Суроо: Жиндерди иллюзия (элес) дегендер
бар, алардын айтканы туурабы?
ЖООП
Кээ бир адамдардын жиндерди элес (иллюзия, кыял)
деп санап, аларды жокко чыгаруулары ката. Корккон кезде көз алдында пайда
болгон элестер албетте жок. Бирок, бул элестерди жин деп эсептөө – жинден
кабары жок болуу деген сөз. Бир нерсени жок деп айта алуу үчүн ал нерсени
таануу керек. Тааныбай туруп жок деп айтуу жаш баланын сөзү болот. Ушундай
адамдарды билимдүү деп айтуунун өзү орунсуз болот. Бардык пайгамбарлар кабар
берген жана өзгөчө биздин пайгамбарыбыз ар түрдүү убакыттарды кабар берген
маалыматка акылга, тажрыйбага таянбастан, болжоо жолу менен «Жок» деп оозуна
келгенин айтуу билимдүү адамга жараша турчу иш эмес.
Жиндерге, периштелерге, Бейишке, Тозокко
ишенбегендер: «Ал жерге ким барыптыр, ким көрүптүр? Бар болсо көрөр элек.
Көрбөгөн нерсеге ишенбөө керек», - дешет. Көз акылга эмес, акыл көзгө баш ийиш
керек деп эсептешет. Бирок, акыл сезүү органдарынан жогору кубат жана сезилген
нерселердин туурасын, катасын ажырата турчу башкаруу мүчөсү. Адамдар көзгө
багыныңкы болгондо, адамдын кадыры көздүн кубаты менен ченелгенде мышык, ит
жана чычкан адамдардан кадырлуулаак болуулары керек эле. Анткени, жаныбарлар
караңгыда да көрүшөт, ал эми адам болсо көрө албайт. Андай болсо көрө
албаганына ишенгиси келбеген адам адамды жаныбардан да төмөнгө түшүрүүдө. Демек
– сезүү органдары – акылдын куралдары. Башкаруучу, буйрук беорүүчү - акыл. Акыл
көрүнбөгөн, сезилбеген нерселерди жокко чыгарбайт, дал ошондой жок экендиги
аныкталбаган, түшүнүлбөгөн нерселерди да жок дебейт. Буларды жок деп айтуу
акылга туура келбейт. (Саадат-и Абадиййа)
Жиндердин жаратылышы
Бекем акылга ээ болгон адам ааламдагы укмуштуу
тартипти изилдеп карай турган болсо мунун өз-өзүнөн пайда болуп калбагандыгын
түшүнөт. «Жер өзүнөн өзү бул укмуштай тартип менен кандайча кылымдар бою айлана
алат? Албетте, айлантып турчу бир Жаратуучу бар» дейт. Ал эми
Жаратуучуга ишенген адам Анын билдиргендерине ишенет. Анткени,
жиндерди, шайтандарды жокко чыгаруу - Аллаху тааланы жокко чыгаруу деген сөз.
Ушул себептен акылды, илимди көзгө багыныңкы кылбоо керек! Акыл дагы жалгыз өзү
акыйкатты таба албайт.
Акыл көз сыяктуу, ал эми Ислам дини жарык шоола
сыяктуу. Б.а., акылдын туура чечим чыгаруусу үчүн Ислам дининин шооласына
муктаж. Ислам дининин шооларсы болсо булардын бар экендигин билдирүүдө. Бардык
нерсени жоктон жараткан Аллаху таала: «Адам менен жиндерди бир гана
мени таануулары үчүн, ибадат кылуулары үчүн жараттым», - дейт. (Зарият
56)
Нур-ул-ислам китебинде мындай делинет:
Жиндердин алгачкы атасы – Жан. Курани каримде
мындай делинген:
«Жанды болсо мурда, уулуу, түтүнсүз оттон
жараттык.» (Хижр 27)
Шайтандар – Иблистин урпактары. Иблис болсо жин
тайпасынан. Курани каримде: «Иблис жиндерден болгон», -
делинет. (Кахф 50)
Жин сүрөсүнүн алгачкы аятында жиндердин ыйман
келтиргендеринин да бар экендиги билдирилүүдө.
Нас сүрөсүндө жиндерден адамдарга зыян тийгизе
тургандары бар экендиги, зыянынан Аллахка сыйынуу керектиги билдирилүүдө. Ушул
жагынан жиндерди жокко чыгарып, алардын адамдарга зыян бере тургандыгын да
жокко чыгарган адамдын ыйманы кетет. Сулайман алейхиссаламдын жиндерден дагы
катардагы аскерлери бар болгондугу Курани каримде билдирилген. (Намл
17)
Тозок, жин жана адамдар менен толтурулат. (Сажда
13)
Жиндердин мусулманы жана мусулман эместери бар.
Курани каримде жинге байланыштуу дагы көптөгөн
аяти карималар бар. Хадиси шарифте жиндерден коргонуу үчүн дубалар билдирилген.
Көз менен көрүнбөгөн нерсени жокко чыгаруу илимге дагы, акылга дагы кайчы.
Жиндерди жокко чыгаруу – Аллаху тааланы жокко
чыгаруу болуп саналат. Ошондуктан, акылды, илимди көзгө багыныңкы кылбаш керек!
Тескерисинче, көздү акылга багыныңкы кылуу керек! Акыл дагы бир өзү акыйкатты
хакты таба албайт. Акыл көз сыяктуу, ал эми Ислам дини жарык, шоола сыяктуу.
Б.а., акылдын туура чечим кабылдай алуусу үчүн Ислам дининин шооласына
муктаждыгы бар.
Жин менен шайтан
Суроо: Шайтан өзү жалгызбы же көппү? Шайтандар жиндер
сыяктуу көбөйүшпөйбү? Жин дагы адамды азгырабы? Жин менен шайтандын ортосундагы
айырмачылык кандай?
ЖООП
Иблис - жин тайпасынан. Шайтан – адаштыруучу, туура жолдон
чыгаруучу деген сөз. Ушул себептен Иблистин балдары шайтан делет.
Курани каримде шайтандардын көп экендиги билдирилген. Мисалы, «Ысырап
кылуучулар – шайтандардын тууганы»делинген. (Исра 27)
Шайтан менен жин арасында аз гана айырмачылык бар.
Шайтандар дагы жиндер сыяктуу от менен абадан жаратылган. Алгачкы адам
топурактан жаратылган болсо да топурак эмес эт-сөөктөн куралган. Жин дагы от
менен абадан жаратылган болсо да от менен аба эмес. Жин менен шайтандар эң
кичине жерлерден өтөт, адамдын ичине кирет. Шайтандын васвасасынан кутулуу үчүн
динге моюн сунуу керек. Хадиси шайрифте мындай делинет:
«Иблис шайтандарга айтат: "Эт, аял
жана ичкилик менен адамдарды алдоого аракет кылгыла! Булардан таасирдүү башка
эч нерсе жок.» (Дайлами)
Ашыкча эт жештин зыяндуу экени ушул хадиси
шарифтен дагы түшүнүлүүдө.
Жинге үйлөнүү Шафии мазхабында жаиз, Ханафиде жаиз
эмес. Жинден көбөйүү газ (аба) аркылуу жүзөгө ашат. Ошондуктан, жинге үйлөнүү
чыныгы үйлөнүү эмес. Жинден, жиндер менен алектенгендерден узак жүрүү керек.
Ар адамдын жанында эң аз дегенде бир капыр жин,
бир шайтан болот. Хадиси шарифте мындай делинет:
«Ар мусулманга жүз алтымыш периште өкүл.
Эгер адам бир заматка болсо да жалгыз калтырылганда шайтандар ага чабуул
коюшмак.» (Табарани)
Шайтан менен периште
Суроо: Шайтан периште болгонбу?
ЖООП
Иблис периштелерге устаз болгон, бирок, өзү
периште эмес жин тайпасынан болгондугу диний китептерде жазылган.
Жин менен көрүшүү жана жин чыгаруучуларга
баруу
Суроо: Жиндер менен жана жин чыгаруучу эмчилер, бакшылар
менен көрүшүп, алардан пайдалуу маалыматтарды үйрөнсөм болобу?
ЖООП
Жок. Жин чыгаруучу эмчилерге дагы барбоо керек.
Мухиддин Араби хазреттери мындай деген:
«Эч бир адам жинден Аллаху таалага катыштуу
маалымат ала албаган. Анткени, жиндердин диний билимдери өтө тайыз. Алардан
дүнүйөлүк маалымат аламын деп ойлогон адамдар алданат. Анткени, пайдасыз нерсе
менен убакыт өткөрүүгө себеп болот. Алар менен таанышкандар текебер болот.
Аллаху таала текебер адамды жакшы көрбөйт.» (Футухат)
Сеййид Абдулхаким Арваси хазреттери да мындай
деген:
«Адамдын жин менен таанышуусу, дос болуусу
зыяндуу. Алар менен сүйлөшүү – фасык менен (күнөөкөр, жаман адамдар менен)
достук куруу сыяктуу болот. Алар менен таанышкандар эч кандай пайда көрүшпөйт.
Жин менен таанышууга кызыкпоо керек, олуялардын рухтарынан пайдаланууга аракет
кылуу керек. (Кашкул рисаласы)
Олуяларды таануу, аларды жакшы көрүү жана алардын
дагы жакшы көрүүлөрү чоң нимат.
Жиндердин зыяндары
Суроо: Жин адамга зыян тийгизеби, адамдын келбетине кире
алабы? Зыянынан коргонуу үчүн эмне кылуу керек?
Жооп: Там Илмихал Сэадети Эбедиййе китебинде кыскача
айтылат:
Жиндердин мусулман болгондору жана болбогондору
бар. Мусулман болгон жиндерден адамга эч кандай зыян келбейт. Булар бир гана
ибадат кылышат. Ахли сүннөт аалымдары аларды таанышат. Салих адамдар сыяктуу
көрүнүшөт жана маектешишет. Капыр жиндер адамдарга ар түрдүү көрүнүштө зыян
тийгизет. Адамдардан айрылбастан ар түрдүү формага кире алышат. Мисалы, микроп
формасына кирип, адамдын тамырларында айланып жүрөшөт. Бир гана момундун
жүрөгүнө кире алышпаса да жүрөгүнө васваса беришет. Эчкинин, жыландын, мышыктын
формасына киришкендиги көп көрүлгөн.
Капыр жиндер жакшы адамдын формасына дагы кирип,
жакшы жана пайдалуу нерселерди да кылышат. Капыр жана фасыктар менен
достошкондо такыр айрылбастан аларды күнөөгө жана куфурга үндөшөт.
Жиндер менен шайтандар түштө да көрүлүшү мүмкүн.
Сулуу көрүнүштө көрүнүп, ихтиламга себеп болушат.
Ар бир адамдын капыр бир жин досу болот.
Периштелер адамдарды жиндердин зыянынан коргошот. Аяти карима жана дуба окуп,
Аллаху таалага сыйынгандарга да жиндер эч нерсе кыла алышпайт.
Адамдарга оорулардын дабаларын жана керектүү
дарыларды үйрөтүшкөндүгү, талма оорусуна чалдыккан адамдын денесине кирип, ага
зыян тийгизгендиги, адамдарга назарларынын тийгендиги тууралуу окуялар
китептерде жазылган.
Жиндер үч топто болушат:
1 – Шамал жана аба сыяктуу болгондор.
2 – Жердеги коңуз жана курт-кумурскалар сыяктуу болгондор.
3 – Диндин буйрук жана тыюуларына амал кылуу менен милдеттүү болгондор.
Буларга эсеп жана азап бар.
Жин от менен абадан жаратылгандыгы үчүн абдан
жеңил болот, өтө ылдам кыймылдайт, жеңил эле тийип кетүүдөн өлүп калат.
Өмүрлөрү кыска, диний илимдери аз жана текебер болушат, бири-бирилери менен
дайым мушташып, согушушат. Жиндин өлүмү жер бетинен кайым болуу менен ишке
ашат. Карылары жашарат, жаш балага айланышат жана өлүп жер бетинен жок болушат.
Капыр жиндер жинчи жана сыйкырчылар тарабынан
көргөзүлгөн адамдарга сыйкыр кылышат. Хадика китебиндеги ыйык
хадисте: "Сыйкыр кылган, кылдырган жана ага ишенген адам бизден
эмес”, - деп билдирилүүдө. Жинчилер, төлгөчүлөр жана жылдыз нааманы
карап, суралган бардык суроолорго жооп берген адамдар сыйкырчы тобуна жатат.
Мындай адамдарга барып, айткандарына, кылгандарына ишенүү, кээде туура чыгып
калса да, Аллахтан башкасынын бардык нерсени биле тургандыгына жана каалаган
бардык нерсесин кыла тургандыгына ишенүү болот жана бул куфур.
Өткөн нерселерди жинден суроо жаиз. Келечекте боло
турган нерселерди суроо жаиз эмес. Анткени, келечек менен кайыпты жалгыз Аллаху
таала гана билет. Капыр жиндер калпычы болушкандыктан болуп өткөн нерселерди
көрбөгөн болушса да көрдүк деп айтышы мүмкүн. Жинчиге барып, адамды жинден
куткара тургандыгына ишенип, ага акча берүү жаиз эмес.
Жинден кутулуу үчүн эң таасирдүү курал - Калима-и
тамжит (Ла хавла ва ла куввата илла биллахил ълиййил ъазыйм) жана
истигфар дубасы. Бул дубаларды окуган адамдан жиндер качышат жана сыйкыр
бузулат. Жин мектубу делген дубаны дайым жанында алып жүргөн жана үйүндө
сактаган адамга жин келбейт, ээлеп алган жин дагы кетет.
Аятал күрси, Ихлас, Муаввизатайн жана Фатиха сүрөлөрүн
дайым окуп жүрүү да адамды жинден коргойт. Бул ыйык аяттарды окуп, бул мектупту
жанында алып жүрүп, шыпаа аяттарын окуп жана жазып суусун ичип пайдаланууну
каалагандардын Ахли сүннөт акыйдасына шайкеш болгон туура ыйман ээси болуулары
шарт. Буларды жазган жана колдонгон адамдын акыйдасы туура болбосо жана арам
иштерди кыла берсе пайдасын көрбөйт.
Жин жана шайтандын жамандыгынан кутулуу үчүн жана
талма оорусуна, сыйкырга каршы коргоочу аят делген "айат-ы хырзды” 7
күн окуу керек жана бул аяттарды алып жүрүү керек.
Олуянын рухтары, көрүнүп же көрүнбөй, сүйгөндөрүнө
пайдалуу болот жана жамандыктардан коргойт. Аларды таанууга, сүйүүгө жана
алардын да сүйүүсүнө жетүүгө аракет кылуу керек. (Кеңирээк маалымат үчүн Саадат-и Абадиййа китебин кароо керек.)
Жин менен шайтан
Суроо: Жин менен шайтандын жаратылышы жагынан эмне
айырмачылыгы бар?
Жооп: Шайтан да жин сыяктуу от менен абадан
жаратылган. Бирок, жинде аба, шайтанда болсо от көбүрөөк. Жиндердин капырлары
бар болгондугу сыяктуу мусулмандары да бар. Шайтандардын бардыгы капыр. (Кашкул
рисаласы)
Жиндер да
Бейишке киришеби
Суроо: Жиндерди четке кагып ишенбеген адам капыр болобу?
Жиндер дагы Бейишке киришеби?
Жооп: Жиндер ар кыл формага кире алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ
болушат. Мусулман жана капырлары болот. Алар да динге моюн сунууга милдеттүү.
Бар экендиктери Курани карим менен хадиси шарифтерде айтылган. Четке кагып
ишенбеген адам капыр болот. Курани каримде, ыйык аяттардын мындайча төмөдөгүчө
билдирилет:
"Мен жиндер менен инсандарды бир
Өзүмө гана ибадат кылышсын деп жараттым”. (Зарият, 56)
"Тозокту инсан жана жиндер менен
толтурамын”. (Худ
119, Сажда 13)
"Жана бир кезде бир жамаат жиндерди
Курани каримди угуш үчүн сага жиберген элек”. (Ахкаф, 29)
Ибни Масуд хазреттери билдирет:
"Түндөрдүн биринде Расулуллах биз менен бирге
эле. Бир кезде көздөн кайым болду. Ар жакты издедик, бирок, таба алган жокпуз.
Ошол түндү убайым менен өткөрдүк. Таң атканда Хира тараптан келе жатканын
көрдүк. "Йа, Расулаллах, сизди издедик”, - деп айттык. "Мага
жиндерден бирөө чакырып келиптир. Аны менен бирге кеттик. Аларга Курани карим
окудум”, - деп жооп берди. (Тафсир-и Куртуби)
Бир хадиси шарифте: "Азан окуп
жатканыңарда үнүңөрдү бийигирээк кылып окугула! Анткени, азан окуган адамдын
үнүн уккан бардык адамдар менен жиндер Кыяматта ага күбөлүк кылышат”, - деп
билдирилди. (Бухари)
Жиндер тууралуу кавилдер:
Жиндердин капырлары бардык аалымдардын
пикирлеринче Тозокко киришет. Момун жиндер тууралуу ар түрдүү кавилдер бар:
1 – Адамдар сыяктуу мамиле көрүшөт.
2 – Тозокко киришпейт, топуракка айландырылат.
3 – Бейиштин "Рабад” делген жеринде болушат. Дүнүйөдөгүнүн тескериси
болот. Тактап айтканда, адамдар аларды көрүшөт, бирок, алар адамдарды көрө албайт.
Жиндер көп жолу Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын даргейине келип тыңдашкан.
Расулуллах аларга Рахман сүрөсүн таблиг (насаат) ниетинде
окуган. "Эй, инсандар менен жиндер, Раббиңердин кайсы нематтарын
четке кага аласыңар?” сөзү өткөн ыйык аяттан кийин: "Раббибиздин
эч бир нематын четке кага албайбыз, эй, Раббибиз сага хамд болсун”, - дешкен
болчу.
Бул сүрө алардын да диний буйрук жана тыюуларга
милдетүү экендиктерин ишарат кылат. Анткени, бул сүрө "Сакалайн” (инсан
менен жинге) карата айтылууда.
Курани карим аяттары менен хадиси шарифтер алардын
да сыйлык жана жаза үчүн тирилтиле турушканын ишарат кылууда жана момундарынын
Бейишке, капырларынын болсо Тозокко кете турганы белгилүү болууда.
Имам Бухари хазреттери айтат:
Жин сүрөсүнүн: "Чындыгында биз туура
жолго баштаган Курани каримди укканыбызда ага ыйман келтирдик. Раббине ыйман
келтирген бахстан жана рахактан коркпойт”, - деген маанидеги
13-аятындагы бахс – сыйлыктын кем берилүүсү, рахак
– татыктуу болбогон жазаны көрүү дегендик. Бул ыйык аят алардын
жакшылыктарына жооп катары сыйлыктарынын кемитилбестен бериле турганына жана
күнөөлөрүнө карата артыкча жаза берилбей турганына ишарат кылат. (Авн-ул-мурид)