Ислам дини » Башка диндер » Kуру ишенимдер » Танасух (реинкарнация) жок




Танасух (реинкарнация) жок


Суроо: Реинкарнация деген нерсе барбы? Агы ишенүү туурабы?

ЖООП: Реинкарнация делгенде рухтун адамдан адамга өтүшү, башка бир дене менен дүнүйөгө келиши, танасух делгенде болсо рухтун адамга да, жаныбарга да, өсүмдүк жана жансыз нерселерге да өтүшү түшүнүлөт. Бири экинчисинин ордуна да колдонулат.

Имам Раббани хазреттери мындай дейт:

Жүрөктөрү оорулуу, илими аз кээ бир адамдар, ал тургай өздөрүн шейх деп тааныштырган кээ бир динсиздер да танасухка ишенишет. Рухтар жетилгенге чейин бир денеден чыкканда башка бир денеге өтөт. Жетилгенден кийин адамдарга келбейт, танасух жолу жолу менен жетилген болушат деп айтышууда жана танасухка байланыштуу көптөгөн окуяларды ойдон чыгарышууда. Танасухка ишенген адам динден чыгып, ыймансыз болот. Эгер танасух менен рухтар жетилсе анда Жаханнам кимдер үчүн болот, кимдер азапталат? Буга ишенүү Жаханнамды четке каккандык жана ал тургай өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенбегендик болот. Анткени, алардын ою боюнча дене менен тирилүү үчүн рухтун жетилүүсүнө каражат болгон денеге муктаждыгы жок. Бул жалганчылардын сөздөрү байыркы философтордун [жана азыркы медиум, көзү ачыктардын] сөздөрүнө окшош. Байыркы философтор дененин кайра тирилүүсүнө ишенишчү эмес. "Бейиш нематтары жана Жаханнам азаптары бир гана рухтарга болот”, - дешчү. Булар ошол философтордон да жаман. Анткени, алар танасухту четке кагып, азап рух үчүн гана болот дешет. Булар болсо танасухка да ишенишет жана акырет азабын да четке кагышат. Бул динсиздердин ою боюнча азап жалгыз бул дүнүйөдө гана.

Аллаху таала дин улууларынын рухтарын адам келбетине келтирип, бул формалар адам сыяктуу иштерди аткарышкан. Болбосо алардын куттуу рухтары башка денелерге кирген эмес. Бир рухтун дене формасын алуусу танасух эмес. Периштелер менен жиндер да адам келбетине кирип, көптөгөн нерселерди жасашат жана бул да танасух эмес. Танасухка ишенгендер кабыр азабына жана Кыямат күнүнө ишенишеби? Убалдар болсун, мындай ыймансыздар өзүлөрүн дин адамы деп тааныштырып, басылмалар аркылуу элге мусулмандыкты үйрөтүүгө киришип, жаштарды динсиз, ыймансыз кылууга аракет кылышууда. (2/58)

Танасухка ишенгендердин ыймансыз экендиги Барика менен Хадикада жазылган. Байыркы грек философу Платон да танасухка ишенчү. Таслис (үч кудай) ишенимин биринчи жолу чыгарган да ал болчу. Хазрети Иса асманга көтөрүлгөндөн кийин төрт Инжилди жазгандар бул ишенимди кошуп салып, адамзатты чоң балакетке кабылтышты.

Рух башкага өтпөйт

Жогоруда жаңылыш ишеним болгон реинкарнация тууралуу сөз кылган элек. Бул жаңылыш ишеним көбүрөк хинду жана буддисттер арасында кеңири кездешет. Өлгөн адамдын руху башка бирөөнө өтпөйт. Өтө турганын билдирген бир да аят же хадис жок. Мындай сөздү эч бир аалым да айткан эмес. Курани каримде өлүм жана кайра тирилүү жөнүндө көптөгөн аяти карималар бар. Алардын эч биринде рухтун башка адамга же башка бир макулукка өткөндүгүн көрсөткөн эч кандай сөз жок. Ансыз да Аллаху таала адамдарга рух жөнүндө жетиштүү маалымат берген эмес. Исра сүрөсүнүн мааниси "Сенден рух тууралуу сурашканда: "Рух Раббимдин иштеринен болуп, силерге аз бир маалымат берилген”, - деп айт” маанисиндеги 85-аяты да рухтун табиятын билүүнүн мүмкүн эмес экенин көрсөтүп турат.

Ал эми "эки жолу өлүп, эки жолу тирилүү” сөзүнөн рух башка адамга өтөт деп бир гана зындык айтат.

Курани каримде мындай деп айтылган:

Биринчи адам ылайдан, кийинкилер нутфадан жаратылды. Нутфа – бул уюган кан, эт болот, анан кийин жан берилет. Ар ким өлөт, Кыяматта тирилет. (Муминун, 12-16)

Бакара сүрөсүнүн "Аллах силерди өлүк абалыңарда тирилтти. Андан кийин өлтүрөт, андан кийин тирилтет, акыры Ага кайтарыласыңар” маанисиндеги 28-аятын Байдави жана башка тафсирчилер мындайча түшүндүрөт:

Баланын эненин жатынындагы жан берилүүгө чейинки абалы тууралуу өлүк, жан берилүүсүнө болсо тирилтүү делген.  Башкача айтканда, адам бир жолу эненин жатынында, экинчи жолу кабырдан кийин тирилтилет. Эки өлүк абалы бар. Бири – эненин жатынындагы тирүүлүккө чейинки абалы, экинчиси – кабырдагы абалы. Тактап айтканда, баары эки өлүм, эки тирилтилүү.

Капырлар акыретте: "Оо, Раббибиз! Бизди эки жолу өлтүрдүң, эки жолу тирилттиң”, - дешет. (Мумин, 11)

Жана алар дүнүйөгө кайра жиберилүүлөрүн каалашат, жакшы амал кыла тургандыктарын айтышат. (Сажда, 12)

Аларга дүнүйөдөн келгендиктери билдирилип, каалоолору четке кагылат. (Ибрахим, 44)

Жана мындай деп айтылат: "Силерге ойлоно алаган адам ойлоно ала тургандай, насаат ала тургандай өмүр бербедик беле? Силерге [Пайгамбар, китеп, акыл, карылык, өлүм сыяктуу] эскертүүчүлөр келген жок беле?” [Фатыр, 37]

 "Качан капырлардан бирине ажал келгенде: "Раббим, мени артка кайтарчы! Эми жасабай таштап койгон нерсемди жасайм, жакшы иш кылам”, - дейт. Жок, бул айткандары бош, пайдасыз сөз. Алар кайра тирилтиле турган күнгө чейин арттарында артка кайтуудан токтотуучу бир тоскоол бар.” [Муминун, 99-100]

Духан сүрөсүнүн 56-аяти каримасындагы "Адам биринчи өлүмдөн башка өлүмдүн даамын татпайт” сөзү бир эле өлүм бар экенин апачык көрсөтүп турат. Курани каримде "эки жолу өлүп, эки жолу тирилүү” сөзүнө окшош башка сөздөр да бар. Мисалы, алардын экөөсү төмөнкүдөй:

"Түндөсү силерди өлтүргөн [жаныңарды алган], күндүзү болсо эмне кылганыңарды билген, андан соң белгиленген ажал толук болушу үчүн күндүзү силерди тирилткен [ойготкон] – Ал.” [Анъам, 60],

Аллах ажалы жеткендердин өлүм учурунда, ажалы жетпегендердин болсо уйкуда рухтарын алганы жана мындай пикир кылгандар үчүн сабак бар экенин билдирүүдө. (Зумар, 42)

Бул эки аяти каримада адам уктап жатканда анын жанын Аллаху тааланын алаары апачык билдирилүүдө. Анын жанын алуу менен аны өлтүргөн болбойт. Эми кайсы зындык "Уктаган адам өлөт, анын жаны башкага өтөт” деп айта алат? Бир өлүм жана бир тирилүү бар экенин билдирген аяти карималардан үчөө төмөнкүчө:

"Инсан мындан мурун эч нерсе эмес болгон кезде аны жаратканыбызды ойлобойбу?” [Марям, 67]

"Расулум, сенден мурун да эч бир адамга түбөлүктүүлүк берген жокпуз. Эми сен өлсөң, эмне алар түбөлүк калышат бекен? Ар бир жан өлүмдүн даамын татат.” [Ибрахим, 34-35]

"Өлүмдөн кийин сөзсүз тирилтилесиңер деп айтсаң, капырлар "бул сыйкыр” дешет.” [Худ, 7]

Реинкарнация ишеними

Суроо: Өлгөн адамдардын жандары (рухтары) балдарга, жаныбарларга же өсүмдүктөргө өтөт имиш. Бир бала жаны алынган адамдын өткөн жашоосу тууралуу айтып берип, мисалы, "Мен жүз жыл мурун баланча-түкүнчө нерселерди кылган элем” деп айтат имиш. Өлгөн адамдын руху башка бирөөгө өтөбү?

ЖООП: Бул жаңылыш ишеним көбүнесе хинду жана буддисттерде кездешет. Реинкарнация деген нерсе жок. Башкача айтканда, өлгөн адамдын руху башка бирөөгө өтпөйт. Же бир адам дүнүйөгө бир нече жолу келбейт.

Көбүрөөк динге ишенбегендер реинкарнация жөнүндө айтышат. Эгер динге ишенбеген бир адам дин жөнүндө айтып жаткан болсо, албетте, анын ак ниеттүүлүгү шек туудурат. Алардын негизги максаты динди жыгуу. Алар динге ишенген түр көрсөтүп, жалпысынан ичкиликтин аз ичиле турган болсо күнөө эмес экенин, тасаттурдун (оронуунун) Куранда жок экенин, керексиз экенин, Бейиш менен Жаханнамдын бул дүнүйөдө экенин жазышат, айтышат.

Хазрети Адамды четке кагуу үчүн алгачкы адамдар жапайы болгон, маймылдан тараган,  дагы тил билбеген дешет. Бирок, Аллаху таала бардык нерселердин илимин, өнөрүн Хазрети Адамга үйрөткөнүн билдирет. (Бакара, 31)

Мусулмандар планеталарда адам же адам сыяктуу жандуу нерселердин жок экенин билдиргендиктен, дин душмандары НЛО деген калпты ойдон чыгарышты. Аллахка ишенбегендер "Асман кудайлары” дешет, "Кудайлардын арабалары” деген романдарды жазышат.

Төлгөнүн илимий мааниси жок, негизсиз экенин баары билсе да, жалаң Ислам дини төлгөнү каралоодо деп, төлгөгө байланыштуу макалаларды, комментарийлерди жарыялашат. Негизи алардын өздөрү жаңылыш ишенимди кармангандарына карабастан, мусулмандарга жалаа жабышат. Кыскасы алар динди жыгуу үчүн ачык эмес, ушундай тавилдүү (бурмаланган), кыйыр жолдор менен динге кол салышат, "Жок дегенде так калтырат” деген үмүт менен Исламга жалаа жабууга аракет кылышат. Алардын сөзүнүн динде эч кандай баасы жок.

Жин адамдын ичине кириши мүмкүн. Бул маселе хадиси шарифтер аркылуу такталган. Адамдын сезим жана кыймыл нервдерине таасир этип, кыймыл жана үн чыгарышат. Адамдын бул өзүнүн сөз жана кыймылдарынан кабары болбойт. Ушундайча Римде, Пештте, акыркы убактарда Адана менен Хатайда сүйлөгөн бала жана оорулуулар көрүлгөн. Буларды сүйлөткөн жин алыскы өлкөлөрдөгү же байыркы убактардагы нерселерди айткандыктан, бул балдардын эки рухтуу же башка адамдын рухун алып жүрөт деп ойлоп калышкан. Динибиз мунун туура эместигин ачык айтып турат.

Имам Газали хазреттери мындай дейт:

"Ар кандай куракта денелери бөлөк-бөлөк болгон бир адам ошол эле бой жана формада, бирок, бөлөк молекулалардан жасалган бир дене менен кабырдан чыгат. Бул жагдай түшүнүлгөн соң эгер адам адамды жесе, желген органдын кайсы адам менен жаратылат, жеген адам менен бирге жаратылабы же желген адам менен бирге жаратылабы деген сыяктуу суроолор пайда болбойт. Анткени, ал органдардын өзү эмес окшоштору жаратылат.”

Курани каримде мындай мааниде айтылат:

"Алар асмандар менен жерди жараткан Аллахтын өзүлөрү сыяктууларды да [окшошторун да] жаратууга кудуреттүү экенин ойлошпойбу?” [Исра, 99]

Дене өзгөрөт, Рух өзгөрбөйт

Ар бир адам өлгөндө келбети, бою жана органдары менен кабырдан чыгат. Ар бир адамдын куймулчак сөөгү өзгөрбөйт, башка органдар бул сөөктүн негизинде кайра жаратылат, рухтар бул жаңы денелерди таап, ага таандык болот. Рухтардын бул башка денелер менен болушу танасух эмес. Адамдын денеси, органдары дүнүйөдө да өзгөрүүдө. Кырк жаштагы адамдын эти, майы, териси, сөөгү башка, бала кезиндегилери болсо башка. Бирок, ал дайыма бир эле адам. Анткени, адам рух дегендик. Дене өзгөрүп жатканы менен, рух өзгөрбөйт.

Рух өзгөрбөгөн сыяктуу, манжа изи да эч качан өзгөрбөйт. Эч бир адамдын манжа изи башка бирөөнүн манжа изине окшобойт. Бир адамдын манжаларынын учундагы сызыктардын формасы ал төрөлгөнгө чейин, рух дене менен бирге болгон учурда пайда болот. Адам өлүп чиригенге чейин эч качан өзгөрбөйт. Беш миң жылдык мумияларда ошол эле бойдон калганы көрүлгөн. Манжа учундагы сызыктардын ар бири жанаша тизилген тешиктерден турат. Ар бир тешиктен тер чыгат. Адам бир нерсени кармаганда чыккан тер ошол нерсенин үстүндө сызыктардын формасы сыяктуу жабышып калат. Тергиге боёк кошулган дары сүйкөгөндө ал адамдын манжа изи, ошол нерсе көрүнөт. Ууруну манжа изинен табууга болот.

Өлгөн бир адамдын руху башка бирөөгө өтпөйт. Табигый илимдер өнүккөн сайын бул маселе андан да оңой түшүнүлөт. Мисалы, бардык адамдардын манжа издери бир жерге чогултулду дейли. Мурда өлгөн бир адам жөнүндө айткан баланын манжа изи менен салыштырганда шайкеш келбегени байкалат. Аны башка ыкмалар менен да аныктоого болот.

Адам өз рухунун жардамы менен бутунда турат. Акылы менен ою рухунун жардамы менен бар. Адамдын денеси жыгач устанын аспаптарына, куралдарына окшош. Адам өлгөндө аспаптары жок болгондуктан, рух бул аспаптар менен эч кандай иш кыла албайт. Бирок, ошентсе да, рух өлбөгөндүктөн, келет, кетет, адамдарды тааныйт. Атүгүл, олуялардын рухтары адамдарга жардам берет. Бул жардамы дүнүйөдөгү денесиндеги куралдар менен эмес. Аллаху таала рухтарга куралсыз да иш жасоо жөндөмүн берген. Кайтыш болгон Хызыр (Кыдыр) алейхиссаламдын руху көптөгөн адамдарга ар түрдүү жардам берүүдө.

Эгер бир адамга башка адамдардын бүт дене мүчөлөрү орнотулса, ал адамдын акылы жана оюнда эч кандай өзгөрүш болбойт. Бул жыгач устанын эски шаймандарынын ордуна жаңы шаймандар келди дегендик. Шайман өзгөргөнү менен устанын билими, жөндөмү өзгөрбөйт. Кеспеген араанын ордуна башка курч араа келсе жумушун андан да оңой жасайт. Эгер көрбөгөн көздүн ордуна соо көз коюлса көрөт. Эгер каны, жүрөгү, мээси да өзгөрсө, баары бир ойго таасир этпейт. Эгер соо орган орнотулган болсо, андан да оңой иш кылат. Анткени, адам рух дегенди билдирет.

Бир адам күйүп кетүү аркылуу жок болбойт. Болгону шаймандары колунан алынган болот. Ага акыретте жаңы шаймандар берилет. Эгер ыймандуу болсо Бейишке, ыймансыз болсо Жаханнамга кирет. Рух өзүнө берилген дененин жардамы менен же нематка ээ болот же азапка дуушар болот. Рухтун табиятын билбеген жана Аллаху тааланын кудуретинен күмөн санаган бирөө адам күйүп кеткенде жок болот, кабырда сурак жана азап болбойт деп ойлойт. Ал эми кабыр азабынын бар экенин динибиз ачык билдирүүдө.

Өлгөн адамга кабыр азабы

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Кабыр же Бейиш бакчасы, же Жаханнам чуңкуру.” [Тирмизи]

Акыл түшүнбөгөн нерселерди акыл менен чечүүгө аракет кылуу абдан туура эмес. Акыл көз сыяктуу, ал эми диний маалыматтар жарык сыяктуу. Көз жарык жок болсо караңгыда көрбөйт. Көз караңгыда көрө албаган нерселерге "жок” деп айта албайт. Акыл  да руханиятты, метафизикалык нерсени түшүнө албайт. Акылыбыздан пайдалануубуз үчүн Аллаху таала дин жарыгын жиберди. Көз жарыксыз караңгыда нерселерди көрө албаганы сыяктуу,  акыл диний маалыматтарсыз да руханий нерселерди түшүнө албайт.

Америкадагы жергиликтүүлөр жаанын огуна сүйкөгөн "кураре” деп аталган уу нервдин учтарын шал кылат. Булчуң кыймылдай албайт. Оорутпагандыктан, адам ууланганын түшүнбөйт. Колу-бутун кыймылдата албай, жерге кулап, таштай болуп калат. Көрсө да, укса да көзүн ирмей албайт, тилин кыймылдатып, кыйкыра албайт. Кабырдагы азапты да ушуга окшоштууга болот. Өлгөн адам ооруну сезет, бирок, кыймылдай албайт.

Динге ишенбеген бир жазуучу көпөлөктөр дайыма өлүп, кайра тирилет деп, реинкарнациянын реалдуу экенин ырастоодо. Дүнүйөдөгү ар бир жандыктын жашоо цикли бар. Көпөлөктөрдүн жумуртка, личинка, куурчакча жана көпөлөк циклдары бар. Көпөлөктөрдүн тукуму ушинтип уланат. Мунун реинкарнация ишенимине эч кандай тиешеси жок. Өсүмдүктөрдүн, коондун, дарбыздын жана башка үрөндүк жашылчалардын көбөйүшү да ушуга окшош. Мисалы, дарбыздын данын жерге таштаганда, уругунан жашыл бөлүктөр пайда болот. Жашыл бөлүктөрдөн болсо дарбыз пайда болот. Дарбыздын ичинде да уруктар бар. Ушундайча тукумун улантат. Жаңы пайда болгон дарбыздар уругу себилген дарбызга окшош деп, эски урук жаңыдан пайда болду деп айтылабы? Же дарбыз кайра-кайра өлүп, анан тирилүүдө деп айтылбайт. Ар бир жандуу өлөт. (Рахман, 26)

Рух деген эмне

Суроо: Рух деген эмне? Өлгөндөн кийин рух кайда барат?

ЖООП: Аллаху таала адамдарга рух жөнүндө жетиштүү маалымат берген эмес. Исра сүрөсүнүн мааниси "Сенден рух тууралуу сурашканда: "Рух Раббимдин иштеринен болуп, силерге аз бир маалымат берилген”, - деп айткын” маанисиндеги 85-аяты да рухтун табиятын билүүнүн мүмкүн эмес экенин көрсөтүп турат.

Имам Раббани хазреттери мындай дейт:

Аллаху таала адамдын рухун белгисиз түрдө кылып жаратты. Рух зат эмес, анын конкреттүү орду жок. Рух дененин ичинде да, сыртында да эмес, чектеш да, өзүнчө да эмес. Болгону аны барлыкта кармап турат. Дененин ар бир молекуласын тирүү кармап турган рух. Ошол сыяктуу, ааламды барлыкта кармап турган зат – Аллаху таала. Аллаху таала денени рух аркылуу тирүү кармап турууда. (Мектубат Тержемеси)

"Ахлак-ы алаи”де мындай деп айтылат:

"Акыл-эс жеткен маалыматтарды түшүнгөн, сезүү органдарынан мээге келген сезимдерди кабыл алган, денедеги бардык кубаттарды, кыймылдарды башкарган жана колдонгон – бул рух. Рух көз аркылуу түстөрдү, кулак аркылуу добуштарды түшүнөт, нервдерди иштетет. Булчуңдарды кыймылдатат, ушундайча денеге иш жасатат. Мындай иштер ыктыярдуу, башкача айтканда,  колдонуу, өз каалоосуна байланыштуу иштер деп аталат. Акылды колдонуу, ойлонуу жана күлүү сыяктуу нерселерди кылган – бул рух.

Рух бөлүнбөгөндүктөн, бөлүктөрдөн турбагандыктан, башкача айтканда, мужаррад (абстракттуу) болгондуктан, ал эч качан өзгөрбөйт, бузулбайт, жок болбойт. Жан өнөрпоз сыяктуу. Дене өнөрпоздун колундагы өнөр аспаптары сыяктуу. Адамдын өлүмү – рухтун денеден бөлүнүшү. Бул болсо өнөрпоздун өнөр аспаптарынын жок болушуна окшош.”

Имам Газали хазреттери айтат:

"Денеден бөлүнүп чыккан рух же азапка же нематка ээ болот. Жакшылардыкы көтөрүлөт, жамандардыкы жети кабат жердин түбүнө түшөт. Денеден бөлүнүп чыккан рух куралсыз, түз эле бардык нерсени билет. Ошондуктан, түрдүү немат жана азаптарга туш болот.

 Рух денеде турганда кандайдыр бир дене мүчөсү, мисалы, адамдын бир буту шал болуп калса, рух бул бутка таасир эте албайт жана аны арекеттендире албайт. Өлүм болсо баардык дене мүчөлөрдүн шал болуусуна окшойт, бирок, рух денеден чыкканда өз алдынча дагы билет, көрөт, түшүнөт, сүйүнөт, кайгырат, бул абалдары жоголбойт. Бул абалы бардык рухтар жок кылынганга чейин уланат. Ар бир адам тирилгенде, ар бир рух жаңыдан жаралган денеге тааллук кылат (кирет).”

Дежавю

Суроо: Дежавю деген эмне? Мунун реинкарнация менен байланышы барбы?

ЖООП: Дежавю деп окулат. Энциклопедияларда мындайча сүрөттөлөт:

Дежавю – учур чакта болуп өткөн бир окуяны мурунтан башынан өткөргөндөй же көрүлгөн бир жерди мурда көргөндөй болуу сезими. Французча déjà [мурда] жана voir [көрүү] этишинин өткөн чактагы мүчөсү болгон vu сөзүнүн айкалышынан келип чыккан. Мээнин чарчоо же башка себептерден улам элес, добуш сыяктуу кандайдыр бир маалыматты кирген учурда түшүнө албоосунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. Мээ бул маалыматты түшүнгөндө адам бул окуяны мурда башынан өткөргөндөй сезимге кабылышы мүмкүн. Мындан тышкары мээнин оң жана сол жарым шарларынын бир миллисекунддан аз убакыт айырмасы менен иштешинен улам да пайда болушу мүмкүн. Бир тарап экинчи тарапка караганда эртерээк түшүнгөндүктөн кечирээк түшүнгөн тарап бул окуяны мурдараак баштан өткөргөндөй сезимге кабылышы мүмкүн. Бул абал нерв аксондорундагы кичине бурулмадан келип чыгат.

Дежавюнун антоними jamais-vu болуп, жамевю деп окулат. Мындай жагдайда адамдар тааныш чөйрөдө өздөрүн чоочун сезиши мүмкүн. Бул дежавюга окшош себептерден улам пайда болот. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдардын 50% дан ашыгы өмүрүндө жок дегенде бир жолу дежавю абалын баштан өткөргөн. Көпчүлүк адамдар бир канча убакыттан кийин акыркы жолу качан дежавюга кабылганын унутуп коюшат. (Википедия)

Дежавюнун реинкарнация [танасух] менен эч кандай байланышы жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш