- Ишенген амириңдин (жетекчиңдин) жанында эмгектен.
- Амириңе акыл бербе. Жол көрсөтөм дебе, сунуш кыл.
- Амириңе мүмкүн болсо «мен» жана «менин» деген сөздөр
менен башталган сөздөр менен сүйлөбө.
- Амириңдин оюнда эмне бар экендигин; б.а., максатын түшүнүүгө аракет кыл.
Эгер алган тапшырмаң бүдөмүрөөк болсо ага ылайык ат менен, мисалы, баланча
мырза, баланча ага деп ж.б., кайрылып: «Бул маселени мындайча түшүндүм...
туурабы», - деп такта. Аз жана саз сүйлө; Амириңди ашыкча сөзгө көмбө!
- Айта турган маселеңде; амириңдин кабылдобоосу менен
сага бере турчу суроолорду алдын ала баамда жана буларды ишендире алчу формада
жооптондура алууга даярдыктуу бол.
- Амириңди кыйынчылыкка салба! Сунуш кылган маселеңди ага угузган маалдан
баштап ал дагы ошол меселени ойлонуп баштаган.
- Амириңе бар болгон нерсени сюрприз кылба. Акыркы
чекиттеги жоопкерчилик амириңде экендигин унутпа. Сенин берген маалыматыңды
башка биринен угуусу же андан таң калтыра турчу сюрприз экономиялар сага алгач
балл жоготтурат, кийин ордуңду жоготтурат.
- Маселелериңди амириңдин көңүлү түшүп турганда, чарчаңкы кезде же өтө
кубанычтуу кезинде айтпа. Ылайык убакыт кандай маанилүү болсо ылайык болгон
жагдай да өтө маанилүү.
- Амириң менен араңарда эң алгачкы иштеп баштаган күнкү
тарбия адебиң, назиктигиңди жана дистанцияңды сакта. Ак ниеттен сүйлөшүү менен
чегинен ашык азилдешүү экөө эки башка нерселер.
- Сага ылайык болбогон пикир жана тапшырмаларга дароо «болбойт!» дебе. (Дароо
четке кагуу бул амирди четке кагуу болуп саналат. Жарайт дегенден кийин дагы
бир канча күн ойлонуп кайрадан пикириңди билдире аласың. Алгачкы четке кагуу
аткарыла турчу ишти эмес амирди четке каккандык болуп саналат.)
- Амириңдин сен көргөн жана көрө турган нерселерди
мурдатан эле башынан өткөргөндүгүн унутпа; ишеничтүү, тажрыйбалуу адам.
- Сабырдуу бол. Жаңылыш эсеп керек болсо Багдаддан кайра кайтат.
- Амириң сен тууралуу ченемсиз мактоосунан алыс бол.
Керек болгондо акыйкатты айт. Бирок, кандай айтууну билүү менен.
- Амириңе сенин жана ишиң тууралуу башка булактардан да маалымат
баргандыгын унутпа.
- Сыр сактоону бил. Сыр сактоо сен ойлогондон да оор
өзгөчөлүк. Сен тууралуу «..... тили бекем» адам деген өкүм берилүүсүн аткара
алсаң бул сен үчүн чоң табылга болот.
- Амириңди ашып андан жогорку мартабага барба!
- Амирдин алдында иштеген адамдарды амириңе даттанба. Бул
алсыздыктын белгиси. Негизи аларга кызмат кылган адам экендигин унутпа.
Амириңди досторуңа, досторуңду амириңе каршы тукурба!
- Кызганба, бөлүш. Жакшылыктарды бөлүшкөндүгүң сыяктуу билимиңди да бөлүш.
Билим бөлүшкөн сайын артат.
- Жакшы жетилбеген жумуштагы кадр бутка байланган жип
болот. Жумушчу алып жатканда өтө дыкат бол. Алгандан кийин да иш ордуна
(фирмага, организация ж.б.) бекем байлануулары үчүн иш ордун (этика маданиятын)
сүйдүрүүгө көңүл бөл.
- Ээлеген ордуңан кабатырланба. Аны бираздан кийин башка бирине өткөрүп
бере турганыңдай ырахат бол. Ансыз деле бир күнү сөзсүз таштайсың.
- Астыңдагылар менен да үстүңдөгүлөр менен да назик жана
жарык маанай менен сүйлөш. Кастюмду топчулоо кабыл алган адамыңды тике туруп
тозуп алуу коркоктугуңдун эмес маданиятыңдын белгиси. Аллах үчүн жөнөкөйлүк
кылуу адамды көтөрмөлөйт.
- Алдыңдагыларды ук. Угуп жатканда аларга баа бер. Сага да ачылууларына
жардамчы бол. Дарттарын сезе бил. Бирок, көрүшүү ылайык убакыт ичинде
орундалсын. Эч кимдин үмүтүн шагын сындырба. Эч бир адам сага келип кайра
көңүлө түшүп кайтпасын. Алардын суранычтарын ойлорун дароо артка кайтарба.
Ойлонуу үчүн убакыт сура.
- Жаныңда иштегендердин карызы тууралуу, оорулуу адамы
барбы, карыган бири барбы, окуп жаткан баласы барбы булар тууралуу кабарың
болсун.
- Эч бир нерсе дароо бышып жетилбейт. Адамдар эски мүнөздөрүнөн кыска
убакытта баш тартышпайт. Сенин дагы кыялыңдагы пикирлериң дароо орундалбайт.
Бирок, күтүүнү билсең сен дагы жемишин аласың.
- Бир гана даттануучу адамдын сөзүн угуп башка бир адам
тууралуу өкүм чыгарба!
- Жумушуңда иштеген кичүүлөрдү балаңдай, теңтуштарыңды бир туугандай,
улууларды атаңдай көр!
- Өтүнүч менен сүйлө. Буйрук бербе. Тилиңди «сураныч»,
«өтүнүч» деген сөздөргө көндүр. Мүмкүн бекен, кыла аласызбы деген сөз орой
буйрук берүүчү сөздөрдөн дагы да таасирлүүрөөк. «Сиз» деп кайрылуу «Сен» дегенден
да жакшыраак.
- Ачууланба, мээримдүү бол.
- Бир стакан суудан бороон чыгаруу сени карап турган
адамдардын алдында паска түшүрөт.
- Кемчиликтерди адамдардын арасында бетине айтпа. Кимде айып болсо аны
менен жеке сүйлөш. Алгач айыптын эмнеде экендигин сура. Башка түрдүү себептер
да болуп калышы мүмкүн. Эгер сурап укпай туруп өкүм бере турган болсоң
натыйжысында өкүнөсүң, уяласың.
- Амир дагы ката кылат. Ката кыла турган болсоң чоң кичи
пейилдик менен кечирим сура, мындан эч нерсе жоготпойсуң.
- Досторуңду машина буюм сыяктуу көрбө. Иш жана келечек тууралуу кез-кезде
аларга маалымат бер, сунуш жана пикирлерин ал, ушундайча аларды да кылына турчу
ишке орток кыл. Досторуңду кыла турчу иштеринде ийликтүү боло тургандыктарына
ишендир. Группа менен иштөөлөрүнө маани бер. Алдыңда же үстүңдө иштегендер сага
канчалык даражада ишенишет? Муну тез-тез ойлой жүр жана ката-кемчиликтериңди
оңдоп турууга аракет кыл.
- Жумушту ошол эле убакытта мектеп деп кабылда. Үйрөн
жана үйрөт. Эң кайырлуу мурас – бул адам.
- Көңүлдөрдө орун табуу менен алектен. Сенден жаман көргөндүктөрүнөн эмес
таарынтып албайын деп коркушсун. Жүрөк оорутуудан сактан. Жанына баралбас тоо
болбо. Тоолор канча бийик болсо да үстүнөн өткөн жолдор бар.
- Атырылган, сындаган, азилдеген, пессимист адам болбо.
Айланаңа пессимисттик маанай жайба. Адамдар сени сагына тургандай даражада бол.
- Жеке кыйынчылыктарыңды эч кимге жүктөбө. Эч бир адам сенин
кыйынчылыктарыңды тартууга мажбур эмес. Кыйынчылыктардын себеби, жалпы алганда
шүгүрсүздүк, суизан, гыйбат, көрө албастык жана кибир сыяктуу жаман мүнөздөрдөн
болот.
- Курани каримди окуп-үйрөн. Илмихалыңды билип ошого
ылайык жаша. Бир батыш, бир чыгыш тилин мыкты бил.
- Ислам тарыхы жана өз тарыхыңан кабарың болсун. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын
өмүр баянын эс-акылыңа сиңир жана Анын ахлагы менен ахлактанууга аракет кыл.
Келген кеткен адамдардын арасында эң мыкты Башкаруучу эч бир шексиз Ал.
- Ишиңди мыкты үйрөн, жаңылыктарды биле жүр. Дүнүйөнү
тааны.
- Өз тилиңди жакшы бил, бул
тилге кирип кеткен жаргондорду оозуңа жолотпо. Болбосо адамдар сенин оозуңан
чыккан бул сөздөрдү ээлеген кызматыңа жараштыра албашы анык.
- Мимикаларыңа да ээ бол. Баскан турганың дыкат болсун.
Таттуу күлүмсөөлөр каткылып күлүүдөн жакшыраак.
- Кандай болсоң ошондой көрүн. Ишмер адам экениңди унутпа. Сырттан
карагандар дайым сенин тулку боюңа көз чаптырышат. Чачыңдын иретинен тартып бут
кийимиңдин өңү-түсүнө чейин дыкат бол. Иш ордуңду (фирмаңды, органицацияны
ж.б.) мыкты көрсөт.
- Убакытты колдонууну жакшы бил. Барган жериңде да, сага
келишсе да, башка түрдө да эч качан убакытыңды өлтүрбө. Убакыт өлтүрүүгө эмес
табууга берилген.
- Жолугушууларга дыкат бол.
- Белек бергенди жактыр. Махабаттын артуусуна себеп
болот.
- Ысраптан сактан. Орду ордуна сарпталбаган бир тыйын да ысрап. Мусорго
керексиз жерге ыргытылган ар бир кагаз тилими, керегинен артык күйгөн свет,
керегинен ашыкча ачылган суу түтүгү мунун баары ысрап.
- Иштин күнүмкүсүн күнүнө бүтүр. «Эртең кылам дегендер
зыян тартты» деген хадиси-и шарифи дайыма оюңда болсун.
- Ой жүгүрт. Эр жүрөк өтүмдүү бол. Бирок, мындан ашыкча бей баштык да
коркоктук сыяктуу зыяндуу экенин унутпа.
- Жаңы пикирлериңди жана пландарыңды алгач өз акылыңда
бышырып-жетилдир. Андан кийин ишеничтүү адамдарың менен кеңешип, кийин барып
амириңе сун.
- Үй-бүлөдө «ажырашам, жумушуңда «ордумду бошотом» деген сөздү колдонбо.
Булардын экөө тең бир гана жолу колдонулат.
- Үйүңө ишиңдеги кыйынчылыктарды көтөрүп барба. Үйдүн
өзүнө тийиштүү закондору бар. Ошол закондорго баш ийсең ишиңде да, үйдө да
башың оорубайт. Үйдө өткөргөн убактыңды ишиңдеги танапис деп кабылда.
- Үйүңдүн кыйынчылыктарын да ишиңе көтөрүп келбе. Үй бүлө мүчөлөрүңө көңүл
бөл. Сенин намысыңда болгон адамдардын кемчиликтерин өз тилиң менен ар кимге
жайба.
- Адептүү бол. Адеп – адамдын башындагы көрүнбөгөн таажы.
- Байлык да, кызмат орду да, бийлик да аманат. Көтөрүлүп бийлик машинасына
отура турган болсоң башка адамга өзгөрүп кетпе. Бир күн келет, ошол машинадан
түшүп баягы адамдардын арасына кайтасың. Эч болбогондо табытыңды көтөрө турчу
төрт досуң калсын.
- Бутуң жерге тийсин. Кимдердин арасынан чыккан болсоң
аларды унутпа. Дайыма беш жылдыздуу отельдерде эмес кембагалдарды да эсте, алар
колдонгон коомдук транспотту да эсте. Ушул транспортко түшүп, ошол адамдарга
бар. Ал жерлерде да көп нерселерди үйрөнгөнүңдү көрөсүң.
- Бир Ислам аалымы айтат: «Жетекчиликтин» бир гана закону бар.
Жогорудагыларга чекчиз баш ийүү, астындагыларга жакшылык» (Рахим Эр)