Имам Газали хазреттери Селжук Мамлекетинин султаны
Султан Санжардын падышалыгы маалында аны менен көрүшүп, ага кат жазып,
насааттарын айткан:
Султан Санжар Ахли сүннөт итикадында, динин бекем
карманган жана бидаттарды четке каккан падыша болгон. 60 жыл такта отуруп,
илимге жана аалымдарга өтө чоң сый-урмат көрсөтүп, өзү дагы илим менен алек
болчу. Ал доордун эң атактуу аалымы болгон Имам Газали хазреттерине көралбастык
кылгандар Имам Азам хазреттерине каршы сөз айтып жатат дешип ага жалаа жабышып,
Султан Санжарга даттанышкан. Султан Санжар Имам Газили хазреттерин өзүнө
чакырып, көрүшүүнү каалагандыгын кабар берет. Абал Имам Газали хазреттерине
билдирилгенде кээ бир себептерин айтып барбады. Султан Санжарга бара албай
калгандыгынын себеби жана насааты жазылган кат жазып жиберет.
Кыскача мына бул нерселерди билдирген:
«Аллаху тааланын акыретте бир адамга ихсан кыла
турчу нерселердин жанында бардык жер жүзү бир кирпичтей боло албайт. Жер
жүзүнүн бардык аймактары ал кирпичтин чаңы сыяктуу. Кирпичтин жана чаңынын,
топурагынын кандай баасы болмок эле? Түбөлүк султандык жана саадаттын жанында
жүз жылдык өмүрдүн кубанып мактана тургудай кандай баасы бар? Бийиктиктерди
изде, Аллаху таала бере турчу падышалыктан башкасына алданба!
Бул түбөлүк падышалыкка жетүү баарына кыйын нерсе
болгону менен сен үчүн жеңил. Себеби, Расулуллах алейхиссалам: «Бир күн
адилеттик менен өкүмдарлык кылуу алтымыш жылдык ибадаттан жакшыраак», -
деген. Аллаху таала башкаларга алтымыш жылда таба турчу нерсени бир күндө табуу
себебин ихсан кылган болсо мындан да көп ийгиликке мүмкүндүк боло албайт!
Азыркы заманда болсо бир күн эмес бир саат адилеттик менен иш кылуу алтымыш жыл
ибадаттан жакшы боло турчу даражага келген.
Дүнүйөнүн эч баасы жок экендиги ачык айкын
белгилүү. Дин улуктары айтышкан: «Дүнүйө сынбай турчу алтын идиш, акырет болсо
сына турчу топурак идиш болсо, акылдуу адам өткүнчү болгон, акыры жок боло
турчу алтын идишти таштап, түбөлүк болгон топурак идишти алат. Бирок, дүнүйө
өткүнчү, сынып жок болчу идиш сыяктуу. Акырет болсо эч сынбай турчу, түбөлүк
кала турчу алтын идиш сыяктуу. Андай болсо, буга карабастан дүнүйөгө жабышкан
адамды кантип акылдуу деп айтууга болот? Бул мисалды жакшылап ойлон жана дайыма
көз алдыңарда кармагыла!»
Мени жаныңызга чакырган экенсиз. Менин ахдым
(антым, сөзүм) бар. Мындан кийин эч бир султандын жанына барбайм жана эч бир
султандан кымындай дагы нерсе кабыл кылбайм. Муназараны таштайм. Бул сөзүмдө
турдум. Бул жагынан султандар менин себебимди түшүнүү менен кабыл кылышты.
Сиз үчүн кайырлуу дубаларды кылдым. Эгер бардык
нерсеге карабастан келүүм үчүн буйругуңуз болсо амирге баш ийүү керек экендигин
билгендигим үчүн сөзүмдү бузуп, буйругуңузду кабыл кылуу жолун тандайм. Аллаху
таала тилиңизге, көңүлүңүзгө акыретте уялуудан коргогудай нерселерди берсин...
Вассалам.»
Бул кат Султан Санжарга жеткенде ансыз деле
Мешхедге келиппиз, ордобузга алыс эмес. Ал жерден келүү кыйын эмес деп келүүсүн
кабарлады. Имам Газали бул кабар менен Султан Санжардын жанына келди. Алдына
киргенде өйдө туруп, Имам Газали хазреттерин тосуп кучактады. Кийин өз тагына
отургузду. Өтө чоң урмат көрсөттү. Имам Газали хазреттери отургандан кийин
жанында турган бир шакиртине Курани каримден бираз оку деди. Шакирти «Аллах
пендесине жетпейби?» деген маанидеги Зумар сүрөсүнүн 36-чы аятын
окуганда Имам Газали хазреттери: «Ооба», - деди. Кийин сөзүн Бисмиллах менен
баштады. Султанга мындай деди:
«Аллаху таалага хамд болсун. Кутулуу бир гана
такыбалуу болгондор үчүн. Душмандык дагы бир гана заалымдарга. Ислам
аалымдарынын адаты мындай: Падышалардын жанына келгенде дуба, санаа, насаат
жана бир муктаждыктын чечилүүсү тууралуу сүйлөшүшөт.
Дуба тууралуу эң жакшысы түндүн караңгылыгында Хак
таалага жашыруун жалбаруу. Себеби, адамдардын арасында кылынган дубаларда рийа,
эл көрсүндүк үчүн кылуу ыктымалы бар. Халис эмес мындай дубалар Хак таала
тарабынан кабыл кылынбайт. Көз алдында мактоо дагы рийакорлуктан, эл
көрсүндүктөн алыс эмес. Бийиктик жагынан, жарыктык жагынан алганда күндүн
сөөмөй менен көрсөтүлүп, макталууга муктаждыгы жок. Сулуулук кемелдикке
жеткенде мактагандардын базарын бузат, булардын колдору бош калат.
Расулуллах алейхиссалам: «Силерге эки
насаатчы таштадым, бири унчукпайт, бири сүйлөйт. Унчукпаган насаатчы – өлүм.
Сүйлөгөнү болсо – Куран», - деди. Көңүл бөл, унчукпаган насаатчы өлүм
лисан-ы хал менен (өз турушунун тили менен) эмнени сүйлөөдө, сүйлөгөн насаатчы
эмнени сүйлөөдө? Унчукпастан, абалы менен насаат кылган өлүм айтат:
Мен ар бир жандууну тузакта күтүп турам. Маалы
келгенде дароо чыгып тузакка түшүрөм. Эгер менин баарына кыла турчу ишиме
окшошун көргүсү келген бар болсо падышалар көз жумган падышаларга, амирлер дагы
көз жумган амирлерди карашсын. Меликшах, Алпарслан, Чагрыбей топурак астында
абалдары менен минтип үндөшүүдө:
Эй, Падыша, эй, көзүмдүн нуру, биз каерлерге алып
барылганыбызды, кандай коркунучтарды көргөнүбүздү унутпа. Кол астыңдагылардын
бири ач болсо сен эч бир түнү ток уктаба! Бири жылаңач турганда сен
каалаганыңдай кийинбе!
Минтип осуят кылышат:
Менден бир келиме кабыл кыл, бул: «Ла
илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах». Муну дайыма тилиңде карма,
жалгыз калганыңда муну айтууну эч унутпа. Асыл ыйман муну айтуу менен бекем
болот. «Ыйман суусун Аллаху таала жактырган нерселерден алат. Тамыры адилеттик
менен, уландысы Хакты зикир кылуу менен каим», - деп айтылган. Булардын
бардыгын орундап акырет азабынан кутулсаң да Кыяматта сурактан кутула албайсың.
Хадиси шарифте: «Ар бириңер чабан сыяктуусуңар жана ар ким кол
астындагылардан жоопкер», - деп айтылды.
"Эй, Падыша! Хак тааланын хак ниматын өтө,
нимат – туура ыйман, туура ишеним, жарык жүз, көркөм ахлак жана жакшы амал.
Булардан жакшы амал кылуу сенин колуңда. Аллаху таала бул ниматтарды сага ихсан
кылган экен, сен дагы төртүнчүдөн, жакшы амал кылуудан өзүңдү куру калтырба,
ниматка каршы чыккан болбо, эй, мобул турган эмирлер! (вазир, аскер башчылар!)
Эгер мамлекетиңердин мубарек жана дайыма бар болуусун кааласаңар ниматтын
кадырын билгиле. Ниматты балээ жана бетпактыктан ажыраткыла. Билип койгула,
силердин бул Хорасан башчысынан башка асман-жердин ээси болгон дагы башка
Падышаңар бар. Эртең кыяматта баарын эсепке тартат жана менин ниматымдын акысын
кантип таптыңар, кантип орундадыңар деп сурайт.
Башчылардын көңүлдөрү - Аллаху тааланын
казыналары. Рахмат, азап жана жазага байланыштуу жер бетинде эмне окуя болсо
башчылардын көңүлдөрү аркылуу болот. Аллаху таала: «Өз казынамды силерге
аманат кылдым. Силердин тилиңерди ал казынанын ачкычы кылдым, коргодуңарбы? Же
аманатка кыянаттык кылдыңарбы?» - деп сурайт. Казынага кыянаттык
кылган адам - бир зулумдук көргөндүн абалын падышадан жашырган адам.
Бир
муктаждыктын арыз кылынуусуна келгенде менин жалпы жана жеке эки кажетим
бар. Жалпысы мына бул: Тус эли
зулумдуктан куруду. Суук жана суусуздуктан эгин-тегини кыйрады. Аларга боор
оору! Хак таала сага да мээримин көрсөтсүн. Ачкалык, оору жана балээ менен
момундардын мойну жана белдери сынды.
Жеке кажетим болсо мына бул: Мен 12 жылдан бери
элден алыстап, бир бурчка өзүмдү тарткан элем. Кийин Фахр-ул-мулк Нишапур
Медресесинин мударистигин кабыл кылуум үчүн болбой өтүндү. Мен ага: «Бул
заман менин сөздөрүмдү көтөрө албайт. Бул заманда бир хак сөз сүйлөгөнгө жада
калса эшиги менен дубалы дагы ага каршы чыгат», - деген элем. Азыр
болсо абал ушунчалык даражага келген экен, эгер уккан сөздөрдү түшүмдө көрсөм
аралаш түш окшойт демекмин. Булардын акыл илимдери менен байланыштуу
болгондорунда эгер бирөөнүн нааразылыгы бар болсо буга таң калып болбойт.
Себеби, менин сөздөрүмдө ар ким түшүнө албай турчу маанилер көп. Муну менен
бирге мен кимге болсо болсун айткан кайсы сөзүм болсо да далилдей алам.
Ушундайча маселе ачылып түшүнүктүү болот. Бул өтө жеңил. Бирок, Имам азам Абу
Ханифага каршы чыкты деп айтып жатышкан экен. Буга эч чыдай албайм. Аллаху
таалага ант кыламын, мен Абу Ханифанын Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнүн
арасында фыкых илиминин ичке маселелеринде жана маанисинде эң чоң аалым
экендигин анык кабыл кылуудамын. Кимде ким менин бул айткандарыма каршы бир
сөзүм бар экендигин же бир нерсе жазгандыгымды айтса ал жалганчы.
Сизден ушуну каалайм, мени Нишапурда, Туста жана
башка бардык шаарларда дарс берүү ишинен бошотуңуз. Өзүм менен өзүм калайын.
Бул заман менин сөздөрүмө туруштук бере албайт.»
Султан Санжар Имам Газали хазреттерин дыкат коюп
тыңдагандан кийин мындайча жооп берди:
«Айткан бул сөздөрүңдү жана Имам азам тууралуу
жакшы пикирлериңди, Ирак, Хорасан аалымдарынын бардыгынын угуулары үчүн аларды
бул жерде жыйнашыбыз керек. Улуу Ислам аалымдары тууралуу пикириңизди жана
аларга болгон урмат жана сүйүүңүздү баарына угузуу үчүн, туш тарапка таратуу
үчүн бул сөздөрдү жазууңузду суранам. Дарс берүү ишинен бошоону каалаганыңыз
тууралуу айта турган болсом бул мүмкүн эмес. Фахр-ул-мулк сени Нишапур
мударистигине [профессорлугуна] чакырды. Биз сенин атыңа медреселерди
курдурабыз. Бардык аалымдар келишсин, өздөрүнө жабык бойдон калган маселелерди
үйрөнүшсүн, кыйын маселелерин чечишсин.»
Имам Газали хазреттери өмүрүнүн мындан кийинки
акыркы эки жылын өз мекени Туста китеп жазуу, адамдарды иршад кылуу жана
шакирттерине дарс үйрөтүү менен өткөрдү. 55 жашта көз жумду.