Ислам дини » Башка диндер » Христиандык » Иегова (Яхова) күбөлөрү кимдер




Иегова (Яхова) күбөлөрү кимдер


Суроо: Иегова күбөлөрү дегендер кимдер?

ЖООП
Бул диндин куруучусу - Америкалык поп Чарлз Руссел. Орто мектеп бүтүрүүчүсү. 1872-жылы түзүп, 1916-жылы өлгөн.

«Миң жылдык королдуктун пайгамбары» деп кабыл кылынат. Мурда Протестанттык пресвитериандык чиркөөсүнө байланыштуу болуп, кийин Протестант конгрегационалист чиркөөсүнө мүчө болду. Бул жерден чыгып кеткен.

Руссел сатууга чыгарган бир буудайдын өтө көп түшүм бере тургандыгын, бул буудайдын мужизалуу экендигин жарыялаган. Бул жалганга ишенген адамдар бир ууч буудайды 60 долларга сатып алышып таасир калтырышат. Бирок, күткөн түшүмдү ала албагандар, алдандык деген адамдар аны сотко беришет. Сотто бул буудайдын башка буудайдан айырмасы жок экендигин мойнуна алып, соттолот.

Багып алган кызы Роза Болиге зордук көрсөткөндүгү үчүн аялы Мария Франсис тарабынан сотко берилип, сотто күнөөсүн моюндап соттолот. Сот Русселдин «жалган жерге ант кылган» жалганчы экендигине байланыштуу өкүм дагы чыгарган.

Бул дин бир убактарда Русселизм деген ат менен эскерилип, бир түрдөгү Лютерчилик катары каралган. Максаттары теңирдин карамагындагы жана Хазрети Исанын лидерлигиндеги дүнүйөлүк королдук жана бир типтеги коомдук түзүлүштү куруу болуп саналат. Иегова күбөлөрү 1917-1928 жылдар арасында ишенимдерине 148 чамасында өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Аралашкан ишеним системасы болуп калган Иеговалылык чыныгы христиандык урааны менен пайда болуусу жана Яхудилик менен Христиандыктын аралашмасы сыяктуу көрүнгөнү менен алардан таптакыр башкача ишеним абалына келди.

Иегова (Яхова): Бул сөздүн түпкүрү – Яхва. Яхва – бул Израилдиктердин улуттук теңирлеринин аты болуп саналат. Бул дин мурда «Руссел тарикаты» деген ат менен иштеп жүргөн. 1931-жылы «(Иегова (Яхова) күбөлөрү» деген ат менен ортого чыкты. Төрт инжилди негиз деп кабыл алышат.

«Исанын дүнүйө королдугу башталды» дешип, мамлекеттердин акырынын жакындап калганын белгилүү даталарды айтып жарыялашкан. Бул даталар 1914, 1918, 1925 жана 1975-жыл болгон. Албетте, бардыгы тең жалган болду.

Яховачылар (Иеговачылар) жаңы комментарийлер менен өзүнчө агым, өзүнчө Христиандык дини болуп көрүнүшөт. Кээ бир Христиандар «Иса - үч теңирден бири», - дешет. Иеговачылар үчүн бир теңир – бул Яхова дешкени менен «Иса – Яхованын уулу, жогору макулук», - деп айтышат. Хазрети Исаны илах болуудан чыгаруулары жана рухту кабыл кылбоолору Католик, Ортодокс жана Протестанттарды ачууланткан.

Яховачылардын пикирлеринче башка Христиандар сыяктуу ар бир бала күнөөкөр болуп туулат. Ишенимдерин аларга сиңирүү үчүн Христиан экендиктерин жашырышат. Яхованын ордуна «Аллах» жана башка Исламий терминдерди колдонушат. Буларга жахил, сабатсыздар гана алданышат, динин билген эч бир Мусулман буга ишенип алданып калбайт.

Булар акыретке ишенишпейт. Жаннаттын дүнүйөдө боло тургандыгына, Хазрети Исанын ошол жердеги королдугунуна ишенишет. Рухтун өлбөстүгүнө ишенишпейт. Үчтүк ишенимге комментарийлеринде кээ бир Христиан мазхабдардан башкача болуу менен бирге аны четке да кагышпайт. Дүнүйө алардын ойлору боюнча түбөлүктүү болуп саналат. Өздөрүн бир улутка жана мамлекетке байланыштуу деп сезишпейт. Христиандык ишенимин карманышат. Жада калса, өздөрүн чыныгы Христианбыз деп аташат. Мамлекеттик желекке каршы чыгышат, улут жана өлкө сүйүүсүн четке кагышат. Өлкө бүтүндүгү, өлкөнү коргоого жана аскер кызматын өтөөгө каршы турушат. Зинадан сырткары кандайдыр бир себеп менен ажырашууга жана Инжилдерге кайчы келе тургандыгын айтышып кан алмаштырууга каршы чыгышат.

Таттуу жана көңүл ала турчу сөздөр менен жаштарды алдоо, Христиан кылуу үчүн иштеп жатышат. Түрдүү жолдор менен колго алган адрестерге брошюра жана китеп жөнөтүшөт. Кычырап кийинген сулуу кыздар ар эшиктин алдына барып, үйлөргө ушул китеп жана брошюраларды ташташат. Бул оюнга алданбоо керек.

Яхудиликтен сырткары бардык диндерди душман деп билишет. Башкаруучуларынын жалпысынан баары Яхудилер болуп саналат. Яхудилердин он тозуз китебин булар да ыйык деп кабылдашат. 144 миң тандалган Яхудинин дүнүйөнү башкара тургандыгына, Жаннаттын дүнүйөдө боло тургандыгына, Хазрети Исанын дүнүйөдөгү Жаннатта королдук кура тургандыгына, Яховачылардан башка адамдардын бардыгы өлүп жана өлгөн Яховачылардын тириле тургандыгына, кайра эч качан өлбөй тургандыгына ишенишет. Ар бир бала күнөөкөр болуп туулат дешет.

Булар бир нече тарабынан алып караганда Салафиячыларга (Наждилерге) окшошот.

Кээ бирлери мындай:

1- Яховачылар: "Алгачкы христиандар сыяктуу Инжилдерди карманалы”, - дешет. Салафиячылар дагы: "Бир гана Куранды карманалы”, - дешет.

2- Яховачылар да, салафиячылар да мазхабга, тарикатка каршы чыгышат. Салафиячылар бир канча тасаввуф улуктарын капыр деп айтышат.

3- Яховачылар алгачкы Христиандык жолунда экендиктерин айтышат. Салафиячылар да ошол түшүнүк менен алгачкы мусулмандардын жолунда экендиктерин айтышат. ("Салаф” деген сөз алгачкы Мусулмандар деген маанини билдирет.)

4- Яховачылар Жаханнамды четке кагышат. Салафиячылар дагы өздөрүнүн пири деп эсептеген Ибни Таймиййа сыяктуу Жаханнам түбөлүк эмес деп эсептешет.

5- Яховачылар Аллах адам сыяктуу ойлонот деп "Теңирдин оюу” сыяктуу сөздөрдү колдонушат. Бирок, Ислам динин кандайдыр бир пикир деп кабылдоо – бул куфурлук, ыймансыздык.

6- Яховачылар дагы, Салафиячылар да Аллах көктө дешет.

7- Яховачылар рухка ишенишпейт, "электрге окшогон кишиликсиз кубат” деп санашат. Кээ бир салафиячылар дагы периштелерди шамал, табият кубаттары деп санашат.

8- Яховачылар туулган күндү куттукташпайт. Туулган күндү куттуктоону жаратылган нерселерге сыйынуу деп эсептешет. Салафиячылар да туулган күн болгон мавлидди бидат, Пайгамбарга сыйынуу деп эсептешет.

9- Яховачылар тагдырга ишенишпейт. Салафиячылардын да бир бөлүгү тагдырга ишенишпейт.

10- Инжилдерди иштерине кандай ыңгайлуу болсо ошондой чечмелешип, Яховачы болбогондорду капыр дешет. Салафиячылар да Куранды иштерине ыңгайлуу боло тургандай кылып чечмелешип, Салафиячы болбогондорду мушрик дешет.

Ибни Себе Яхуди. Христиандыкты бузган Павлос дагы Яхуди. Салафиячылардын Яховачыларга окшоолору бекер жерден эмес. Ар бир бузук фырканын, сектанын алдында бир Яхуди же бир Англистин бармагы бар. Ар бир таштын алдында ошолор жашырынган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш