Ислам дини » Башка диндер » Аялдын жихады




Аялдын жихады


Суроо: Чачтарын көрсөтүп, махрамсыз Америкадагы чиркөөгө барган бир аял: "Биз жихад үчүн, динге кызмат кылуу үчүн чачтарыбызды көрсөтөбүз. Алыс болсо дагы махрамсыз жолго чыгуубуз жана чачтарыбызды көрсөтүүбүз күнөө болбойт”, - дейт. Күнөө болбойт деп айтуусу күфүр болуп жаткан жокпу? 

ЖООП: Харамды халал деп айтуу албетте күфүр болот. Согушуу, жихад кылуу эркектин милдети. Аялга парз эмес. Аялдын жихады – үйүндө отуруп, күйөөсү менен жакшы мамиледе жашоо. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүдөй: 

"Аялдын жихады – күйөөсү менен жакшы жашоо.” [Табарани] 

Аялдын зарылдыксыз башын ачуусу чоң күнөө. Жаш келиндерге гана эмес, жашы улуу аялдарга, кемпирлерге да баштарын ачып, билектерин, моюндарын чоочундарга көрсөтүү күнөө. Бир аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй: 

"Үйлөнүүгө каалоосу жок [хайызы, нифасы токтогон, балалуу боло албай калган] кемпирлердин зыйнат-жасалгаларын көрсөтпөө шарты менен сыртта кийген [пальто сыяктуу] кийимдерин чечип коюусунда күнөө жок. Бирок, сактануулары [пальтолорун кийүүлөрү] жакшыраак болот.” [Нур, 60] 

Момундардын энелери тууралуу да: "Силер башка аялдардай эмессиңер, [чоочундар менен] жумшак сүйлөшпөгүлө, жүрөгүндө жамандык барлар жаман үмүт кылып калышат. Үйүңөрдө отургула, оболку жахилия аялдары сыяктуу ачылып-чачылбагыла”, - деп буюрулду. (Ахзаб, 32-33) 

Экинчиси, динибизде бир өлчөм бар. Парз менен арам чаташса, арамдан сактануу үчүн парз абалга жараша кийинкиге калтырылат же ташталат. Анткени, арамдан сактануу парзды аткаруудан мурун келет. Бир хадиси шарифте: "Өтө аз бир күнөөдөн сактануу бардык жиндердин жана адамдардын [нафил] ибадаттарынын топтомунан жакшыраак”, - деп айтылган. Ар бир күнөө Аллаху таалага каршы чыгуу болгондуктан чоң. Бирок, кээ бирлери башкаларга караганда кичине көрүнөт. Кичине бир күнөө кылбоо бүткүл дүнүйөнүн нафил ибадаттарынан да сооптуу. Анткени, нафил ибадатты кылуу парз эмес. Күнөөлөрдөн сактануу болсо парз. (Рияд-ун-насыхин)              

Харамдан сактануунун сообу парздарды орундоонун сообунан көбүрөөк. Харам иш кылуу менен парз амал аткарылбайт. (Ислам Ахлагы) 

Бир нече мисал келтирели: 

1- Аврат жерин ачпастан нажастарды тазалоого мүмкүн болбосо намазды ошондой окуйт. Анткени, тазалоо бул буйрук. Ачууга тыюу салынган. Күнөөдөн кутулуу биринчи орунда турат. (Ибни Абидиндин Истинжа тамасы) 

2- Бай болгон бир аялдын ажылыкка баруусу парз. Ажылыкка жалгыз баруусу харам. Махрамы болбосо харам иш кылып өзү жалгыз ажылыкка бара албайт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө: 

"Аял махрамсыз ажылыкка бара албайт!” [Беззар] 

Анын сыңарындай, парз болгон тавафты кыла алуу үчүн эркектерге тийип, харам иш кылып таваф кыла албайт. Эл көп болбогон кезде таваф кылат. (Саадат-и Абадиййа) 

Парз ажылыкка бара албаган киши кантип анан жихад кылып жатам деп Америкага махрамсыз бара алат? Айрыкча чачын ачып көрсөтүүсү андан да чоң күнөө. Америкага баруу парз болсо дагы арам иш кылып барууга болбойт.                 

3- Бир мусулман эместин мусулман болушуна себепчи болуу өтө чоң сооп. Капыр бир кыз: "Эгер мени менен бийлесең мусулман болом”, - десе, мусулмандын аны менен жакшы ниет менен бийлөөсү же башка күнөө кылуусу жаиз эмес. Кыз чындап мусулман болсо дагы кыз менен күнөө кылуусу жаиз болбойт. 

"Амалдар ниетке жараша болот” хадиси шарифи ибадат жана мубахтарга кылынган ниетке жараша сооп бериле турганын билдирүүдө. Күнөөлөр канчалык жакшы ниетте кылынса дагы күнөө болуудан чыкпайт. (Саадат-и Абадиййа) 

Күнөө кылуу менен 

Суроо: Саадат-и Абадиййа китебинде: "Кыздарды акушердик жана гинеколог кылып окутуу керек. Аялдарды аял доктурларга көрсөтүү керек”, - деп айтылат. Аялдардын эркек доктурларга көрүнүп күнөө кылууларына тоскоол болуу үчүн ар кандай күнөөлөрдү кылып, окуусун улантса дагы кызымдын доктур болушунун зыяны барбы? 

ЖООП: Доктур болуу баалуу, анын эмне зыяны болмок эле? Эркек-аял деп бөлбөстөн ар бир инсандын окуп билимдүү болуусу улуу пазилет. Бирок, эркек болобу, аял болобу билим алып жатканда, ал тургай, ибадат кылып жатканда күнөө иш кылуусу жаиз болбойт. Мисалы, бай аялдын махрамсыз парз болгон ажылыкка баруусу жаиз эмес, арам болот. Эгер аял хижаб кийе албаса же дагы башка бир күнөө кылууга аргасыз болуп калса, мындай күнөө ишти кылып эмгектенүүсү, ал тургай илим үйрөнүүсү өтө туура эмес болот. Башка аялдарды күнөөдөн куткаруу ниети менен өзүнүн күнөө иш кылуусу эч качан жаиз болбойт. "Кыздарды акушер, гинеколог кылып окутуш керек” дегендик күнөө кылууларына себеп болбостон бул иштерди кылуу керек деген маанини билдирет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш