Ислам дини » Башкаруучулук » Тарбиянын мааниси




Тарбиянын мааниси


Бир башкаруу алдындагы жамияттардын ахлак жана өзгөчөлүктөрү бири-бирине карама-каршы тарабынан алып караганда бир жерде өскөн өсүмдүктөр сыяктуу. Кээ бири таттуу жана пайдалуу, кээ бири ачуу жана уулуу болот.

Кайсыдыр бир бакчада өскөн аралаш өсүмдүктөрдөн ачуу жана уулуу түрлөрү алынбаса көбөйүп, күчтөнүп, таттуу жана пайдалуу болгон өсүмдүктөрдүн жашоосуна, жетилүүсүнө кедерги болот, кырылуусуна себеп болот.

Өсүмдүктөрдүн арасындагы ачуу жана зыяндуу чөптөрдү тазалаш үчүн ал бакчаны карап турган багбан керек болгондой эле калк арасындагы фитначы, бүлүкчүлөрдү туура жолго сала турчу, зулумдук тарткандарды заалымдардын колунан куткара турчу, жамиятка тартип орнотуп, тынчтык алып келе турчу, кол астындагыларды сүйгөн башкаруучу керек.

Саясат жана адилеттиги жакшы болгон башкаруучунун башкаруусу дайыма болот. Тарбияга маани берилбей турган болсо башкарууда кемчиликтер, бузулуулар баш көрсөтөт.

Башкаруучунун тарбияга керек болгон көңүлдү буруп, айланасындагыларга маани берүүсү жана сый көрсөтүүсү тарбия үчүн керек болгон нерселерден болуп саналат.

Тарбия дайыма адамдын акылына, хидаят жолуна жол көрсөтөт. Тарбия алууга умтулуу керек! Себеби, тарбия акылды көбөйтөт, иш ордунда жана мартабада бышырып жетилтет, адамдык сыпаттарын кубаттандырат.

Тарбиялуу адам адебинин аркасынан мал оокат табат жана бийик даражаларга жетет. Бирок, атасынан адеп эмес мал оокат калган бала мал оокатын жоготкондой эле тарбиядан да куру калат.

Мурастын жакшысы – адеп, достун жакшысы – жакшы мүнөз, жол башчынын жакшысы – жакшылык кылууну көрсөтүп, жамандык жолдорун жапкан жардамчы.

Сооданын пайдалуусу – көп эмгектенүү.

Истишарадан (кеңешүүдөн) дагы артык ишене турчу тал, билимсиздиктен дагы оор кедейлик жок.

Адептин керек экендигине ишенген адам бул принциптерди башкарууда колдоно алуусу үчүн бул эки негизди билүүсү керек. Себеби, бекем башкаруу буларга дыкат мамиле кылуу аркылуу ишке ашат:

Динди жакшы билиш үчүн:

Кылынган күнөөлөрдүн ички бетин жана күнөөлүүлөрдү жазалоо ишинде жеткиликтүү укук илимине ээ болуу.

Тынчтык жана бакытты кармап турган адилеттикти жашатуу үчүн:

Илим – башкаруучунун эскертүүчүсү жана коргоочусу, ээсин зулумдуктан, акыларды жегенден алыс кармайт, жумшак мүнөздүү кылат.

Зулумдуктан алыстатып, айланасындагыларга мээримдүүлүк кылдыртат.

Башкаруучу болгон адам Аллаху тааладан корксо кол алдында эмгектенгендер да андан коркот. Б.а., анын буйругун орундай албай капалантуудан коркуп эмне айта турган болсо кубануу менен орундашат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш