Суроо: Адырасман түтөтүүгө болобу? Динибиз буга эмне дейт?
Жооп: Адырасмандын диний жагынан эч кандай
орду жок. Бирок, медицина жагынан дезинфекция катары пайдалуу экендиги айтылат.
Диний ритуал катарында эмес дезинфекция катары колдонууга болот.
Адырасман сыяктуу кургаган чөптү жагып көз
тийген балага тегеретүү (аластоо) жаиз болуп саналат. Шыпааны берген Аллаху
таала. (Хиндийа)