Ислам дини » Башка диндер » Kуру ишенимдер » Төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне?




Төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне?


Суроо: Сүйүү, ынактык үчүн же жасалган сыйкырларды чечүү үчүн да болсо сыйкыр кылуу же кылдыруу күнөө болобу? 

ЖООП: Маселеге байланыштуу Ибни Абидинде мындай деп айтылат: 

"Үйрөнүүгө тыюу салынган илимдердин бири – сыйкыр, бакшылык жана көзү ачыктык. Сыйкыр – илим-билимге туура келбеген жашыруун себептерди колдонуп, адаттан тышкары кызыктай иштерди кылууга мүмкүндүк берген илим. Сыйкырды үйрөнүү да, үйрөтүү да харам. Мусулмандарды зыяндан коргоо үчүн жана жакшы иштерди кылуу үчүн үйрөнүү да харам. 

Демек, жасалган сыйкырды чечип жок кылуу, күйөөсү менен аялынын ортосунда ынактык, сүйүү пайда кылуу жана согушта душманды жеңүү сыяктуу пайдалуу иштер үчүн да сыйкыр кылуу чоң күнөө. Жакшы иш кылуу үчүн бул чоң күнөөнү кылуу жаиз болбой тургандыгы Хадикада жазылган. 

Күйөөнүн аялын сүйүүсү үчүн Тивеле деп аталган сыйкырды жасоого хадиси шариф аркылуу тыюу салынган. Мунун харам экени Ханийа фатвасында да жазылган. Сыйкырда аяттардан, дубалардан башка нерселер жазылган болот. Сыйкырчынын жана зындыктын тообосу кабыл алынбайт. Мен каалаганымдын баарын жасай алам деген сыяктуу күфүргө себеп болгон ишеними болбосо да, фитна жана бузукулукка аракет кылганы үчүн сыйкырчы, бакшы хаким (казы, сот) тарабынан жазага тартылуусу керек. Сыйкырда ыйманды кетирген бир нерсе да бар болсо, анда капыр болот. 

Көзү ачыктык – келечекте боло турган нерселерден кабар берүү. Арраф төлгөчү дегенди билдирет. Уурдалган нерселердин жерлерин, ууруларды жана сыйкыр жасагандарды кабарлайт. Тажрыйба менен, эсеп менен эмес, божомол менен, күмөн менен сүйлөшөт. Же жинден үйрөнүп жатабыз дешет.” 

Суроо: Көзү ачыктык, төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне? Буларга ишенүүнүн өкүмү кандай? 

ЖООП: Көзү ачыктык, жинден бир дос таап, болуп өткөн нерселерди андан сурап, андан үйрөнүү жана муну башкаларга билдирүү. 

Жин менен таанышкан төлгөчүлөр, "Жылдызнаама”ны (астрологияны) карап, сураган ар бир нерсеге жооп бергендер ушундай. Буларга жана сыйкырчыларга барып, айткандарына, кылгандарына ишенүү кээде туура чыкса дагы, Аллахтан башка бирөөнүн бардык нерсени билерине жана каалаганын жасай аларына ишенүү болуп, күфүр болуп саналат. "Хадика” 

Хадиси шарифте мындай деп буюрулган: 

"Жаман ырымга (каражолтойлукка) ишенген, көзү ачыктык кылган, көзү ачыкка барган, сыйкыр жасаган, жасаткан жана буларга ишенген адам бизден эмес, Курани каримге ишенбеген болот.” [Беззар] 

Ибни Аби Зейд хазреттери айтат: 

"Жинчи тарикатчыга ишенүү, адамды жинден куткара турганына ишенүү, ага акча берүү жаиз эмес. Сыйкырды чечкенге да акча берүү жаиз эмес.” 

"Биргиви Осуятнамасы” китебинде: "Эгер бир адам мен уурдалган, жоголгон нерселерди билем десе, аны айткан да, ага ишенген да капыр болот. "Мага жин кабар берет, ошондуктан билем” десе, анда да капыр болот. Себеби, жин да кайыпты билбейт. Кайыпты жалгыз Аллах билет”, - деп айтылат. 

Кайыпты жин да билбейт 

Кадызада муну мындайча түшүндүрөт: 

"Кайыпты Аллаху тааланын вахий жана илхам кылгандары да билет. Жин кайыпты билбейт. Бирок, жин "мен олуядан уктум эле, мындай экен" десе күфүр болбойт. Бирок, жиндер жалган айтканы үчүн алар биз уктук дешсе да ишенбөө керек. Аллаху таала вахий жолу менен пайгамбарларга кайыпты билдиргени сыяктуу, илхам жолу менен да олуяларга жана момундарга да билдирет.” 

Ибни Абидин хазретери мындай деп буюрат: 

"Сыйкыр – илим-билимге туура келбеген, жашыруун себептерди колдонуп, адаттан тыш кызыктай иштерди жасоого мүмкүндүк берген илим. Сыйкырды үйрөнүү да, үйрөтүү да харам. Мусулмандарды зыяндан коргоо үчүн үйрөнүү да харам.” [Радд-ул-мухтар] 

Жакшы иш кылуу үчүн да харам иш кылуу [сыйкыр чечүү үчүн сыйкыр жасоо] жаиз эмес. (Хадика) 

Имам Раббани хазретери мындай деп буюрат: "Сыйкыр жасоо күфүргө эң жакын болгон эң жаман харам. Хадиси шарифте мындай: "Мусулман сыйкыр жасабайт. Аллах сактасын, ыйманы кеткенден кийин сыйкыр таасир этет”, - деп айтылган.” [3-том, 41-кат] 

Имам Навави хазретери мындай деп буюрат: 

"Сыйкыр жасап жатканда күфүргө себеп болгон сөз жана иш бар болсо күфүр болот. Мындай бир сөз жана иш болбосо чоң күнөө болот.” 

Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулган:

"Апаатка түрткөн жети нерсенин бири - сыйкыр.” [Бухари] 

"Жипке үйлөп түйүн түйгөн адам сыйкыр жасаган болот. Сыйкыр жасаган адам да Аллахка шерик кошкон болот.” [Несаи] 

"Төлгөчүгө, сыйкырчыга, көзү ачыкка барып, алардын айткандарына ишенген адам Курани каримге ишенбеген болот.” [Таберани] 

"Сыйкырчыга ишенген адам Бейишке кире албайт.” [И. Хиббан] 

"Кайыптан кабар берүү максаты менен астрология менен алектенген адам сыйкырчы сыяктуу күнөөгө батат.” [Ибни Маже] 

"Төлгөчүгө төлгө салдырган адам анын сөзүнө ишенбесе дагы, кырк күн окуган намазы кабыл болбойт.” [Муслим] 

"Төлгө салуу, жазуу жана сызык менен келечектен кабар берүү бутка сыйынуу сыяктуу.” [Абу Давуд] 

"Күйөөсү менен аялын бири-бирине жаман көрсөткөн адам Аллаху тааланын каргышына калат.” [Ал-Анвар] 

"Эне менен баланын, бир тууган менен бир туугандын арасын ачканга каргыш болсун.” [Ибни Маже] 

"Көзү ачыктык кылып алынган акча харам болот.” [Бухари] 

"Адамды апаатка түрткөн мына бул жети нерседен сактангыла: 

1- Аллахка шерик кошуу.

2- Сыйкыр, башкача айтканда, бакшылык кылуу.

3- Киши өлтүрүү.

4- Пайыз жеш.

5- Жетимдин малын жеш.

6- Жихадда согуштан качуу.

7- Никелүү жана намыстуу аялды зина кылды деп жалаа жабуу.” [Бухари, Муслим] 

Сыйкыр адамдарды оору кылат. Сүйүүгө же жек көрүүгө себеп болот. Башкача айтканда, денеге жана рухка таасир этет. Сыйкыр, аялдарга жана балдарга көбүрөөк таасир этет. Сыйкырдын таасири сөзсүз эмес. Дарынын таасири сыяктуу болуп, Аллаху таала кааласа таасирин жаратат. Кааласа таасирин жаратпайт. 

Демек, "Сыйкырчы сыйкыр менен каалаганын сөзсүз жасайт, сыйкыр сөзсүз таасир этет” деген жана ишенген адам капыр болот. "Аллаху таала тагдыр кылган болсо сыйкыр таасир этиши мүмкүн” деш керек! 

Суроо: Сыйкыр таасир этпейт деп ишенем. Туурабы? 

ЖООП: Жаңылыш. Сыйкыр таасир этиши мүмкүн, сөзсүз таасир этет дегени жаңылыш. Сыйкыр дары сыяктуу. Кээде таасир эте алат, адамды оору кылат. Ар бир дары да ар дайым таасирин көрсөтпөйт, көрсөтпөгөнү да болот. Башкача айтканда, дарыга да, сыйкырга да таасир күчүн берген Аллаху таала. Бербесе, дары да, сыйкыр да таасир этпейт. 

Суроо: Расулуллахка да сыйкыр жасалган экен. Бул окуя кандай болгон эле? 

ЖООП: Расулуллах алейхиссалам Мединага хижратынан мурда Медина эли Абдуллах бин Салулдун айланасына чогулушкан эле. Расулуллах Мединага келгенде Медина эли толугу менен Ага урмат көрсөтүп, көңүл бура башташты. Ибни Салулду ташташты. Ошондо Расулуллахты өлтүрүү үчүн аракетке өттү. Яхудилер анын жанына чогулушту. Кээ бир пландарды түзүштү. Лабид бин Асымдан жардам сурашты. Лабид "баланча жерде Хайра аттуу сыйкырды мыкты жасаган карыган бир аял бар, аны тапкыла" деди. Таап, ал аялга көп акча беришти. Кары аял бир көгүчкөн балапанына ийнелерди сайып, 11 түйүн кылып көгүчкөн балапанынын үстүнө ороду. Мединанын тышында ээн кудуктун ичине салып, оозун жапты. 

Расулуллах алейхиссалам ооруп калды. Дене мүчөлөрү кыймылдабай калды. Бул абал 9 күн уланды. Андан кийин Жабрайил алейхисселам келди, абалды кабарлады. Расулуллахты ошол жакка алып барышты. Кудукту ачып көгүчкөндү чыгарды. Бирок, түйүндөрдү чече алышкан жок. Жабрайил алейхиссалам Муаввизетейн [Кул Аузу] сүрөлөрүн алып келди. Расулуллах бул сүрөлөрдү ошол түйүндөрдүн үстүнө окуду. Ар бир аятты окуган сайын бир түйүн чечилди. Эки сүрөдөгү 11 аят окулганда 11 түйүн тең чечилди. Расулуллах алейхиссалам оорудан толугу менен кутулуп, ден соолугуна ээ болду. 

Суроо: Жин адамга өткөн чакта болгон окуяларды билдире алабы? 

ЖООП: Жин көргөндөрүн айта алат, бирок, кайыптан кабар бере албайт. Адамдар да көргөндөрүн айтышат. Жиндерден көрбөгөндөрүн айткандар чыгышы мүмкүн. Текебер жалганчы болгондору бар, аларга ишенүүгө болбойт.

 Суроо: Жинчи молдого сыйкыр чечкени үчүн акча берүү күнөөбү? 

ЖООП: Жинчи молдого ишенүү, адамды жинден куткара турганына ишенип, ага акча берүү жаиз эмес. Сыйкыр чечкенге да акча берүү жаиз эмес. 

Суроо: Аяттар окулуп жипке түйүн салынууда. Жамандардын зыянынан сактануу үчүн дуба кылынууда. Сыйкырга жатабы, жаизби? 

ЖООП: Сыйкырга жатат, жаиз эмес. 

Биоэнергия 

Суроо: Биоэнергия же ушуга окшогон жолдор менен мээнин жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу кадимки адамдар жасай албаган нерселерди жасоонун же кайыпты көрүүнүн динде орду барбы, же булар сыйкырбы? 

ЖООП: Бир технологияга негизделсе зыяны жок; бирок, технологияга негизделбесе сыйкыр болот. Мээнин жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу бир катар ыкмалар менен адатта көрүнбөгөн нерселерди көрүү, кайыпты көрүү дегендикке жатпайт. Ошол жол менен көрүнгөн нерселер кайып болбойт. Мисалы, бүгүнкү күндө УЗИ менен эненин курсагындагы баланын жынысын көрүүгө болот. Илгери билинчү эмес. УЗИ менен муну көргөн доктур тууралуу кайыпты билет деп айтылбайт. 

Суроо: Бир жинчи молдого бардым, менден кесилген тырмак бөлүктөрүмдү сурады, берейинби? 

ЖООП: Андай жерлерге барбаңыз жана бербеңиз. Кесилген тырмактарды көмүү жакшы болот. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган: 

"Чач жана тырмагыңарды топуракка көмгүлө, сыйкырчылар алар менен сыйкыр жасашпасын!” [Дейлеми] 

Суроо: Сыйкыр деген эмне? 

ЖООП: Адамдардын бардык иштери адат-и илахиййанын (Аллахтын адаттарынын) ичинде пайда болот. Аллаху таала сүйгөн адамдарына сый болуу үчүн адатын бузуп, себепсиз нерселерди жаратат. Эгер булар пайгамбарларда пайда болсо мужиза, олуяларда пайда болсо керемет, башка момундардан пайда болсо фирасат (парасат), фасыктарда пайда болсо истидраж, капырларда пайда болсо сыйкыр деп аталат. 

Ирактык кээ бир кишилердин ооздоруна от салууларына, беттерине шиш сайышкандарына керемет дегендер чыгууда. Аллаху таала мындай кишилердин Хазрети Муса заманында да болгондугун, булардын сыйкыр экендигин билдирүүдө. Мындай көз боёмочулук харам. Хадиси шарифте буюрулду: 

"Бир кишинин асманда учкандыгын, деңиз үстүндө баскандыгын же оозуна от салып жуткандыгын көрсөңөр, бирок, динге туура келбеген бир иш кылса, керемет ээсимин десе дагы аны сыйкырчы, жалганчы, адашкан жана туура жолдон адаштыруучу деп билгиле!” [Ал-Мунира]

 Суроо: Телевизордон көрдүк. Афсун (сыйкыр) жасалганды чаян чакпайт экен. Афсун деген эмне?

 ЖООП: Афсун – илим жолу менен тажрыйба кылынбаган, мааниси билинбеген же күфүргө себеп болгон нерсени ооруп калбоо же ооруну дарылоо үчүн окуп үйлөө дегенди билдирет. Хадиси шарифте буюрулду:

 "Афсун жасаган адам тобокел кылбаган болот.” [Несаи] 

Афсунду сыйкырга окшош тарабы бар. Булар менен алектенүү жаиз эмес. 

Махабат тумары

 Суроо: Күйөөмдүн башка аялдар менен мамилеси болгондуктан үйүнө байланышы үчүн сыйкырчы молдого бардым. Ал болсо сүрөттөп берип: "Күйөөңө айыз канын ичир, махабат пайда болот, сага байланат”, - деди. Кээ бир жинчи (жин чыгаруучу) молдолор да махабат тумарын жазышат. Кайсы бири орундуу? 

ЖООП: Бакшыларга жана жин чыгаруучуларга ишенүү таптакыр жаиз эмес. 

Ибни Масуд хазреттери "Рукйа, тамиме, тивеле ширк” хадиси шарифин айтканда, аялы: "Андай айтпа, көзүм ооруп жаткан. Яхудинин жасаган рукйасы менен оорум басылды”, - деди. Ага: "Бул оору шайтандын иши эле. Ал рукйа жасалганда яхудинин окуусу менен өтүп кетти деп ойлошсун деп баш тартты”, - деди. (Абу Давуд – Ширъа) 

Рукйа – окуп үйлөө же үстүндө алып жүрүү дегенди билдирет. Шариятка туура келгени жана туура келбегени бар. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай: 

"Рукйада ширк болмоюнча зыяны болбойт.” [Муслим] 

Аяти карима менен жана хадиси шарифтер менен жасалган рукйа жаиз, бул тавиз деп аталат. Тавиз жаиз жана ишенгенге, ишеним артканга пайда берет. Мааниси билинбеген же күфүргө себеп болгон рукйа афсун деп аталат. Муну же көз тийүүдөн сактоочу нерселерди өз үстүндө алып жүрүүгөнгө тамима деп айтылат. Махабат пайда кылуу үчүн жасалган рукйалар тивеле деп аталат. Күйөөсүнүн аялын сүйүүсү үчүн тивеле деп аталган сыйкырды жасоо харам. (Там Илмихал Саадат-и Абадиййа) 

Сыйкыр жасоо жана жасатуу 

Суроо: Сыйкыр барбы, адамдарга таасир этеби, сыйкыр жасоо жана жасатуу диний жактан ыйманды коркунучка салабы? 

ЖООП: Сихир (сыйкыр) адамдарды оору кылат. Сүйүү же сүйүүсүздүк кылат, денеге жана рухка таасир этет. Сыйкыр аялдарга жана балдарга көбүрөөк таасир этет. Сыйкырдын таасири анык, кескин эмес, дарынын таасири сыяктуу болуп, Аллаху таала кааласа таасирин жаратат. Каалабаса таптакыр таасир эттирбейт. Ачкалык тартып, кыйын жумуштарды кылып, напсин эзген, харам иш кылуудан ырахат ала албай турган абалга келтирген капырлардын жасаган сыйкыры таасир этүүдө. Ушундай поптордун сыйкыр чечүүлөрү да таасирдүү болууда. Азыркы поптор дүнүйө ырахаттарына берилип жана напсилери азгын болгондуктан сыйкыр жасай алышпайт жана сыйкырды буза алышпайт. 

Сыйкыр жасабоо керек жана сыйкыр жасатпоо керек, харам жана күфүргө эң жакын болгон, эң жаман харам. Сыйкырга тиешелүү кымындай бир ишти кылбоого абдан дыкат болуу керек. Хадиси шарифте буюрулду: 

"Мусулман сыйкыр жасай албайт. Аллах сактасын, ыйманы кеткенден кийин сыйкыры таасир этет.” Сыйкыр кылганда ыйманы кеткен сыяктуу. 

Имам Навави хазреттери буюрду: 

"Сыйкыр кылып жатканда күфүргө себеп болгон сөз же иш болсо күфүр. Андай сөз же иш жок болсо анда чоң күнөө.” 

Бир сыйкырчы сыйкыр менен каалаганын сөзсүз кылат, сыйкыр сөзсүз таасир этет деген жана ишенген адам капыр болот. Сыйкыр, Аллаху таала тагдыр кылган болсо таасир эте алат деш керек. 

Суроо: Сыйкырда жиндердин кандайдыр бир таасири, ролу барбы? 

ЖООП: Сыйкыр, бакшылык жиндердин адамдарда жасаган оорулары. Мусулман жиндерден адамдарга зыян келбейт. Жиндер ар кандай түрдө көрүнөт. Капыр жиндер салих адам кейпине да кирет. Капыр адамдар сыяктуу бир жакшылык кылганда күфүргө, фыскка да себеп болушат. Достук кылган адамынын көрсөтө турган кишилеринде оору, сыйкыр жасашат. Бул оорудан кутулуу үчүн бул жинди өлтүрүү же кууп чыгуу керек. Жиндин зыянынан кутулуу үчүн эң таасирдүү эки курал: Калима-и тамжид жана Истигфар дубасы. Калима-и тамжид: "Ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азыим.” Муну окугандан жиндердин качканын, сыйкырдын бузулганын Имам Раббани хазреттери 174-катында жана истигфар дубасынын дарттарга дабаа болгондугу хадиси шарифтерде билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш