Суроо:
Бир мусулман бир гана өзүн ойлоосу керекпи, анын үй-бүлөсүнө, коомго жана
ичинде жашаган мамлекетине карата да жоопкерчилиги жокпу?
Жооп: Мусулмандын биринчи милдети — напсине, шайтанга баш ийбей, жаман
досторго, бузуку, каршы чыгуучу кишилерге, анархисттерге алданбастан, мыйзам
алдында кылмышкер болуудан жана Аллаху таалага карата күнөө кылуудан сактануу
болуп саналат. Аллаху
таала кулдарына үч милдет берген: Биринчиси — жекече (инсандык) милдети. Ар бир
мусулман өзүн мыкты жетилдирет, ден соолукта, адептүү, көркөм мүнөздүү болот,
ибадаттарын орундайт, илим жана жакшы ахлак үйрөнөт, халалдан оокат табуу үчүн
эмгектенет. Экинчи милдети — үй-бүлө ичиндеги милдети. Аялына, эне-атасына, балдарына, бир туугандарына болгон милдеттерин
аткарат. Үчүнчү милдети — жамаат, коом ичиндеги милдеттери. Кошуналарына,
устаттарына, шакирттерине, үй-бүлөсүнө, кол астында болгондорго, мамлекетке,
бардык жарандарга, дини жана улуту башка болгондорго карата милдеттери болуп
саналат. Ар бир адамга жакшылык кылуусу, колу менен да, тили менен да эч кимдин
көңүлүн оорутпоосу, эч кимге зыян келтирбөөсү, кыянаттык, чыккынчылык кылбоосу,
баарына пайдалуу болуусу, мамлекетке, мыйзамдарга эч качан каршы чыкпоосу жана
ар бир адамдын акысын төлөөсү (берүүсү) керек. Аллаху таала мамлекеттин
иштерине кийлигишүүнү эмес, мамлекетке жардам берүүнү, фитна (бузукулук)
чыгарбоону буюрган.