Курани каримде
жана хадиси шарифтерде кандайдыр бир ишти бул ишке ылайык адамга берилүүсү
буйрук кылынууда. Кызмат ордунун аманат экендиги билдирилүүдө жана бул аманатка
дыкат көңүл бөлүү буюрулууда. Курани каримде мындайча билдирилген:
"Аллах
силерге аманаттарды [иштерди] сөзсүз ал ишке ылайык адамдарга
берүүңөрдү жана адамдардын арасында өкүм чыгарган кезде адилеттик менен мамиле
кылууңарды буйрук кылат.” [Ниса 58]
«Биз аманатты [диндин
буйруктарын жана тыюуларын] асмандарга,
жерге, тоолорго сунуштадык, алар муну жүктөнүүдөн тартынышты, (жоопкерчилигинен)коркушту. Аны адам жүктөндү. Туурасы ал
өтө заалым, өтө жахил.» [Ахзаб]
Момундар макталып жатканда «Аманаттарына [диндин буйрук жана тыюуларына] маани беришет жана берген
сөздөрүн орундашат» деп буюрулууда. (Муминун 8)
Бир ишти кылып жатканда да араларында истишара
кылышкандыгы, бири-бирине кеңешип кылгандыктары билдирилүүдө. (Шура 38)
Хадиси шарифтерде мындайча билдирилүүдө:
«Ишти ахли болбогонго [ылайык болбогонго] берилген кезде
кыяматты күт.» [Бухари]
«Аманат сакталбаган кезде кыяматтын
болоорун күткүлө. "Йа
Расулаллах, аманаттын сакталбоосу кандай болот?” – делгенде, "Кызмат
орду ылайык эместерге берилген кезде кыяматты күткүлө», - деп буюрду.
(Бухари)
«Аллах жолунда согуш бүткүл күнөөлөрдүн
кечирилүүсүнө себеп. Бирок, аманатка кыянаттын кечирилишине себеп болбойт.
Аллах жолунда өлтүрүлгөн адам кыяматта аманатты өтөмөйүнчө Жаханнамга
ыргытылат.» [Байхаки]
«Аманатка көңүл бөлүнбөсө, зекет кыйынчылык менен
берилсе, илим динге кызмат үчүн эмес акча жана макам үчүн үйрөнүлсө, киши
аялынын машру болбогон (шариятка ылайык эмес) урзууларын кылууга аракеттенсе,
эне-атасына каршы чыкса, фасык жана ылайык эместер иш башына алып келинсе, жамандыгынан
коркуп заалымга урмат кылынса, машру эмес катнаштар, оюн аспаптуу, ичимдик
жерлер көбөйсө, жаңы курак мурунку аалымдарды жамандаса ошондо түрдүү балээге
дуушар болушат.» [Беззар]
«Аманатты
сактабаган адамдын ыйманы жок. Анын намазы да, зекети да кабыл болбойт.» [Беззар]
[Бул жердеги
ыйманы жок дегендик – ыйманы жетик эмес деген сөз. Кабыл болбойт деген сөз
сахих болбойт дегендик эмес. Намазы жана калган ибадаты сахих болот, карыздан
кутулат. Бирок, намаз жана зекеттен пайда боло турчу чоң соопторго ээ боло
албайт дегенди түшүндүрөт.]
Кайсыдыр бир
иш сөзсүз эле дипломдуу же даражалуу кишиге эмес ошол иштин көзүн билген,
максаттуу орундай ала турчу кишиге берилүүсү керек. Адамдарга карап ишти
тапшыруу орундуу эмес. Ар дайым ишти карап, ошого жараша адам тандаш керек.
Ошол кызматчы бул ишке ылайыктуу болсо ошого берүү керек. Эгер ылайык эмес
болсо ылайык болгон бирөөнү издөө керек.