Ислам дини » Башкаруучулук » Ийгиликтин жолдору




Ийгиликтин жолдору


Адилеттик, жарык жүз жана таттуу тил

1- Адилет менен иш кылуу керек. Адилеттин чегин ашса көңүлдөр ооруйт. Адилеттик элге тиричилик жана тартип берет, ал эми башкаруучуларга кооздук жана сулуулук берет.

2- Ийгиликке жетүү үчүн төрт шарт бар: Ыйман, адилет, чынчылдык, федачылдык (Федачылдык – өз кызыкчылыгын кайырлуу иштер үчүн курман кылуу дегенди түшүндүрөт.)

3- Мээримдүү жана кечиримдүү болуу керек. Аллаху таала башкаларга мээримдүүлүк кылбаган адамга мээримдүүлүк кылбайт, кечирбегенди кечирбейт, башкалардын кемчилигин кабыл кылбагандырдын кемчиликтерин кабыл кылбайт. Аллаху таала бизге кандай мамиле кылуусун кааласак биз дагы Анын кулдарына ошондой мамиле кылуубуз керек. Эгер биз Анын кулдарына жакшылык кылсак Андан жакшылык табабыз. Эгер Анын кулдарын таарынтсак Аллаху таала да бизди ошондой кылат. Кечире турган болсок Аллаху таала да бизди кечирет. Убайдуллах Ахрар хазреттеримындай деп айткан: "Аллаху тааланын ыраазысына жеткирүүнүн эң кыска жолдору - адамдарды кубантуу".

4- Биз Аллаху тааланы канчалык сүйсөк адамдар дагы бизди ошончо сүйөт. Аллахтан канчалык корксок бизден да ошончо коркушат. Аллахка канчалык баш ийсек бизге да ошончо баш ийишет. Биз Аллаху таалага канчалык кызмат кылсак бизге да адамдар ошончо кызмат кылышат. Ар ишибиз Аллаху таала үчүн болушу керек. Андай болбой турган болсо эч бир ишибизден пайда болбойт.

5- Башкаларды оңдогусу келген адам алгач өзүн оңдосун. Өз напсин тарбиялай албаган адам башкалардыкын эч качан тарбиялай албайт.

6- Жумшак жана кичи пейил адам утат. Оройлуктун эч бир жерде жана эч кимге пайдасы жок.

7- Ийгиликке жетүү эки нерсеге байланыштуу болот: Чынчылдык, бардык адамдар менен жакшы мамиледе болуу.

8- Эки тарапты тең укпай туруп чечим чыгарбаш керек.

9- Өзүнө карата кылынган иштерге жана өзу кылгысы келген нерселерге сабырдуу болуш кререк.

10- Ачууланбаш керек. Ачуулануу адамдын акылын жабат. Жамандыктар ар дайым ачуулануудан болот. Оор басырыктуу болуш керек.

11- Бирөөнө сөз өткөргүң келсе алгач өзүң башкалардын сөзүн ук.

12- Бардыгына урмат жана адеп менен жакшы мамиле кылуу.

13- Ийгиликтин сыры–жарык жүз, таттуу тил жана жакшы ыкма. Жакшы ыкма же жакшы саясат-бул бардык адамдардын ыраазы болуусу дегенди түшүндүрөт. Жарык жүздүү болбогон адам адамдардын урматына жана сүйүүсүнө ээ боло албайт. Жоомарт болбогон жана берүүнү жактырбаган адам башкалардын сүйүүсүнө ээ боло албайт. Аллаху тааланыны раазычылыгын ойлойбой башкалардан мактоо же болбосо дүнүйөлүк бир нерсе күткөн адамдын ыкыласы куруйт. Аллаху таала ыкыласы жок адамды ийгиликке жеткирбейт.

Көңүл оорутпоо, күнөө кылбоо

1- Эч кимге шек менен карабаш керек. Адамдарга кандай жакындашсак алар дагы бизге ошондой жакын болот.

2- Эч кимдин көңүлүн оорутпоо керек. Куфурдан кийинки күнөө - бул көңүл оорутуу. Мусулман эмес кишинин дагы көңүлүн оорутпоо керек. Адамдардын сырткы көрүнүшүнө эмес ички көрүнүшүнө караш керек. Мусулман бир тууганынын көңүлүн ооруткан адам Каабаны жыккандан дагы чоң күнөөгө кирет. Мусулмандын жүрөгү Жараткандын назары түшкөн жер, буга өтө сак болуу керек.

3- Эч ким менен талашып-тартышпаш керек. Талашып-тартышуу пайда келе турчу эшиктерди жаап таштайт жана достун достугун кетирүү менен бирге душмандын да душмандыгын артырат.

4- Кол алдындагыларга карата жеңил-желпи болбош керек. Оор басырыктуу жана март болуу керек.

5- Өзүн жогору көрбөө керек, кибирден, көкүрөк көтөрүүдөн сактануу керек.

6- Кыска жана нуска сүйлөө керек, ишти создуктуруп жибербөө керек. Сөздүн жакшысы кыска болот, жол көрсөтөт.

7- Ишиңе ээ бол. Пайда менен зыяндын кайдан келе тургандыгын билүүң керек.

8- Өзүңө ойлоно ала тургандай убакыт бөл.

9- Эмоцияга берилбе жана бир пикирде туруп алба.

10- Берген ишиңдин натыйжасын талап кыл.

11- Кечирим сурагандын кечиримин кабыл кыл.

12- Өзүңдү сөзүң менен жана баскан-турганың менен башкаларга сүйдүрүүнү үйрөн. Айланабыздагылар бизди жакшы көрбөгөн болсо анда кемчилик бизде.

13- Суралган суроого каршыңда турган адамдын акыретин ойлоо менен жооп бер.

14- Ар нерсени убада кылба, эгер убада кылган болсоң аткар.

15- Суизан кылба, ошол эле учурда адамдын ар убакта ката кылып коётургандын да унутпа. Ошондуктан, текшерип турууну да таштап койбо.

16- Хуснизан кыл, бирок, шайтан менен написти дагы унутпа.

17- Кыянатка жол бербе, кыянатчыны кечирбе.

18- Ийгилигиңди Аллаху тааладан деп бил. Ийгиликсиздигиңди күнөөлөрүңөн деп бил.

19- Ар ийгиликсиздиктин, ар дарттын дабасы бул туура кылынган намаз жана истигфар. Аллаху таала күнөө кылган бир кулун ийгиликке жеткирбейт.

20- Аллаху таала күнөө кылбагандардан жана күнөө кылынбаган жерден ыраазы. Өзүбүз күнөөдөн сактангандыгыбыз сыяктуу досторубузду да күнөөдөн сактоого аракет кылышыбыз керек.

Лидердик, жакшы жана жаман башкаруучу

1- Лидердик – бул берүү өнөрү болуп саналат, алуу эмес. Ийгиликтин сыры – берүү.

2- Башкаруучу киши – тең салмактуулукту жакшы коргогон киши. Аллаху таала бардык нерсени эсеп жана салмак менен жараткан.

3- Иш лидерде. Алдыдагы жакшы болсо, натыйжа жакшы болот. Алдыдагы жаман болсо натыйжа бузук болот.

4- Лидер – өзүн ортодон тарткан адам. Идиштен өз мендигин чыгарып, анын ордуна идеал туткан инсандарын койгон адам. Идиштин ичинде өзү эле боло турган болсо ага башка эч бир нерсе кирбейт. Өзүн ортодон тартмайынча, «мен, мен» дей турган болсо андан лидер чыкпайт.

5- От кайсы жерге түшсө ошол жерди күйгүзөт. Жүрөк өрттөнөт, кыйналат. Кыйналбаса, жүрөк күйбөй турган болсо, катардагы кызматчымын деген түшүнүк менен лидер болбойт. Бийлик, мал-мүлккө берилүү менен лидер боло албайт. Динибизде эмне «жакшы» делген болсо ошону өрнөк кылып алуусу керек. Бир ишке берилмейин ал иште ийгиликтүү боло албайт.

6- Адамдарга жол башчылык кылган, жол көрсөткөн кишиде мына бул касиеттер болбосо ал жол башчылык кыла албайт: кемчиликтерди жашырган жана кечиримдүү болуусу, мээримдүү жана жумшак болуусу, туура сөздүү жана жакшылык кылуучу болуусу, (ыдыратуучу эмес бириктирүүчү, тигүүчү болуусу), жакшылыкка үндөп, жамандыктардан тыйуучу болуусу, конокко сыйчыл жана түнү адамдар уктап жатканда ибадат кылуучу, билимдүү жана өтүмдүү эр жүрөк болуусу керек.

7- Башкаруучу адам үстүндөгү жүгүн таратуусу керек, кол алдындагыларга ээлеген жагдайларына жараша милдеттерди берүүсү керек. Бир кишиде бүткүл жүк жүктөлбөөсү керек. Жүктүн баары бир кишиге жүктөлө турган болсо анын алдынан тура албай калат, жумуштар аксайт.

8- Ар ишти мен өзүм кылам деген башкаруучу жаман башкаруучу. Жумушту ылайык бирөөнө бергенден кийин башкаруучунун жумушу болбойт. Жумушу болбойт деген сөз жумушу калбайт, жумушун текшерип көзөмөлдөбөйт дегенди түшүндүрбөйт. Ал майда-барат бардык нерсеге аралашып тажаткыч болбойт. Жумушка багыт берет, бул багытта алдыга карай кетүүсүн камсыздайт.

9- Биздин көп иштөөбүз кол астындагыларыбызды ийгиликтүү кылбайт. Ашыкча кийлигишүү ийгиликке кедерги болот.

10- Туюму кубаттуу жакшы башкаруучу адамдарга жараша ылайык жумуш бере алган адам. Болбосо, андан иш суралган адам эмес. Бир нерсенин толугун колго тийгизе албасак толугу менен таштап салбайлы. Бир адамдан толук пайдалана албай жаткан болсок аны көчөгө калтырбайлы. Пайдалана ала турчу жерде, пайдалана ала турчу өлчөмдө мүмкүн болушунча андан пайдаланалы. Ар адамдын жетилгендиги, дарамети, даражасы ар түрдүү болот.

11- Алсыз адам текебер болот. Кол астындагыларга текебердик менен мамиле кылган адам алсыз жана ичи бош көңдөй адам.

12- Жакшы башкаруучу болуубуз кол астындагыларыбыздын бизди сүйүүсү менен белгилүү болот.

13- Сараңдык, колу тардык кемчилик болуп саналат. Жанында адам өстүрбөгөн - сараң адам. Багбан бир роза гүлүн өстүрүү үчүн миңдеген тикенди өстүрөт. Бир эле киши деп көз жумуп өтүп кетпеш керек. Жакшылыктын да, жамандыктын да аздыгын төмөнсүнтпөш керек. Тарыхты карай турган болсок бир мамлекетти жыккан дагы, куткарган дагы бир эле адам экендигин көп кездештирүүгө болот.

Амирге баш ийүү жана бир максатта болуу

(Амир – бул жетекчи, башкаруучу, мүдүр деген маанини түшүндүрөт.)

1- Адамдарды иштете билүүнүн негизги шарты – шагын сындырбоо.

2- Жумушчулар жетекчисинин бөлмөсүнө эшикти какпастан да кире алгандай болуусу керек. Алар жетекчисине тартынбастан кире алуусу керек. Бир мусулман экинчи мусулмандын жанына кандайдыр бир иш үчүн тартынбастан бара албай жаткан болсо биринчисинин акыркы демде ыйман менен кетүүсүнөн коркууга болот.

3- Бир группада бир кыматкер кандайдыр бир кемчилик кыла турган болсо бул кемчиликтин күнөөсү ошол группанын башчысына тийиштүү болот жана мындан ал да жоопкер. Башчы болуу - акыретте өкүнүч.

4- Бардык башкаруучулар бир колу мойнуна байланган абалда эсеп күнүнө келишет, эсеби таза чыкса колу бошотулуп Бейишке киргизилет. Жаман чыкса экинчи колу да мойнуна байланып Тозокка киргизилет.

5- Амирге баш ийүү керек, ага аралашпаш керек, эки-үч башчылык болбойт. Үч баштуу казык бир жерге кирбейт. Баш канча көп болсо ошончолук жерге кирүүсү кыйын болот. Мусулмандар дагы бир дене сыяктуу. Бул дененин бир башы болуусу керек, эки башы болсо болбойт. Ансыз деле эки баштуу жаныбардыкоргондо адамдар андан качат, коркушат.

6- Бир коомдо ар ким өзүнөтийген милдетти аткарышы керек. Качан гана дене мүчөлөрү толук кандуу иштегенде ошол дене ишке жарай алат. Сааттын системасындагы тишчелеринин бири бузук болсо саат туура көргөзбөйт.

7- Мусулман динине баш ийген сайын ийгиликке жетет, бул ийгилик аныкы эмес, ал - системанын ийгилиги. Болуп жаткан кыйынчылыктардын себеби болсо системага, башкача айтканда, динибизге баш ийбей напсибизге баш ийүүдөн пайда болот. Биз динибизге канчалык баш ийе ала турган болсок ошончолук ырахатка жетип, ийгиликтүү боло алабыз. Аллаху таала мындай дейт: "Аллахка, Пайгамбарга жана араңардан чыккан башчыңарга баш ийгиле. Кимөз акылына карап иш кыла турган болсо жамандыккаучурайт.

8- Диндин буйруктарына баш ийүү биринчи шарт. Адам өзүнө-өзү чоң тоскоол болушу мүмкүн. Напсибизге баш ийүү - бул эн чоң тоскоолдук.

9- Бардык иш биримдик менен болот. Биримдик боло турган болсо бизге эч ким зыян бере албайт.

10- Өкүл асыл сыяктуу. (Б.а., өкүлдүккө дайындалган адам да аны дайындаган адам сыяктуу.) Өкүлдүн көңүлүн оорутуу аны дайындаган адамдын көңүлүн ооруткандык болуп саналат. Өкүлгө каршы чыгуу асылга каршы чыгуу болуп саналат.

11- Амирге баш ийүү маанилүү. Бир денеде бир ооз болот.

12- Амир ким гана болбосун ага баш ийүү керек. Амирге баш ийүү - бул Пайгамбарыбыздын буйругу. Мурду кесик Хабашистандык кул болсо дагы, фасык жана фажир болсо дагы амирге баш ийүү - бул важип. Мунун тамашасы болбойт.

13- Амирдин кабары болбостон кылынган иш мешру болбойт. (Мешру - бул шариятка ылайык, макулдашылган деген мааниде.)

14- Максаттын бир болуусу өтө маанилүү. Ар кимдин тарткан кыйынчылыгы максатсыздыктан, белгисиздиктен болот. Максаттын биримдиги сүйүүнү арттырат. Максаты жок кемеге шамалдын пайдасы тийбейт.

15- Бир муштум сыяктуу болуу керек. Алаканачык болсо манжалары зыян көрөт. Муштум болсо зыян корбойт.

Кеңешүү, акыл жана ийгиликтин тоскоолу

1- Ар ким бир үйүрдүн чабаны сыяктуу. Чабан өз үйүрүнүн жоопкери болгондой эле ар бир мусулман дагы, бир киши болсо да кол астындагылардан жоопкер.

2- Жетекчи отуруп алса кол астындагылар жатып алышат. Баары тең башчыны карашат. Османлы падышалары аскер ордосунун башында турган чакта жеңиштерден жеңиштерге жүгүрүштү. Акыркы доорлордо башкаруу сарайдан жүргүзүлө баштаганда болгон иш болду.

3- Жетекчи кимге жоопкерчилик, милдет берген болсо ага толук ишенүүсү керек. Анын өзүнөн да туюмдуу, ыкластуу экендигине ишенүүсү керек. Бул кыйын иш, бирок, өтө жакшы. Момун киши мына ушундай болот.

4- Тартиби (дисциплинасы) бар бир бөлүк ордо тартиби жок чоң армиядан жакшы. Намазын окуган, буйругуна баш ийген жамият ар качан жеңиштүү болот.

5- Ийгиликтин сыры – суроо.

6- Ар нерсе сөз уккан адамга берилет. Ар нерсе ушул «ар нерсе»нин ичинде бар.

7- Жумушту билген адам эмес, макул, жарайт деген адам баалуу. Сөз укпаган канча билимдүү болсо да ийгиликтүү боло албайт.

8- Иштеринин туура жүрүүсүн каалаган киши өз алдында, өз билемдик менен кыймылдабашы керек. Акылдуулар менен кеңешүүсү (истишара кылуусу) керек.

9- Ким өз акылына карата чечим чыгарып иш кылса өкүнөт.

10- Адамдын напси «Менин дегеним туура, мен билемин, эч кимге муктаж эмесмин» дейт. Ошондуктан, Аллаху таала Расулуна: «Бир иш кыла турчу кезиңде досторуң менен истишара кыл!» - деп буюрууда.

11- Момун инсан истишара кылууда пайдасын ойлобойт. Сураган адам Аллах ыраазылыгы үчүн сурап, ага жооп берген адам дагы Аллах ыраазылыгы үчүн жооп берсе сырттан караганда жаңылыш болсо дагы Аллаху таала аны жакшылыкка айлантат, оңойт.

12- Акылыңды ташта, кутул, баш ий, бакытты тап!

13- Акылдуу адам акылын колдонот. Андан да акылдуу адам башкалардын да акылын колдонот.

14- Ийгилик деген эмне? Ийгилик – өлгөндөн кийин акыретте ишке жараган нерсе. Акыретте ишке жарабаса ал ийгилик эмес. Ийгиликке тоскоол – бул адамдын өзү, башкача айтканда,  өз акылына, напсине баш ийүүсү.

15- Жашы жана акылы өзүнөн төмөн болгондун насаатын кабылдоо бийик даражалуу болууга белги.

16- Хакты, туураны ким айтса айтсын кабылдаш керек. Айткан кишиге эмес айтылган сөзгө караш керек.

17- Аллах үчүн истишара кылса (кеңешсе) Аллаху таала эң жакшысын алдынан чыгарат. Истишара кылуу, акыл суроо напсини сындырат. Сурабоо напсини кутуртат. Эч бир адам илиминин көптүгү менен сыймыктанбоосу керек, себеби, андан да көп билгендер бар. Шайтан периштелердин устазы болчу. Бирок, ошончо илими аны куткара алган жок.

18- Башкалардын тарткан азаптарынан жана баштан өткөн жамандыктардан сабак алуу керек. Мына ушундай адамдардын насаат жана кеңештерине кулак салуу керек. Кыла турчу ишибизди мурда муну кылып көргөн, тажрыйбалуу адамдардан сурап кеңешүүбүз керек, себеби, алар өздөрүнө алда кача кымбатка түшкөн туура көз караш жана маалыматтарды сага бекер беришмекчи. Сөзсүз эле биздин башыбызга түшүүсүн күтүүбүз туура болбойт. Ал сөзсүз бизге да кымбатка түшөт.

Чынчылдык, сарамжалдуулук жана көп эмгектенүү

1- Амир ушудай адам болуш керек, кол астындагы адамдар Амир мени башкалардан да артыкча жакшы көрөт деген ойдо болушу керек.

2- Тозокко түшө турган адамды көргүсү келген адам – өзү отуруп, бирок,  башкаларды өйдө тургузуп койгон адамды карашсын!

3- Ишти ошол иштин адисине бериш керек. Адисине бербеген мындан жоопкер болот.

4- Жакшы себепке жармашкан жакшы натыйжа алат. Иштеп жаткан иштен натыйжа ала албасак күнөөнү өзүбүздөн издешибиз керек.

5- Ийгиликке жетүү үчүн ишениш керек.

6- Соодада тең-тайлаштарыбызды, дүнүйө өмүрүбүздө душмандарыбызды жеңил ойлобоо керек.

7- Төрт нерсе кичине болсо дагы аны төмөн көрбөө керек: 1-Оору, 2-От3-Душман, 4-Зыян.

8- Бир иштин алдын албоо текебердиктен.

9- Зыяндын кайсы жеринен болбосун баш тартуунун өзу да чоң пайда.

10- Алдыбыздан тоскоол чыкса аны ашам деп кыйналуунун ордуна аны айланып өтөлү.

11- Бош отургандарды Аллаху таала сүйбөйт. Бош отурганда ага шайтан жармашат.

12- Эмгектенүү - ибадат. Эмгек кылган мусулман - Аллаху тааланын досу.

13- Карыздарын төлөө, ар-намысын сактоо жана өлгөндөн кийин артында кала тургандарга мурас калтыруу үчүн мал-оокат таппаган адам кайырсыз адам. Өзүнө жана коомго зыяндуу.

14- Акчанын кеткен жерине жараша келген жерин билип алууга болот. Адалдан тапкан адалга, харамдан тапкан харамга кетет. Булар бири-бирине кетпейт.

15- Соодадаүч шарт бар: Сапат, баа, таттуу тил менен жарык жүз.

16- Ибадат үчүн даарат шарт. Соода үчүн чынчылдык шарт.

17- Ойлонуу менен ибадат болбойт. Отуруу менен соода болбойт. Челектен чыкпаган аары бал топтой албайт.

18- Соода шарттарына жараша кылынса жакшы болот. Сооданын шарты  болсо чынчылдык, алдабоо жана алданып калбоо. Тагыраак атканда, кул акысынан коркуу жана кул акысын коргоо.

19- Шашпаш керек. Шашкан адам ката кылат же болбосо каталуу жагдайга жакын болот. Оор басырыктуу кыймылдаган адам ал иште максаттына жетет же ага жакындайт. Шашкан шайтандан. Оор басырыктуулук, этияттуулук Рахмандан.

20- Көпчүлүк учурда шашылышка себеп болгон нерсе - бул дүнүйөлүк оокат топтоого берилип кетүү болуп саналат. Канаатчыл болуу керек. Канаат - бул түгөнбөгөн казына. Сарамжал жана канаатчыл бололу. Себеби, булар моюн бүгүп калуу зиллетинен да жеңил жана кайырлуураак.

21- Тобокел кылуу, Аллаху таалага ишенүү кеңешип туура себептерге бекем кармангандан кийин бош отуруп же жатып алуу дегендикке жатпайт. Бул Аллаху таалага жалбаруу дегенди билдирет. Катабыз, кемчилигибиз болушу мүмкүн, ниетибиз калыс болбошу мүмкүн. Бизди кечирүүсү, кайырлуусун ихсан кылуусу, ийгиликке жеткирүү үчүн жалбаруу дегенди билдирет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш