” , - деди. (Табарани)

Демек, арамдардан сактанбай туруп ла илаха иллаллах деп айтуунун адамды тозоктон куткаруусу өтө кыйын.

5-Белгилүү бир арамга адал десе, мисалы, шарап же чочко эти адал десе, ла илаха иллаллах деп айтуусу аны тозоктон куткарбайт. Белгилүү бир парзды четке какса, мисалы, намаз жана орозо парз эмес десе, ла илаха иллаллах деп айтуу аны Бейишке киргизбейт.

Эгер бир адам арамдан сактанбаса, ибадаттарын кылбаса, ал адамдын өлүм учурунда ыйманын сактап калуусу өтө кыйын. Андай болсо, арамдардан сактануу жана ибадаттарды кылуу адамдын ыймандуу болуп өлүшүнө себеп болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш